Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:24

Түз ободо Украина: Харьков тынымсыз аба соккусуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:09 7.9.2024

Иран согушта колдонуу үчүн Орусияга кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын жөнөткөнүн CNN "эки чалгындоо булагына" таянып билдирди.

Буга чейин АКШдагы жана башка Батыш өлкөлөрүндөгү расмий булактар Ирандын Орусияга ракета жөнөтүү ниети тууралуу эскерткен.

"Москва менен ракеталык келишимди ишке ашырууга даярдык бир жылга жакын созулду", - деп маалымдады CNN басылмасы.

Москва менен Тегеран буга комментарий бере элек.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабда басып кирген.

БУУнун маалыматы боюнча, эки жылдан бери уланып жаткан согушта Украинада он миңден ашуун адам набыт болуп, жыйырма миңге жакыны жараат алды.

15:09 7.9.2024

7-сентябрдын таңында Орусия Киевге кайрадан дрондор менен чабуул койгонун, алардын баарынын мизи кайтарылганын калаанын администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирди. Ачык аянттагы 50 чарчы метр жерде өрт чыгып, ал өчүрүлдү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, кыйроолор жок. Дрон сыныктары борбор калаанын төрт жеринен, анын ичинде турак жайдын короосунан табылды.

Орусиянын учкучсуз учактары Украинанын башка аймактарына да багытталды. Сегиз облуста абадан чабуул коркунучу жарыяланды.

Ушул күнү Орусиянын Воронежге жакын жерде учкучсуз учактын чабуулунан ок-дары сакталган кампада өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланганын Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев билдирди. Жабыркагандар жок.

18:27 6.9.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн көбүрөөк курал-жабдык берүүгө чакырды. Германиядагы Рамштайн авиабазасында өткөн Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунун жыйынында сүйлөп жатып, Зеленский союздаштардан Киевге Орусиянын аймактарын аткылоого уруксат берүүнү суранды.

“Бизге бул узак аралыкка сокку ура алгыдай потенциал бир гана Украинанын оккупацияланган бөлүгүнө эмес, Орусиянын аймагына да колдонуу үчүн зарыл. Муну менен биз Орусияны тынчтык жолуна ыктоого көндүрөт элек. Биз орус калааларын жана орус аскерлерин дагы аларга "Путин керекпи же тынчтыкпы?" деп ойлонууга мажбурлашыбыз зарыл”, - деди украин президенти АКШ баш болгон элүүдөй мамлекеттин аскердик лидерлери менен жолугушканда.

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Покровск шаарынын айланасында алдыга жылып баратканы кабарланууда. Москванын аскердик ийгиликтери украин күчтөрү туура бир ай мурда Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ушул күнгө чейин ал жакта аскердик операциясын улантып жатканына карабай уланууда. Киев билдиргендей, украин армиясы бир ай ичинде Орусиянын аймагынын 1300 чарчы чакырымын өз карамагына алды.

"Ошол эле маалда биз Курск облусунда алдыга жылып бараткан маалда, орус армиясы Украинадагы чабуулдарын улантууда. Орус армиясынын күчтүү бөлүктөрү Донецк облусундагы оккупацияланган аймакты кеңейтүүгө салынган. Бул Москванын так тандоосу. Путин Орусиянын коопсуздугун ойлобой эле, Украинанын көбүрөөк аймактарын басып алгысы келет", - деди Зеленский.

Зеленский буга чейин алар чек аралаш аймакта өз өлкөсүн коргоо үчүн буфердик зона түзүүнү көздөрүн айтып, Орусиянын жерин басып алуу максаты жок экенин баса белгилеген. Украин армиясы билдиргендей, алар Курскиде жүздөн көп калктуу конушту өз карамагына алышты. Ал арада орус күчтөрү Украинанын аймагын абадан аткылоону улантып жатат. 6-сентябрга караган түнү дрон жана ракеталар менен жасалган чабуулдан кеминде беш киши жараат алып, ондогон турак жайлар жабыркады. Кампада өрт тутанды. Орус бийлиги жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын билдирип келет.

13:30 6.9.2024

6-сентябрга караган түнү Орусия Украинага эки ракета жана 40тай учкучсуз учак менен сокку урду. Абадан коргонуу күчтөрү 27 дронду атып түшүргөнүн Украинанын Аскер аба күчтөрү билдирди. Абадан коргоо күчтөрү Киров, Кировград, Винница, Днепропетровск, Николаев, Чернигов, Харьков, Львов, Донецк ж.б. облустарда иштеп жатат.

Львовдо дрон чабуулунан өндүрүштүк зонада өрт чыкты. Бул тууралуу Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG