Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41
Орусия, Москва. Яблочков көчөсүндөгү келишим боюнча аскер кызматына тандоо пунктунун алдында отургандар. Иллюстрация
Орусия, Москва. Яблочков көчөсүндөгү келишим боюнча аскер кызматына тандоо пунктунун алдында отургандар. Иллюстрация

WSJ: Орусиянын армиясына киши жетпей жатат

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:01 3.9.2024

Украинанын Запорожье аймагында орус армиясынын 3-сентябрга караган түнү жасаган чабуулдарынан эки адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды. Бул тууралуу Запорожье облустук аскер башкармалыгынын башчысы Иван Федоров билдирди.

“Тилекке каршы, эки адам, анын ичинде сегиз жаштагы бала каза тапты. Дагы эки адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз жарадар болду. Ал азыр реанимацияда. Душмандын чабуулунун натыйжасында имарат жарым-жартылай талкаланган”, - деп жазды Телеграмм-каналына.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарына ар кандай курал-жарактар анын ичинде учкучсуз учактар, ракеталар менен байма-бай чабуул жасап жатат.

10:29 3.9.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Курск облусунда 600дөн ашуун орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал Киевде Нидерланддын премьер-министри Дик Схоф менен бирге өткөн брифингде айтты. Буга Орусиянын Курск облусундагы август айындагы салгылашуулардын натыйжасында жетишилгенин кошумчалады.

"Курск операциясы жана алмашуу боюнча. Алмашуу фонду толукталып жатат жана алмашуу жүрө баштады", – деди ал.

09:47 3.9.2024

Орусияда Украинанын соккусунан кийин күйө баштаган мунай базасындагы өрт эки аптадан кийин гана өчүрүлдү. Ростов облусундагы Пролетарск шаарында жайгашкан базада өрт дрон чабуулунан кийин 18-августта башталган, ал толук өчүрүлүп бүткөнүн 2-сентябрда өзгөчө кырдаалдар мекемесине таянып ТАСС маалымдады.

Өрт он миңдеген чарчы метрге жайылганы, жарылуу коркунучу жок экени, зыян зат жайылбаганы жана тегеректеги калкты эвакуациялоо зарылчылыгы жок экени кабарланган.

Дизелдик май куюлган жыйырма чакты цистерна күйгөнү айтылып, шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Беш күндөн кийин өрттөнүп жаткан мунай базасы кайрадан чабуулга кабылган.

Орусия бул соккулар үчүн Украинаны айыптаган. Украин тарап чабуулдарын тастыктап, Орусиянын «аскердик-экономикалык мүмкүнчүлүгүн алсыратуу» максаты коюлганын билдирген.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүн улантып келүүдө. Орус бийлиги "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтууда.

18:28 2.9.2024

Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Сумыдагы соккуда жабыркагандар 18ге жеткенин билдирди. Маалыматка караганда, анын алтоо балдар. Буга чейин Сумынын полициясы 13 адам жабыркаганын, анын ичинде төртөө бала экенин билдирген.

1-сентябрда орус аскерлери балдардын социалдык-психологиялык реабилитациялоо борбору жана балдар үйү жайгашкан билим берүү мекемесине сокку урган. Имарат жарым-жартылай талкаланып, өрт чыккан. Жардыруудан жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө зыян келтирилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG