Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы кызматкерлерине салына баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушун ким каржылап жатканы ачык айтылбаганы коомчулукта бүдөмүк ойлорду жаратты.
Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлерине 205 батирлүү үй салына баштады. Курулуштун пайдубалын түптөөгө атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, “имарат чоң саясаттын негизинде шериктердин жардамы менен салынып жатат” деди.
“Эмдиги жылы ушул үй салынып бүтүп, кызматкерлерге бөлүнүп берилет. Негизинен биздин кызматкерлер алат, андан кийин чек арачыларга беребиз андан сырткары аз камсыз болгон, өтө муктаж үй-бүлөлөргө он батирди берели деген үмүттөбүз. Баса, белгилеп айта кетишим керек, бул салынып жаткан үйлөргө мамлекеттик казынадан же мамлекеттик ишканалардан эч кандай каражат алынган жок. Бул өзүбүздүн шериктер менен жүргүзгөн чоң саясаттын негизинде, ошолордун бизге кылган жардамынын негизинде салынып жатат”, - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев үй куруп жаткан өнөктөштөр ким экенин жана канча каражат бергенин айткан жок. УКМКнын басма сөз кызматы дагы маалымат бере элек.
Үйдү кайсы ишкана куруп жатат?
"Регион ТВ" телеканалынын репортажында үйдүн курулушу жөнүндө Айбек Кайназаров аттуу киши сүйлөп жатат. Үйдүн пайдубалын түптөөгө катышкан Камчыбек Ташиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кийип жүргөн курулуш баш кийимдеринде (каска) "oрdo" деген жазууну көрүүгө болот. Ошондой эле, курулуштун долбоору жазылган маалымат тактайчада “Кут ордо комплекси” деп жазылып турат.
Интернеттен “oрdo” маркасы “Ордо Холдинг” курулуш компаниясына таандык экенин аныктадык. Сайтында ишкана Жалал-Абадда “Кут ордо”, “Алтын ордо” жана “Аалам ордо” деген үйлөрдү куруп жатканы маалымдалат. Сайттагы компаниянын телефондоруна чалып, байланыша алган жокпуз.
Жергиликтүү Turmush.kg сайтынын маалыматына ылайык, атайын кызматтын кызматкерлерине үй салынып жаткан 1 гектар жер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу “Элдик” ишканасына таандык болгон.
Сайт ошондой эле быйыл УКМКга өткөрүлүп берилген ал жер 2010-жылдагы июнь окуяларына айыпталып сыртынан соттолгон экс-депутат Кадыржан Батыровдун улутташтырылган мүлкү болгонун жазды.
Бул Жалал-Абад шаарында УКМКга демөөрчүлөр куруп берген жаткан алгачкы имарат эмес. Июнь айында атайын кызматтын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгына жаңы имарат курууга демөөрчүлөр 100 млн. сом бөлүп берген. Анын пайдубалын түптөөгө Ташиев өзү катышып, бирок анда дагы акча бөлгөндөр ким экени айтылган эмес.
Коопсуздукка коркунуч келтирген жагдай
Укук коргоочу Динара Ошурахунова демөөрчүлөрдүн эсебинен имарат курдуруп жаткан атайын кызматты сындагандардын бири. Ошурахунова бул көрүнүштү коопсуздукка шек жараткан жагдай деп сыпаттады.
“Мамлекеттен алып жаткан бюджетин көрсөтпөйт, ага макулбуз. Чалгын жана башка сырлар бар. Бирок, башка бирөөлөрдөн алып жатса, маалымат бербесе, мен шек санайм. Анда криминалдан же аткезчилерден алып жатабы? Андан да жаманы башка өлкөнүн жараны болсочу? Улуттук коопсуздукка коркунуч келген учурда, анын башында ушул демөөрчүлөр турсачы? УКМК анда эмне кылат? Ошондуктан мамлекеттик органдарга "демөөрчүлөрдөн" колдоо алууга тыюу салынган. Бул коопсуздукка коркунуч келтирет”, - деди Ошурахунова.
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков атайын кызматтын кызматкерлерине курулуп жаткан үйдүн пайдубалын түптөө иш-чарасына катышкан.
Ормоков көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлердин үйү жок экенин белгилеп, демөөрчүлөрдүн эсебинен үй курууну туура деп эсептейт.
“Туура деп баалап жатам. Керек болсо биз дагы инвестор издеп жатабыз. Демөөрчү чыгып калса мамлекеттик кызматкерлерге үй салып берсе жакшы болмок. Биз дагы сүйлөшүп жатабыз. Мен билгенден акыркы учурда ротация болуп келген кызматкерлердин көбү батирде турушат”, - деди Ормоков.
Коррупцияга шектүү катары кармалып, кийин иши кыскартылган Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровдун жакындарына таандык ишкана УКМКнын имаратынын тегерек-четине алфальт төшөп бергенин "Азаттык" радиосу иликтеп чыккан.
ИИМдин айтылбаган "демөөрчүсү"
Буга чейин Ички иштер министрлигинин имаратын оңдоп берген демөөрчүнүн аты аталбаганы коомчулукта сынга кабылган.
Анда парламент депутаты Наталья Никитенко милицияга расмий кайрылып, канча каражат жана ким оңдоп берип жатканы жөнүндө маалымат алалбай койгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай көрүнүштүн мыйзамдуулугун жана кесепеттерине токтолду.
“Бюджет кодекси боюнча ачык айтышы керек. Экинчиден, бул жакшыртуу негизинде болуп жатат. Мен аны колдойм, бирок тилекке каршы, ишкерлерди “ыктыярдуу мажбурлоо” ыкмасы болуп калды. Болбосо ишкер “мен УКМКны оңдодум” деп мактанып чыксын... Анда мектептерде мугалимдер демөөрчүлүк акча алганда эмнеге жаман көрүп жатабыз? Анткени ушундайлар үлгү болуп жатат. Жогорку Кеңештин имаратын оңдоткондо деле курулуш ишканаларына “ыктыярдуу мажбурлоо” ыкмасы колдонулган болушу ыктымал”, - деди Бекешев.
Октябрь окуяларынан кийинки бийлик коррупция менен аёосуз күрөш болорун жарыялап, бирок казынага өз ыктыяры менен акча төккөндөрдүн жазасы жеңилдетилерин белгилеген.
Андан бери ондогон аткаминерлер кармалып, айрымдары акча төгүп абактан чыгышты. УКМК жемкорлуктан 6 млрд. сом өндүргөнүн билдирди. Коомчулукта бул ыкманы капчыктууларга жазадан качууга оңой жол түзүлдү деп сындагандар бар.
Февралда УКМК кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыяланган. Буга чейин баш калаада, Ошто жана Караколдо атайын кызматта иштегендерге үй салынган. Эл арасында күч кызматкерлерине гана үй салынып, дарыгер, мугалим, маданият ишмерлерине көңүл бурулбай жатканын сындагандар арбын.