Түркмөнстандын баш калаасы ак мармардан салынган имараттардын саны боюнча Гиннестин рекорддор китебине кирди. Ашхабад шаарында мармар имараттардын саны 543, алардын жалпы аянты 4.5 млн. чарчы метр. 25-майда өлкө парламенти президент Гурбангулы Бердымухамедовго "Түркмөнстандын чыгаан архитектору" деген наам ыйгарды.