Украина жана Орусия ар бири 90дон согуш туткунун айырбаштады. 25-июндун кечинде Украина Улуттук гвардиясынын жоокерлерин, аскер кызматкерлерин жана чек арачыларын, жалпы 90 кишисин Орусиядан кайтарып алганын өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Бул жолку туткун айырбаштоого да Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ортомчу болуп беришти.
Украинанын координациялык штабынын маалыматына караганда, мекенине кайткан жоокерлер арасында Мариуполду коргоого катышкан 59 адам бар, алардын 52си "Азовсталь" ишканасын коргоп жатып туткунга түшкөн.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында туткундан кайткандар дарылоого жана реабилитацияга жөнөтүлөрү гана айтылды, алар кимдер экени кабарланган жок.
Буга чейин эки өлкө ортосунда БАЭнин ортомчулугу менен туткун айырбаштоо 31-майда болгон. Анда Украинанын 75, Орусиянын да 75 жараны бошотулган. Ошол эле күнү Украина каза болгон 212 жоокеринин, Орусия 45 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп алган.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты орус аскерлери 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейинки аралыкта эле туткундагы украин жоокерлеринин кеминде 32син өлтүргөнүн билдирген. БУУнун эксперттеринин сурамжылоосуна катышкан 44 орусиялык согуш туткуну Украинанын абагында кандайдыр бир ырайымсыз мамилеге кабылганы тууралуу айтышкан эмес, колго түшкөн учурда же абакка жеткирилип баратканда гана кыйноого кабылганын билдиришкен.
Украина орус аскерлеринин кылмыштары, анын арасында туткундагы украиндерди өлтүргөнү тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Орус тарап бул боюнча комментарий берген эмес.
Согуш туткунун өлтүрүү эл аралык укук тажрыйбасында согуш кылмышы катары бааланат.
Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги айрым аймактары дрон чабуулуна кабылганын билдирүүдө. 25-июнда Воронеж, Белгород жана Курск облустары бутага алынганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдап, Украинаны айыпташты.
Воронеж облусунун башчысы Александр Гусевдин айтымында, Ольховатский районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды, район аймагына кирип-чыгууга убактылуу чектөө киргизилди, ал жерде «жарылуучу объектилер детонация болду», адамдар арасында жабыркагандар жок. Түндө Гусев облус аймагында украин аскерлери учурган эки дрон токтотулганын жазган.
Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы орус армиясынын «курал-жарак сакталуучу көчмө курамы» жок кылынганын маалымдады. Мекеме «Түндө снаряд сакталуучу жалпы аянты 3500 чарчы метрлик жерде детонация болуп, өрт чыкты» деп кабарлады.
Белгород облусунда бир аял каза болгонун, ал жашаган үй кыйраганын аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Түндө ал облус аймагы дрон чабуулуна кабылып жатканын, бир нече киши жараат алганын, көп кабат үйлөр, бир автосалон, дүкөндөр жана машиналар талкаланганын жазган.
Орусиянын Коргоо министрлиги жалпысынан өткөн түнү 30 согуштук дронду токтотуп калышканын маалымдады.
Курск облусунун губернатору Алексей Смирнов Суджа шаары аткыланып, натыйжада бир аял жараат алганын билдирди. Облус башчысынын айтымында, дагы бир жергиликтүү тургун жүрөгү кармап, ооруканага жеткирилди, үч үйдө өрт чыкты.
Орусиянын Украина менен чектеш аймактары Москва 2022-жылы толук масштабдуу согуш ачкандан кийин түрдүү соккуларга кабыла баштады, мындай чабуулдар соңку кезде көбөйүүдө. Украина президенти Владимир Зеленский 22-июндун кечиндеги теле кайрылуусунда Батыштагы өнөктөштөргө Украинанын абадан коргонуу системасын бекемдөөгө көмөктөшүү өтүнүчүн дагы бир жолу кайталап, Орусиянын согуштук учактарын «кайсыл жактан учурулуп жатса, ошол жерден жок кылууга» мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.
Украинанын бийлиги Харьковдо Орусиянын соккусунан кийин бир катар жардыруулар болгонун билдиришти.
Харьков облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов шаарга авиабомба менен сокку урулганын жарыялады.
«Оккупанттар жарандык инфраструктурага башкарылган авиабомба менен сокку урду. Ушул мүнөттөргө карата жабыркагандар жок», — деп жазды Синегубов Telegram каналына.
Харьковдун мэри Игорь Терехов шаардын эң чоң райондорунун бириндеги турак жайга сокку урулганын маалымдады.
"Баштапкы маалыматтар боюнча каза болгондор жана жабыркагандар жок. Көп кабаттуу үйлөргө зыян келтирилде", — деди ал.
Орус тарап Харьковдогу чабуул тууралуу комментарий бере элек.
“Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Бекназар Бөрүгул уулунун жаза мөөнөтү кыскартылып, абактан чыкканы белгилүү болду. Нарын облустук сотунун маалыматына ылайык, президенттин 2024-жылдын 31-январындагы “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы боюнча Бекназар Бөрүгул уулунун беш жылдык жазасы төрт жыл эки айга азайтылып, ырайым кылынган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Украинадагы согушка катышып келген деген шек менен Бекназар Бөрүгул уулун 2023-жылдын август айында кармаган.
Нарын шаардык соту аны былтыр 5-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен.
Нарын облустук соту 2023-жылдын 7-декабрында бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Украинадагы согушка катышкан деген айып менен Кыргызстанда буга чейин да сот жообуна тартылгандар болгон. 2023-жылы 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон. Жогорку сот былтыр августта Бишкек шаардык жана райондук соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.
Быйыл январь айында Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошоткон. Тыюу салуу чаралары дароо күчүнө кирбегендиктен, ал Казакстан аркылуу Орусияга чыгып кеткен. Ал апрель айында орусиялык журналисттерге курган маегинде орус жарандыгын жана ал жактан убактылуу башпаанек алуу үчүн документтерин тапшырганын билдирген. Андан көп өтпөй Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ирина Волк Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүү маселеси “белгиленген тартипте” чечилерин билдирген.
Жакында эле ал орус армиясы менен жаңы келишим түзүп, кайра согушка кете турганы белгилүү болду.
Ош облусунун Араван райондук соту ушул жылдын 10-майында Украинадагы согушка Орусиянын аскерлеринин катарында катышкан деген шек менен М.у.К. аттуу адамды беш жылга абакка кескени такталды.