Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл
Сумы, Глухов. 19-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Украина: Сумыдагы соккунун курмандыктары көбөйдү

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:39 24.4.2024

Шаршемби күнү таңга маал орусиялык ракеталар Украинанын экинчи ири шаары Харьковдо турак жайларга тийип, алты киши жарадар болгонун губернатор Олег Синегубов Телеграм-каналына жазды.

“Мен үйдө болчумун, уктап аткам. Эки сокку урулду. Биринчисинен кийин терезелердин бардыгы күбүлүп түштү. Айнек колумду тилип кетти. Сыртка чыгайын дегенде экинчи сокку болду. Эшикти учуруп кетти. Кантип качып чыкканымды билбейм”, - деп айтып берди Рейтер агенттигинин кабарчысына Александр аттуу жергиликтүү тургун.

Губернатордун билдирүүсүнө караганда, чабуулдан шаардын борбордук районунда үч турак жай, эки кеңсе, эл жашабаган үч имарат жана бир газ түтүгү зыян тартты.

Көптөгөн далилдерге карабай, Москва согуштун башынан бери Украинадагы жарандык жайларды жана карапайым элди бутага албаганын айтып келатат.

Синегубов 568 терезе талкаланганын жана 33 унаа жараксыз болуп калганын кошумчалады.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов жергиликтүү телеканалга айтып бергенине караганда, чабуулдар эки S-300 ракетасынан коюлган, турак үйлөргө олуттуу зыян келтирилген жок.

Шаршемби күнү орусиялык РИА мамлекеттик маалымат агенттиги орус күчтөрүндөгү аты аталбаган булактарга таянып, сокку Харьковдун украин аскерлери жайгашкан кварталдарга урулганын билдирди.

Маалыматты тараткан Рейтер бул кабарларды өз алдынча текшере албаганын жазды.

Орусия Харьковду бир нече жумадан бери аткылап, улам чабуул коюп келатат.

16:35 24.4.2024

Смоленск облусунда украиналык дрон соккуларынан отун-энерегетикалык комплекстин бир нече жайында өрт чыкты. Бул тууралуу облус губернатору Василий Анохин билдирди. Анын айтымында, өрт Смоленск жана Ярцев райондорунда тутанган, жабыркагандар болгон жок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кесепеттерди жоюуда.

Жергиликтүү тургундар Ярцев районундагы мунай иштетүүчү завод чабуулга кабылганын айтып беришти. Күбөлөр Смоленскидеги мунай ишканасы өрттөнгөнүн маалымдашкан.

Astra Телеграм-каналы бир же андан көп учкучсуз учак Раздорово айылындагы мунай базасына тийгенин жазды.

Жыл башынан бери украиналык дрондор Орусиядагы 18 мунай иштетүүчү заводго зыян келтиргенден кийин өндүрүш дээрлик 14 пайызга азайган.

Мартта “Роснефттин” Рязандагы ишканасына, Нижний Новгород облусунда “Лукойлдун” заводуна сокку урулган. Экөө тең Москваны бензин менен камсыздаган Орусиядагы ири мунай иштетүүчү заводдорго кирет.

Киев энергетикалык объектилерди бутага алганын расмий билдирбейт.

24-апрелге караган түнү учкучсуз учактардын чабуулу тууралуу Воронеж, Курск, Белгород, Липецк облустарынын бийликтери маалымдады. Кабарларга караганда, Воронеждин четинде дрондун сыныктары кулаганда, бир турак үй өрттөндү.

14:30 24.4.2024

Москванын Басманный соту коргоо министринин орун басары Тимур Ивановду 23-июнга чейин камакка алды. Ага ири өлчөмдөгү пара алган деген айып тагылды.

Коопсуздук кызматы аткаминерди шейшембиде кармап, Тергөө комитетине жеткирген. Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, Иванов "үчүнчү жактар менен макулдашып кылмышка барган". Соттордун биргелешкен басма сөз кызматы аны менен кошо дагы бир нече киши акча алууга катышкан деген шек менен кармалганын билдирди.

Алардын бири Сергей Бородин паракорлукка айыпталып, эки айга камалды.

ТАСС агенттигинин булагы министрликте аскерлерди турак жай менен камсыздоо, курулуш, ремонттук иштерге көз салган Ивановдун артынан бир нече убакыттан бери байкоо салып жүрүшкөнүн айтып берди. Ага каршы материалдар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жана оперативдик иш-чараларга негизделген.

Коргоо министрлигинин сайтына чыккан маалыматка караганда, 49 жаштагы Иванов бир кездерде отун-энергетикалык комплексте, Москва облусунун өкмөтүндө иштеген, "Оборонстрой" ишканасын жетектеген. Азыркы кызматына 2016-жылы дайындалган.

Иванов АКШ, Еврошаркет, Британия жана Канаданын санкциялар тизмесине киргизилген.

2022-жылы декабрда Алексей Навальныйдын командасы анын үй-бүлөсү тууралуу иликтөө чыгарган. Материалда Иванов жубайы менен эс алууга, яхта, виллалардын ижарасына, кымбат буюмдар менен кийим-кечеге бир миллиондон ашуун евро короткону айтылган. Андан тышкары аялынын чыгымдарын согушта талкаланган украиналык Мариупол шаарын калыбына келтирүү менен алектенген фирма төлөгөнү ачыкка чыккан.

14:28 24.4.2024

АКШ Конгрессинин жогорку палатасы Кошмо Штаттардын өнөктөштөрүнө 95,3 млрд долларлык аскердик жардам, анын ичинде Украинага 61 млрд доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун колдоду. Чечимге сенаторлордун 79у “макул”, 18и “каршы” добуш берди.

Жардамдын калганы Израилге, Тайванга жана башка өлкөлөргө берилет.

Сенаттагы консервативүү республикачылар Украинага жардам берүүгө каршы чыгып, Ак үйдөн Америка Кошмо Штаттарынын өзүнүн түштүк чек арасын бекемдөөнү жана башка нерселерди талап кылып келишкен.

Беш айлык талкуудан кийин бул долбоор 20-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан. Президент Жо Байден кол койгондон кийин мыйзам күчүнө кирет.

22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык президент Жо Байден Кошмо Штаттар “Украинанын согуштагы жана абадан коргонуудагы чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн коопсуздук боюнча олуттуу жаңы жардамды тез арада жөнөтөрүн” билдирди. Байдендин айтымында, аталган мыйзамга ал “Сенат жактырар замат кол коет”.

Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди. Бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Убада кылынып жаткан 61 миллиард долларга жакын акчанын 23 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат. 14 миллиардга жакыны заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мыйзам долбоорунда Вашингтонго Орусиянын борбордук банкынын камактагы активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн конфискациялоо укугун берүүчү норма да каралган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG