Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

"Үйүнөн айрылгандар көп". Ломбард ишин чектеген жаңы мыйзам


29-февралда Жогорку Кеңеш ломбард иши жөнүндө мыйзамга өзгөртүүнү экинчи окууда кабыл алды.

Тийиштүү мыйзам долбоору 19-февралда парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, кабыл алынган.

Өзгөртүүнүн максаты - ломбарддар берген насыя каражаттардын жогорку пайыздык ченемин чектөө. Мыйзамдын жактоочулары эл арасында ломбарддарга алданып, пайыздык туумдарынан жапа чегип, үйүнөн бери айрылып, тагдыры талкаланган адамдар көп болуп жатканын айтышууда.

Бишкек шаарынын тургуну Эламан былтыр жайында “Автоломбард Молодой” каржылык уюмунан Lexus GS 300 автомашинасын күрөөгө коюп, 280 миң сом насыя алган. Ал ишкерлик менен алектенерин, өтө зарыл болгондо аталган ломбардга кайрылганын, бирок кийин пайыздарын, пайыздарына жана негизги суммага кошулган туумдарын төлөй албай, чоң көйгөйгө кабылганын айтты:

“Менин машинам бар, машинаң болсо, ломбарддан акчаны тез аласың. Көйгөйлөр чыгып, мен алардан акча алганга аргасыз болдум. Банктарга, финансылык компанияларга кайрылсаң, “тигил документти алып кел, муну алып кел” деп бир айга созушат. Анан “Автоломбард Молодой” дегенден 280 миң сом алгам, машинамдын баасы 10 миң доллар. Булардын максаты ушундай экен – сумманы 280 миң сомго жеткирип туруп эле менин машинамды алып калыш. Мага окшогондор көп экен, ошондон кийин мен “Азаттыкка” да кайрылдым”.

Ломбард.УКМКнын сүрөтү
Ломбард.УКМКнын сүрөтү

Биз өзүн “Руслан” деп тааныштырып, фамилиясын айтууну каалабаган “Автоломбард Молодой” каржы уюмунун менежери менен байланыштык. Анын айтымында, алардын ломбарды тийиштүү лицензияны белгиленген тартип менен алып, мыйзамдын алкагында иштеп келатат, насыянын пайызы укуктук талаадагы, рынокто колдонулуп жаткан ченемдин чегинде.

Руслан Эламан алган акчасын кайтарбай, иш сотко өткөнүн билдирди:

“Акчаны алган, анан аны кайтаргысы келбей “андай болуп жатат, мындай болуп жатат” деп ызы-чуу чыгара баштады. Бул иш боюнча биз сотко кайрылганбыз, соттук өндүрүш иши бар. Эламан төлөгөн эмес, төлөбөгөн үчүн ар кандай шылтоолорду айтып жүрө берген. Машинасын үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу “айдап турайын” деп сураганынан бергенбиз, ошону менен жок болуп кетти”.

Жогорку Кеңеште айтылган маалымат боюнча, өлкөдө 424 ломбард катталган. Жаңы жылдан кийин алардын ишмердиги мамлекеттик тийиштүү орган тарабынан текшерүүгө алына баштаган.

“Жакында өткөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен мыйзам бузган 144 ломбарддын лицензиясы убактылуу токтотулду, он экиси такыр жоюлду”, - деди Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров.

Өткөн жылдын аягында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев ломбарддардын пайыздык өлчөмү ашыкча болуп, эл андан жабыркап жатканын, жакырчылык дагы өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирерин айткан.

Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 6-декабрь, 2023-жыл
Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы. 6-декабрь, 2023-жыл

“Ломбарддардын койгон пайыздарын карап отурсаң, төбө чачың тик турат. Ломбарддардан акчаны ким алат? Жөнөкөй адам алат. Акчага өтө муктаж, тез аранын ичинде акча табышка аракет кылган, көзү чачырап, жалдырап турган адам барып ошол ломбарддан акча алат. Бирок ломбард анын үстүнө дагы бир нече жүздөгөн пайыздарды коюп, насыя алган адамды дагы эзет. Үйүн, башка мүлкүн, малын, машинасын алып коюп жатышат. Керек болсо биздин аял кишилер алтындарын күрөөгө коюп, аны алдырып коюшат. Ушинтип эл кыйналып жатат. Мына ушул көйгөйдү чечишибиз керек. Минтип элдин эсебинен байыгандар кимдер? Баягы эле сүткорлор”.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылып, миң сомго лицензия сатып алып, ломбард ача алат. Лицензия мөөнөтсүз убакытка берилет, салык иретинде патентке ишкер айына 20 миң сом төлөйт.

Ишкер субъектилер менен катар эле ломбарддарды текшерүүгө да мамлекет тарабынан мораторий жарыяланган. Ошондон улам аларды капысынан барып текшерүүгө, ишине кийлигишүүгө тыюу салынган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев акчага зарыгып кайрылгандар күрөөгө эмне буюмун таштаарын айтты:

“Күрөөгө ломбардга кайрылгандардын 5 пайызы автоунаасын, 7 пайызы тиричилик буюмдарын, 10 пайызы телефонун, 74 пайызы алтынын коюшат”.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эл арасында ломбарддарга алданып, үйүнөн айрылгандар көп экенин айтышты. Бирок Данияр Амангелдиев азыркы иштеп жаткан мыйзамга ылайык ломбарддар үйдү күрөөгө алууга укугу жоктугун билдирди.

Бир нече депутат андай мисалдар бар экенин айтышты, ошондон улам жыйынга катышкандар антип үйдү күрөөгө алган ломбарддар лицензиясы жок, мыйзамсыз иштеп жаткандар болушу ыктымал деген тыянакка келишти.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Урматтуу эл-журт, мына экономика жана коммерция министри “үйдү ломбардга күрөөгө койгонго болбойт” деп айтып жатат. Мыйзамдарды билбестик эч убакта адамды жоопкерчиликтен куткарбайт. Ушуну билип койсоңуздар, министрдин өз оозунан угуп жатабыз – үйүнүздөрдү ломбардга койбоңуздар”, - деди депутат Нуржигит Кадырбеков.

19-февралда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети ломбарддар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, талкуунун жыйынтыгы менен кабыл алып берген. Депутаттар Министрлер кабинети сунуштаган 47,8 пайыздык ченемди 29 пайызга төмөндөтүүнү сунуштап, ошол вариант кабыл алынган.

29-февралда мыйзам парламентте экинчи окууда 63 добуш менен өттү. Ага ылайык эми ломбарддардын койгон ченеми 29,83 пайыздан ашпоого тийиш, анын 17,83 пайызы - Улуттук банктын ставкасы, ломбарддардын таза маржасы - 12 пайыз.

Биз жогоруда сөз кылган “Автоломбард Молодой” каржы мекемесинин өкүлү Руслан эми мындан ары 12 пайыз таза киреше менен иштөө кыйынчылык жаратарын, себеби каржы уюмун түзүп, салык, имарат, айлык акы сыяктуу бир катар чыгымдарды көтөрүү өзүн актабай каларын айтты:

“Жеке пикиримде, биз таба турган киреше өтө аз болуп жатат. Узак мөөнөткө кредит берген банктардын пайызы мындан жогору. Кыска аралыкка насыяга иштеген бизге бул пайда алып келбейт. Минтип отурса, жабылат окшойбуз”.

Жогорку Кеңештин комитеттериндеги талкуу маалында айрым депутаттар ломбарддарды таптакыр жоюп салыш керек деген сунуш айтышкан. Бирок депутат Элвира Сурабалдиева эл жыргаганынан ломбарддарга кайрылбасын анализ көргөзүп турганын, айрым адамдар тамак-аш сатып алыш үчүн да бул мекемелерге кайрылган учурлар кездешип жатканын айтты.

Данияр Амангелдиевдин маалыматында, ломбарддардан мамлекеттик казынага салык түрүндө 2021-жылы 32 млн сом, 2022-жылы 26 млн сом, өткөн 2023-жылы 62 млн сом түшкөн.

Кайтарымы боюнча алганда ломбарддар берген каражаттын 62 пайызы өз убагында төлөнөт, 28 пайызы мөөнөтү өткөрүлүп, тууму менен кайтарылат, 10 пайыздай насыя кайтып кайра ломбардга төгүлбөйт.

Ломбардга кайрылгандардын 76 пайызы акчаны бир айга чейинки мөөнөткө алат.

Данияр Амангелдиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, өз убагында кардар каражатты кайтара албай калганда ага ломбард тарабынан салына турган туум алган акчанын суммасынан ашпашы керектигин, бул иштеп жаткан мыйзамда так жазылганын билдирди.

Эл өкүлдөрү турмушта дал ошол эсепсиз туумдун айынан көп адам жапа чегип келатканын мисалга тартып, ломбарддардын ишмердигине көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтышты.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG