Орус аскерлери Украинанын борбордук аймагындагы энергетикалык объектиге түн ката чабуул жасаганын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Украинанын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, Львов облусунда Орусиянын түнкү чабуулунан электр жабдуулары бузулуп, 285 эсепке алуу түйүнү жарактан чыккан.
Маалыматка караганда, 19-июнга караган түнү орус аскерлери "Шахед" үлгүсүндөгү 21 учкучсуз учак менен Украинага чабуул койгон. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, украин аскерлери Херсон, Николаев, Днепропетровск, Кировоград, Хмельницкий жана Львов облустарында 19 учкучсуз учакты атып түшүргөн.
Украинанын энергетикалык объектилерине акыркы айларда Орусиянын ракеталары жана учкучсуз учактары үзгүлтүксүз чабуул коюуда.
Согуштун башынан бери Москва аскердик жайларды бутага алганын айтып, карапайым эл арасындагы жоготууларды, жарандык инфраструктуранын жок кылынганын комментарийсиз калтырууда.
Швейцариядагы Бюргеншток курортуна чогулган ондогон дүйнөлүк лидерлер тынчтык саммитинин 2-күнүндөгү - 16-июндагы жыйынында Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсүн айыптоо боюнча консенсуска жетишүүгө үмүттөнүүдө.
Украинанын демилгеси менен өтүп жаткан Глобалдык Тынчтык саммитине Орусиянын катышпай турганы, Кытайдын баш тартуу чечими сыяктуу эле, кандайдыр бир жылыш болот деген үмүттү өчүргөнү айтылууда.
Саммиттин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин ок атышууну токтотуу боюнча катаал шарттарды койгон. Анын ичинде Украина орустар басып алган төрт аймакты гана эмес, Украинанын көзөмөлүндөгү аймактарды да берүүгө тийиштигин талап кылган. Муну Киев жана анын Батыштагы колдоочулары дароо четке какты.
Саммиттин алгачкы күнүндө сүйлөп жатып, украин президенти Владимир Зеленский дүйнөгө эки күндүк саммитте "согушту чогуу токтотууга жана акыйкат дүйнө орнотууга болорун" жеткире алганын айтты.
Тынчтык саммитин демилгелеп жатып, Зеленский Украинанын айланасындагы кырдаалга - Орусиянын баскынчылыгына болушунча көп өлкөлөрдүн көңүлүн бурууга аракеттенди.
Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнөн өкүлдөр барганы же барбаганы белгисиз. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский чөлкөмдүн лидерлерин саммитке катышууга чакырган. Расмий Бишкек Швейцарияда өтө турган Тынчтык саммитине катышпай турганын 15-июнда билдирген.
Саммитте Киевдин согушту токтотуу тууралуу талап-шарттары, украин президенти Владимир Зеленскийдин 10 пунктан турган "тынчтык формуласы" деген аталыштагы сунуштары талкууланат.
Анда негизинен орус аскерлеринин Украинанын 1991-жылдагы чек арасынан, анын ичинде Крымдан толук чыгып кетиши, Орусиядагы согуш кылмышкерлеринин үстүнөн эл аралык сот жараянын жүргүзүү, Москвага репарация төлөтүү өңдүү шарттар бар.
Москва буга чейин Орусия катышпаган саммиттен эч кандай пайда жоктугун айткан. Орусиянын президенти Владимир Путин 14-июнда согушту токтотуу тууралуу Москванын өз шарттарын жарыялаган.
Анда Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан украиналык аскерлердин толук чыгышы, Киевдин НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу өңдүү талап болгон. Путин ошондо гана чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого даяр болорун билдирген.
Украин президенти Владимир Зеленский өлкөнүн коргоо системасын бекемдөөгө жана согуштан кийинки калыбына келтирүүгө миллиарддаган евролук жардамга үмүттөнөрүн бул күндөрү Германиянын борбору Берлинде өтүп жаткан конференцияда билдирди.
Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүп келаткан Украинаны калыбына келтирүү маселесин талкуулоо үчүн уюштурулган, 60тан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдун өкүлү, жалпысынан 2 миңдей саясатчы, бизнесмен катышкан эки күндүк конференция бүгүн 12-июнда жыйынтыкталууда.
"Биз бул конференциядан өлкөбүздүн коргонуусу, Украинада аскердик техника жана курал-жарак өндүрүү, жаңы жана заманбап энергетикалык система куруу үчүн миллиарддаган евролук келишимдер менен кетебиз", - деди Зеленский.
Анын айтымында, Орусиянын чабуулдарынан кыштан бери Украинанын электр кубатын өндүрүү потенциалынын жарымы жок кылынды.
Зеленский Украина абадан коргонуу системаларына муктаж экенин белгилеп, "Орусиянын Украинага караганда эң чоң стратегиялык артыкчылыгы - асмандагы артыкчылыкка ээ болуп турганы. Дал ракеталык жана бомбалык террор орус аскерлерининин жердеги алдыга жылышына жардам берүүдө", - деп кошумчалады.
Украина маселеси Швейцарияда 15-16-июнга пландалып жаткан саммитте да талкууланат. Анда Орусия менен туткун айырбаштоо, азык-түлүк коопсуздугу жана өзөктүк коопсуздук маселелери негизги темалардан болот. Тынчтык саммитине 90го жакын өлкө жана уюм катышканы жатканын 10-июнда Швейцариянын президенти Виола Амхерд билдирди. Анын айтымында, катышуучулардын жарымына жакыны мамлекет жана өкмөт башчылары.
Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.
Украин бийлиги Орусиянын агрессиясын токтотуунун негизги жолу украин аймагына каршы колдонуп жаткан курал-жарагын Орусиянын өзүнүн аймагынан жок кылуу экенин айтып келет. Батыш Украинага берген курал-жарак менен Орусиянын аймагын бутага алууга уруксатын жакында гана берди. Москва жооп болорун эскертти. (
Венгрия НАТОнун Украина боюнча чечимдерине каршы чыкпайт, ошол эле учурда альянстын Киевге Орусия менен кармашы үчүн көрсөтүп жаткан жардамына да катышпайт. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.
НАТОнун украиналык аскерлерге берилип жаткан жардамдагы ролун жогорулатуу максатында июлда Вашингтондо өтүүчү саммитин утурлай Столтенберг уюмга мүчө өлкөлөрдү кыдырып, колдоо издөөдө.
Будапештте Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал Вашингтондо Украинаны узак мөөнөттүү каржылоо, аны көзөмөлдөө боюнча чечимдер кабыл алынарын, Венгриянын бул ишке катышпоо позициясына каршы эмес экенин айтты.
Өз кезегинде, Орбан НАТОнун Украина боюнча чечимдери Венгриянын көз карашынан айырмаланып турарын, бирок альянстын башка мүчөлөрүндө колдоого ээ экенин, бут тосуу болбой турганын белгиледи:
«Бүгүн биз Венгрия украин-орус согушундагы аракеттерге катышпай турганына, акчабызды да, адамдарыбызды ды жөнөтпөшүбүзгө, Венгрия аймагы кайсы бир кийлигишүү үчүн колдонулбай турганына кепилдик алдык».
2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан бери Орбандын Кремль менен мамилесин бекемдеши, Европа Биримдигинин Москвага каршы санкцияларына, Украинага курал-жарак жөнөтүүгө кошулбай койгону Брюсселдин нааразылыгын жараткан.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын агрессиясына кабылган жылы Батыш өлкөлөрүнөн бул альянска тездетилген шартта кабыл алууну өтүнгөн. НАТОго кириш үчүн анын бардык мүчөлөрүнүн макулдугу (азыркы тапта 32 өлкө) талап кылынат, бүгүнкү күндө алардын 23үнүн расмий колдоосу бар. Бирок НАТОго мүчөлүктүн шарты боюнча, талапкер өлкө согуш абалында болбошу керек. Украин бийлиги, ошондуктан, согуш аяктагандан кийин кыска аралыкта кабыл алынарына үмүттөнүүдө.