Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 51 679 орусиялык набыт болгонун чогуу аныктап чыкты.
Ага ылайык, набыт кеткендердин 6159у мобилизацияга тартылгандар, 10,5 миңден көбү абактан согушка жөнөтүлгөндөр.
Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсеге көп.
Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылышат.
АКШнын Коргоо министрлиги Украинага баасы 6 миллиард долларлык аскердик жабдык, ок-дары жөнөтүлөрүн билдирди. Бул Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден берки Вашингтондун Киевге көрсөткөн бир жолку ири жардамы болуп калмакчы.
Жабдыктардыр арасында Patriot абадан коргонуу комплеси үчүн ракеталар бар, бирок бул жолку жардамга комплекстин өзү кирген эмес.
АКШнын президенти Жо Байден 24-апрелде Украинага дээрлик 61 млрд доллар жардам берүү мыйзамына кол койгон.
Вашингтон курал-жарак Украинага ушул жумада жеткириле баштарын билдирген. Бир миллиард долларлык биринчи пакетке абадан коргонуу күчтөрү, артиллерия, ракета системалары үчүн ок-дары жана бронетехника болгон.
Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон.
Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет.
Украинада Орусиянын чабуулунан фронтко жакын аймактарда адамдар жараат алганын бүгүн 26-апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Балаклея шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан темир жол вокзалынын имаратында терезе, чатыр талкаланды, жараат алгандардын саны 11ге жетти.
Донецк облусунун аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин Донбасста 25-апрелдеги чабуулдан беш кишинин өмүрү кыйылганын, сегиз киши жараат алганын билдирди.
Днепропетров, Николаев, Запорожье жана Одесса облустары да орус аскерлеринин соккусуна кабылганы маалымдалды.
Бүгүн 26-апрелде «Рамштайн» форматындагы кезектеги жолугушуу онлайн форматта өтөрүн, анда Украинага аскердик жардам жөнөтүүнү тездетүү маселеси караларын украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Бул форматка Украинанын 50гө жакын союздашы мүчө.
25-апрелде Киевде Улуу Британиянын каржы министри Жереми Хант менен жолугушууда, Зеленскийдин айтымында, Орусияга каршы санкция саясаты талкууланды.
Орусия Украина менен согуштан улам жер которгон балдардын маселесин биринчи жолу түз талкууланганын билдирди. Катардын арачылыгы менен Доха шаарында өткөн сүйлөшүүгө катышкан Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Белованын айтымында, Украинага 29 бала, Орусияга 19у жөнөтулөт, тизме түзүлүп бүттү.
Бирок украин тараптын өкүлү, парламенттин адам укуктары боюнча комиссары Дмитрий Лубинец Дохадагы кездешүүдөн кийин бул маалыматты бышыктоодон баш тартты. Ал эки өлкөнүн «бул маселе боюнча түз байланышы жок» деп кошумчалады. Бул тууралуу АFP агенттиги жазды.
Киев Москваны 19 минден ашуун украиналык баланы күчтөп чыгарып кеткени үчүн айыптап келатат. Львова-Белова бул маалыматты жалган деп четке кагууда.
Январда Лубинец согуш башталгандан бери 517 бала жана 2828 чон киши кайтарылганын билдирген. Былтыр декабрда Львова-Белова андан мурдагы жылы фронттун сызыгы өзгөргөндө жакындарынан бөлүнүп калган жеткинчектер үй-бүлөлөрүнө кайтканын айткан. Украинага кайтарылган балдар тууралуу ал акыркы жолу быйыл 21-мартта маалымдаган. «Коммерсантъ» гезити ошондо беш украиналык жана бир орусиялык бала тууралуу жазган.
Киев жеткинчектер орус аскерлери басып киргенден кийин ээлеп алган аймактардан депортацияланганын айтса, Москва аларды коопсуздук үчүн эвакуациялашканын билдирип келет.
Былтыр мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту президент Владимир Путин менен Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар Украинадан «балдардын мыйзамсыз депортациясына байланышкан согуш кылмышы үчүн жооптуу болушу ыктымал» деп айтылган. Орусия ал соттун юрисдикциясын тааныбайт.
АFP маалымдагандай, 2023-жылдын июлунан бери Катар украиналык ондогон баланы орус армиясы оккупациялаган аймактарынан кайтарууга жардам берген.