Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:08
Орусияда августтагы чабуулда күйүүчү май кампасында жарылуу болгон.
Орусияда августтагы чабуулда күйүүчү май кампасында жарылуу болгон.

Воронежде курал-жарак кампасы өрттөндү. 600дөй киши эвакуация болду

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:04 7.9.2024

Украина парламенти - Жогорку Рада ишемби күнү эртең менен имараттын жанынан орусиялык дрондун сыныктары табылганын билдирди.

Жогорку Раданын басма сөз кызматы Telegram канал аркылуу имараттын алдындагы аянтта атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары тууралуу сүрөттөрдү жарыялады.

7-сентябрга караган түнү орус армиясы Украинага дрон менен чабуул коюп, алардын айрымдары Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн.

17:51 7.9.2024

Орусиянын түштүк-батышындагы Воронеж облусунда курал-жарак кампасында өрт чыгып, жергиликтүү бийлик 600дөй адамды эвакуациялады.

Облустун Острогожск районундагы кампада өрт 7-сентябрда таңга маал атып түшүрүлгөн дрондун калдыктары тийгенден кийин тутанганын губернатор Александр Гусев Telegram каналына жазды.

Анын айтымында, жакын жердеги бир нече конуштардын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Жабыркагандар жок.

Өрт жана жардыруулардын добушу угулган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Андан өрттүн масштабы өтө чоң экенин көрүүгө болот.

РБК-Украина булактарынын айтымында, бул кампа Украинадагы согушка техника жөнөтүү үчүн колдонулган. Чоң өрт болуп жатканы тууралуу видеолор социалдык желеге тарады.

Украинанын коопсуздук кызматындагы булактар ишембиге караган түнү украин тарап дрон менен Воронеж облусундагы ок-дары сакталган кампага чабуул койгонун Би-Би-Сиге тастыктады. Азырынча Киев расмий комментарий берген жок.

Ушул күнү Украинанын Константиновка шаарында орус тараптын аткылоосунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Орусия буга комментарий бере элек.

15:41 7.9.2024

Украинанын Константиновка шаарында 7-сентябрдагы аткылоодо үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алды. Бул тууралуу Донецк облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирип, тургундарды коопсуз жерлерде баш калкалоого чакырды.

"Орустар шаарды артиллериядан аткылап, 24 жаштан 69 жашка чейинки үч эркек киши каза болду. Жеңил жараат алган үч кишиге медициналык жардам көрсөтүлдү. Көп кабаттуу үй, административдик имарат, дүкөн, дарыкана, алты автоунаа жана үч электр чубалгысы зыян тартты",- деп билдирүү таратты Филашкин.

Орусияга буга комментарий берген жок. Далилдерге карабай, Москва аскерлер Украинанын карапайым тургундар жашаган жерлер бутага алынганын моюнга албайт.

Украинанын бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуш кылмыштары катары мүнөздөйт.

7-сентябрдын таңында Орусия Киевге кайрадан дрондор менен чабуул койгонун, алардын баарынын мизи кайтарылганын калаанын администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирген. Андан тышкары, сегиз облуста абадан чабуул коркунучу жарыяланган.

Ушул күнү Орусиянын Воронеж калаасына жакын жерде учкучсуз учактын чабуулунан ок-дары сакталган кампада өрт чыкканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланганын Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев билдирди. Жабыркагандар жок.

15:09 7.9.2024

Иран согушта колдонуу үчүн Орусияга кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарын жөнөткөнүн CNN "эки чалгындоо булагына" таянып билдирди.

Буга чейин АКШдагы жана башка Батыш өлкөлөрүндөгү расмий булактар Ирандын Орусияга ракета жөнөтүү ниети тууралуу эскерткен.

"Москва менен ракеталык келишимди ишке ашырууга даярдык бир жылга жакын созулду", - деп маалымдады CNN басылмасы.

Москва менен Тегеран буга комментарий бере элек.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабда басып кирген.

БУУнун маалыматы боюнча, эки жылдан бери уланып жаткан согушта Украинада он миңден ашуун адам набыт болуп, жыйырма миңге жакыны жараат алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG