Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин - легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик желекти өзгөртүү менен бийлик туура эмес кадамга барганын айтты.
Коомдук ишмер бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте "Кыргыздар" деп аталган китептин ачылышында сүйлөп жатып, билдирди.
"Нарк деген жөн эле сөз эмес. Ал материалдык нерсе, нарктын наркы - эл өзү. Эл өзү тандап, өзү бекитип, ошого сыйынып калган материалдык нерсебиз болот. Мен парламенттин мамлекеттик тууну өзгөртүү чечимин туура эмес деп эсептейм. Мен бир жолу төрагабызга кирип, Улан экөө менен чогуу сүйлөшкөн элек. "Ээрчишип алып бирге президентке баралы, сөзүбүздү айталы" деп сүйлөштүк эле. Ал сөз бойдон калды. "Парламенттеги угууларга мени чакырып койсоңор, ушул желекти бекиткен спикер мен элем" деп канча жолу айттым. Жанагы үч авторго да Нурландын (Шакиев -ред) көзүнчө айттым, "ай, бул желек силердики эмес, меники", дедим. Меники болбой эмине, аны мен башкарган 350 депутат бекиткен. Ал жерде менин колум турат. Кечээ күнү да сурандым, "мени чакырып сөз берип койгула" деп. Болор иш болду, мен сындагым да келбейт. Орустар өз желегин 75 жылдан кийин кайтарып алды. Азербайжандар 1918-жылкы желегин кайтарып алып, азыр ошону менен жүрүшөт. Мындан кийин ушундай кадамга барганда элдин оюн кичине угуп койсоңор. Эл айтып аткан сөздүн баарын "бот" деп коюшкан. Он кишинин бирөө колдоп койсо, анын сөзү туура деп коюшту. Элдин оюн антип укпайт. Элдин оюн туура укканга көнгүлө. Элден алыстап калган бийликте ийгилик болбойт", - деди Медеткан Шеримкулов.
Human Rights Watch мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы жарандык пикирин айтып, каршы турууга чакырганы үчүн активист Афтандил Жоробековго кылмыш иши козголуп, камакка алынышын сынга алды.
Уюм кыргыз бийлигинин бул кадамын жарандардын ачык пикирин билдирүүсүн жана тынч чогулуу укугун чектөө деп билдирди.
Human Rights Watch уюму Афтандил Жоробековдун камалышы Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткан учурга туш келгенин белгиледи.
Парламент адамдын фундаменталдык укуктарын - анын ичинде сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чогулуу укуктарын чектөөчү мыйзам долбоорлорун карап жатат.
"Бийликти сындоо жана тынч жыйындарга чакыруу - массалык башаламандык уюштуруу болуп саналбайт жана албетте, бул кылмыш эмес. Ал бийликтин демилгесине каршы тынч жыйынга чакырганы - пикир айтуунун корголгон формасы, - деп билдирди уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева, - Кыргызстандын бийлиги Жоробековго каршы осол (абсурд) ишти токтотуп, анын сөз эркиндигин жана тынч жыйынга чыгуу укугун коргоп бериши керек".
7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон.