Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25
Одесса.
Одесса.

Түз ободо Одессада баллистикалык чабуулдан төрт киши каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:43 7.6.2024

Украинанын Орусия оккупациялап алган Луганск шаарына жасалган ракеталык соккудан үч кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей 35тей киши жабыркады. Арасында үч бала бар.

ТАСС агенттиги жазгандай жардыруулар түш ченде болгон. Өздөрүн "Луганск Элдик Республикасы" же "ЛЭР" деп атап алган түзүмдүн маалымат катчысы Анна Романова билдиргендей, украин армиясы кеминде алты ракета, болжол менен ATACMS менен чабуул койгон. Орусиянын Коргоо министрлиги алардын төртөө атып түшүрүлгөнүн, бир ракета эки турак жайга тийгенин маалымдады.

Орусиялык маалымат агенттиктер 10дон көп үй жана дүкөн талкаланганын жазышты. Орусия оккупациялап алган аймактын бийлиги кабарлагандай, эки мектеп, үч бала бакча, коллеж жана университеттин корпусу жарактан чыкты.

Калаада жарым-жартылай жарык жана суу жок. Украин бийлиги чабуул тууралуу комментарий берген жок.

Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын аймагына дрондор менен соккулар тынбай урулуп келет. Апрель айынын башында дрондордун чабуулуна Украинадан 1200 чакырым алыс Татарстандагы дрон чогулткан завод да кабылган. Москва бул кол салууларды Киевден көрөт. Украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга расмий комментарий бербейт. Орусиянын чек арага чектеш Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго дуушар болууда.

Ал эми Орусиянын армиясы 7-июнга караган түнү Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен жапырт сокку урганы кабарланды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, 53 жанкечти-дрондун 48и абадан атып түшүрүлгөн.

Андан тышкары орус армиясы соңку чабуулда беш канаттуу ракета колдонгон. Маалыматка караганда, алардын баары маанилүү инфратүзүмдөрдү бутага алууга багытталган.

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Руслан Кравченко билдиргендей, украин баш калаасында сиреналар төрт саат тынбай жаңырды.

“Аба чабуулдун жыйынтыгында облустагы өндүрүш жайлардын биринде өрт тутанды”, - деди ал. Башка кошумча маалымат берилген жок.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык жайларга сокку урганын мойнуна албай, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет.

Ошол эле учурда Орусиянын аймагы да дрондордун кезектеги чабуулуна дуушар болду. Расмий Москва маалымдагандай, 7-июнга караган түнү аннексияланган Крым жана Белгород менен Ростов облустарында 28 дрон атып түшүрүлгөн.

Бул чабуулдарды Кремль Киевден көрөт, украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга комментарий бербейт. Батыш мамлекеттери жакында эле Украинага Орусиянын аймагына алардын куралын колдонуп сокку урууга уруксат берген. Москва “ассиметриялык жооп” болорун эскертти.

21:58 5.6.2024

Орусияда аскердик сот казармада граната жардырган Дмитрий Лобовиковду 23 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести.

Жазасынын алгачкы беш жылын ал абакта отурмакчы. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына шилтеме менен ТАСС кабарлады.

Арачылар сотунун чечиминин негизинде мобилизацияланган Лобовиков адам өмүрүнө кол салуу аракети, эки же андан көп кишини өлтүрүү, ден соолукка жеңил же орто зыян келтирүү, мүлктү атайылап жок кылуу жана жардыргыч затты мыйзамсыз сактоо үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага айып пул салынды жана кенже сержант деген чинден ажыратылды.

Лобовиков Белгород облусундагы аскердик бөлүктө взводдун командири болчу. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал былтыр 14-январга караган түнү спирт ичимдигин ичкенден кийин нөөмөттө тургандарды текшерүүнү чечкен. Аскерлерди ойготуп, гранатаны алып чыккан, кийин аны башка взводдун жоокерлери уктап жаткан бөлмөгө ыргыткан. Гранатанын айынан бир нече газ баллону жарылганда жети аскер каза таап, 16 киши жараат алган.

Лобовиковдун адвокаттары кырсык болгонун айтып келет. Алардын маалыматында, ал Украинадагы согушта чабуул коюучу отрядда кызмат өтөгөн жана тажрыйбалуу аскер болчу.

20:48 5.6.2024

Украинада мобилизация туралуу мыйзамдын алкагында кош жарандыгы же башка өлкөдө убактылуу жашоо укугу бар, армияда кызмат өтөө курагындагы эркектерди чет жакка чыгарбай калышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Андрей Демченко маалыматты тастыктады.

Украиналык айдоочулар ТикТокко маалыматты бышыктаган видеолорду жайгаштырууда. Айрымдары мурда чек арадан маселесиз өтүп келишкенин айтышат.

Жаңы эрежеге АКШнын Киевдеги элчилиги реакциясын билдирип, кош жарандыгы бар украиналыктар үчүн маалымат жарыялады. Элчилик эскерткендей, АКШ жана Украина жарандыгы бар 18-60 жаштагы эркек кишилер, арасында Комшо Штаттарда жашагандар да мындан ары Украинадан чыга албайт.

Май айында Украинада мобилизация жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 18-60 жаштагы эркектер армияны толуктаган атайын борборлордо (мурдагы аскердик комиссариаттар) жеке маалыматтарын 60 күндүн ичинде жаңыртууга тийиш. Андай болбосо, ага издөө жарыяланып, айып пул салынышы мүмкүн.

20:48 5.6.2024

Украинанын башкы прокурору Андрей Костиндин билдиргени боюнча, Москва 2022-жылдын февралында кол салгандан бери орусиялык аскерлер кеминде 61 украиналык согуш туткунун өлтүрдү.

Бул тууралуу «Свобода» радиосу жазды. Прокурор украин бийлиги маалыматты бышыктаганын, 27 кылмыш иши тергелип жатканын, бир өкүм чыкканын, бир нечеси сотко өткөнүн айтты.

Маалыматка караганда, Орусия туткунга алган 2200 украиналык жоокер жабырлануучу деп табылды. 500дөн көбү аларга сурак маалында күч колдонулганын, анын ичинде электр тогу менен зомбулук көргөзүшкөнүн айтып беришкен. Костиндин сөздөрүнө ылайык, украиналык туткундар адам чыдагыс шартта кармалууда, көбү кыйноолорго, уруп-сабоого дуушар болууда. Украинче сүйлөгөндөрү үчүн медициналык жардам көргөзүлбөгөн учурлар катталган.

Башкы прокурор ошондой эле украин бийлиги Орусиянын 25 регионунда украин туткундары зордук-зомбулукка такай кабылган кеминде 25 жайды аныктаганын кошумчалады.

Бир нече күн мурда орусиялык Телеграм-каналдар Харьков облусунда украиналык туткундар кордолгон видеону жарыялашкан. Орусиялыктар украин аскерлерин көздөрүн таңып алып баратышканын, СССРдин гиминин күчкө салып ырдатышканын, сабашканын, өлтүрөбүз деп коркутушканын көрүүгө болот.

Украин парламентинин адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец буга байланыштуу эл аралык органдарга кайрылды.

Колго түшкөн же туткундалган украин аскерлеринин көзүн тазалоо тууралуу маалыматтар акыркы мезгилде көп эле чыгып жүрөт.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бир нече айда ошондой ондон ашуун окуя ырасталган деп эсептейт.

Муну менен катар Украина туткунга алган орусиялык аскерлерге жасалган мыйзамсыз мамиле жана аларды өлтүрүү ыктымалдыгы тууралуу кабарланып келет. Киев андай маалыматтар иликтенерин билдиргени менен алар эмне менен аяктаганы кабарланган эмес.

БУУ эки тарап тең Женева конвенциясын бузган учурлар катталганын баяндаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG