Башкы штаб майданда 151 жолу кагылышуу болгонун билдирди
Орусиялык аскерлер 6-сентябрга караган түнү Львов районун сокку уруучу дрондор менен аткылашты. Атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары өнөр жай зонасынын аймагына түшүп, өрт чыккан. Бул тууралуу Львов облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий маалымдады.
Анын айтымында, төрт жүк ташуучу унаа күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 32 өрт өчүрүүчү жана 6 техника катышып, өрттү бир жарым сааттан кийин өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок.
Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 6-сентябрга караган түнү Орусия Украинага эки ракета жана 44 сокку уруучу дрон менен чабуул жасады.
Мекеменин маалыматы боюнча, 6-сентябрь күнү эртең мененки саат 8ге карата абадан коргонуу системасы 27 сокку уруучу дронду атып түшүргөн. Анын ичинен 8 дрон Украина аймагында локациядан жоголгон. Алар радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын таасиринен улам түшүп калышы мүмкүн. Дагы бир дрон Орусия басып алган Донецк облусунун багытына кайтып кеткен.
Башкы штаб 5-сентябрдагы кечки кайрылуусунда фронтто бир сутка ичинде 151 жолу согуштук кагылышуу болгонун билдирди. Эң курч абал Покровск багытында сакталып турат, орус күчтөрү Курахов багытында да активдүү аракеттенүүдө.
Украинада жаңы тышкы иштер министри дайындалды
Орусиянын баскынчылыгына каршы 2,5 жылдан бери согушуп жаткан Украинанын өкмөтүндө маанилүү кадрдык өзгөрүүлөр болууда.
Украинанын парламенти 5-сентябрда тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын отставкасын жактырды. Анын ордуна Кулебанын мурдагы орун басары Андрей Сибига дайындалды. Тышкы саясий мекемени 2020-жылдан бери жетектеп келген башкы дипломаттын кызматынан кетери шаршембиде белгилүү болгон. Ошол эле күнү Жогорку Рада бир нече министрдин кызматтан кетүү тууралуу арыздарын карап, Кулебаныкын бейшембиге калтырган. Ал өзүнүн кызматтан кетүү ниетин комментарийлеген эмес.
"Суспильне" интернет басылмасынын жазганына караганда, украин президенти Владимир Зеленский “Эл кызматчысы” фракциясы менен жолугушууда министрге “курал-жарак алуу маселесин алдыга жылдырууга даремети жетпей жатканын” айткан.
Сибига адискөй дипломат, мурда Анкарадагы элчи болгон, Зеленскийдин администрациясында иштеген.
Украин парламенти вице-премьер Ирина Верещуктун отставкасын да жактырды. Ал президенттин кеңсесине өтөт деп күтүлүүдө.
Кызматтарынан өнөр жайдын стратегиялык тармактарын жетектеген Александр Камышин, юстиция министри Денис Малюська, айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Руслан Стрелец, европалык жана евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер Ольга Стефанишина жана башкалар кетишти.
Украинанын Жогорку Радасы 5-сентябрдагы жыйынында бошогон айрым министрлик кызматтарга жаңы адамдарды дайындады. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды.
Стратегиялык тармактар жана өнөр жай министрлигин мурдагы «Укроборонпромдун» жетекчиси Герман Сметанин ээледи.
Айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо министрлигин мурдагы энергетика министринин орун басары Светлана Гринчук жетектемей болду.
Жаштар жана спорт министри болуп Матвей Бедный дайындалды.
Агрардык саясат министрлигин мурдагы Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Виталий Коваль ээлейт.
Маданият жана маалыматтык саясат министрлигине дипломат Николай Точицкий дайындалды.
Ардагерлер иштери боюнча министр болуп мурдагы коргоо министринин орун басары Наталья Калмыкова келди.
Жамааттарды, аймактарды жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигине Алексей Кулеба дайындалды.
"Америка добушу" билдиргендей, кабинеттеги кадр алмаштыруу президент Владимир Зеленскийдин АКШга маанилүү сапары алдында зарыл болду.
Конституция боюнча Украина - парламенттик-президенттик жумурият. Өкмөттү парламентте көпчүлүктү алган партиялар курайт. Ушул тапта Жогорку Радада Зеленскийдин тарапкерлери көпчүлүктү түзгөндүктөн, министрлерди дайындоодо президент жана айланасындагылар чечүүчү роль ойношот.
Гросси: Запорожье АЭСиндеги мунараны бузуу зарыл болот
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Рафаэл Гросси Запорожье АЭСиндеги сууну муздаткан мунараны (градирня) келечекте бузуу зарыл болорун айтты. 11-августта станция өрттөн зыянга учураган. Гросси 4-сентябрда Орусия оккупациялаган АЭСке барып көргөн.
“Бүгүнкүгө чейин зыяндын масштабын баалоо үчүн бул жерге чейин чыга алган эмеспиз. Бул чоң конструкция болочокто пайдаланууга жарабайт, ошондуктан аны бузуп салууга туура келчүдөй”, - деп жазды Гросси Х социалдык тармагына жарыялаган видеодо.
11-августтагы өрт тартылган видеону украин президенти Владимир Зеленский социалдык тармактарга чыгарган. Тараптар өрт үчүн бири-бирин айыпташкан. Москва Украинанын армиясы дрондор менен чабуул койгондо өрт тутанганын айтып келди. Киев Орусия шалаакылык кылган же атайлап өрт койгон деп билдирген.
Гросси кийинчерээк өрт АЭСтин өзөктүк коопсуздугуна таасир этпегенин айткан. Ошол эле маалда кырсыктын тобокелдигин көбөйткөн чабуулдарды токтотууга чакырган.
Европадагы эң чоң атомдук станция 1981-жылы курулган. Анын кубаты 6000 МВтты түзөт.
Орусия Украинага каршы согуштун алгачкы күндөрүндө ишкананы ээлеп алган. Ал жакта украиналык кызматкерлер иштеп жатканы менен, АЭСти орусиялык “Росатом” корпорациясы көзөмөлдөйт.
Ушу тапта станция электр энергиясын иштеп чыкпайт, аткылоолордон кийин реакторлорунун иши токтотулган.
Орус аскерлери бейшембиге караган түнү Украинага дрондор менен чабуул койду. Киевдин мэри Виталий Кличко жана шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Попко эртең менен тургундарга башкалкалоочу жайлардан кетпей турууну эскерткен.
Натыйжада көчөлөрдө тыгындар, метро, автобус аялдамаларында узун кезектер пайда болду. Шаар бийлиги дрондордун бардыгы атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирди.
Орусиянын куралдуу күчтөрү пилотсуз учактар Чернигов, Киев, Сумы облустарына багыт алганын маалымдашкан. Чабуулдун кесепети тууралуу кабарлана элек.
Ал арада Беларустун Коргоо министрлиги дрондор деп болжолдонгон жабдуулар чек араны бузганын, бардыгы жок кылынганын билдирди.
Ага чейин Телеграм-каналдар Орусиянын Украинага багытталган «Шахед» дрондорунун бир нечеси Беларуска учуп киргенин жазышкан. Маалыматка караганда, кыргын салуучу учактар асманга көтөрүлдү, жардыруулардын добушу угулуп, өрт өчүрүлүп жатты.
Эки дрон Гомелди көздөй учканы маалымдалды. "Флагшток" каналы жазганына караганда, аппараттын сыныктары түшкөндө эки жерде чакан өрт тутанып, тез эле өчүрүлдү. Маалыматка караганда, 2022-жылдан бери сыноодон өткөрүлүп келген элге эскертүү берген система дрон чабуулу маалында иштеген жок.
Мындан бир жума мурун, 29-августта Украина тараптан учуп кирген дрон атып түшүрүлгөнүн "Беларускі Гаюн" Телеграм-каналы жазган.