Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Туу тагдыры чечилди. Элдин реакциясы

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду. Ал тапта мамлекеттик желектин айланасында талкуулар уланууда.

14:19 21.12.2023

14:20 21.12.2023

18:59 21.12.2023

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик туунун өзгөрүшү боюнча пикирин билдирди. Ал Твиттер баракчасына алдыда боло турган эл аралык спорттук мелдештерде, Олимпиада оюндарында жаңы спортчулар жаңы желек көтөрүп чыгарын белгилеген.

"Апрелде бизде Азия чемпионаты жана рейтинг турнири өтөт. Албетте, өз жергебизде биздин жаңы туу желбирейт. Бирок Париж олимпиадасы баш болуп, калгандарында да (буюрса, Жоломан баатырыбыздын да ардагына) жаңы желек көтөрүлөт", - деп жазган Байсалов.


Мунун алдында айрым маалымат каражаттары грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы экенин жазышкан.

Анда спортчу: "Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айткан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планымда жок", - деп айткан.

Бул тууралуу социалдык тармакка чыккан жаңылыктын алдына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев комментарий жазды. Ал "бир дагы спортчу расмий мелдештерге мамлекеттин желеги жок катыша албай" турганын жазды. "Мыйзам кабыл алынды, биз, жарандар ага баш ийүүгө милдеттүүбүз", - деп жазган ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары Ташиев жазды делген пикирди коркутуу катары кабыл алып, "жаңы желекти көтөрүп чыкпагандар эмне болот деген?" деп суроо салышууда.

19:01 21.12.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG