Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:08

Түркмөн президентинин үчүнчү "ырайымы"


Буга чейин Мамлекеттик туу күнүнө карата президент Бердымухамедовдун ырайым этүү жарлыгы менен 859 туткун бошогон.
Буга чейин Мамлекеттик туу күнүнө карата президент Бердымухамедовдун ырайым этүү жарлыгы менен 859 туткун бошогон.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ушул жылдагы үчүнчү жолку ырайым этүү жарлыгы менен абактан бошотулгандар үйүнө чыга баштады.

Буга чейинки ырайым этүүлөрдөн айырмаланып бул жолу канча адамдын күнөөсү кечирилгени маалымдалган жок. Адаттагыдай эле абактан бошотуу акциясына саясий жүйө менен камалгандар, маңзатка байланышы барлар жана өмүр бою кесилгендер кошулган эмес.

Ушул жылы үчүнчү жолу жарыяланып жаткан ырайым этүү жарлыгы Түркмөнстандын эгемендик күнүнө багышталды. Буга чейин 19-февралда Мамлекеттик туу күнүнө карата президент Бердымухамедовдун ырайым этүү жарлыгы менен 859 туткун бошогон. Экинчи ырайым этүү акциясы орозо айында жарыяланып анда камактагы 1095 түркмөнстандык жана тогуз чет өлкөлүк жаран бошотулган. Бул жолку ырайым этүүнүн өткөн жолкулардан айырмасы абактан канча адам бошору көрсөтүлбөгөндүгүндө дейт түркмөнстандык серепчи Нурберди Нурмаммедов:

- Айырмасы катары бул жолку ырайым кылууга канча адам киргени тууралуу маалыматтын жоктугун айтсак болот. Адамдын саны көрсөтүлгөн эмес. Болгону түркмөн элинин салтына ылайык, үй-бүлө баалуулугун колдоо үчүн президент ырайым этет деп эле жазылган.

Ал арада Эгемен күнүнө бир жума калганда эле президенттин ырайым этүүсүнө туш болгондор үйүнө келе баштады. Алардын бирөөсү менен баарлашкан серепчи Нурберди Нурмаммедов маңзат колдонгон же саткан деп камалгандар жана өмүр бою кесилгендердин бири да бул жарлыкка илешпегенин “Азаттыкка” айтты:

- Мына майрамга чейин эле башталды. Жада калса алыс жайгашкан абактагылар да үйлөрүнө келе баштады. Мен бүгүн эле бошоп келген адам менен сүйлөшкөнүмдө ал мага ырайым этүүгө кирген кээ бир берене менен камалгандар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бейбаштык, уурулук менен күнөөлөнгөндөр бошоп жатышат. Ошол эле учурда маңзат колдонуп же сатууга тиешеси бар деп жана өмүр бою кесилгендер ырайым этүүгө кирген эмес.

Өзүн Түркмөнбашы деп атаган мурдагы президент Сапармурад Ниязов жылына бир жолу ырайым этүү жарлыгын чыгарып келген болсо, азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов жылына бери дегенде эле төрт жолу абактагылардын күнөөсүн кечирүү акциясын уюштурууга өткөн. Эксперттер жыл этегине чейин жок дегенде дагы бир жолу ырайым этүү жарлыгы чыгаарын болжошууда.

Эмнеси болсо да саясий жүйө менен камалгандар бир да жолу мунапыска же ырайым этүү жарлыгына киргизиле элек. Укук коргоочулардын эсептөөсүнө ылайык өлкөдөгү абактарда саясий жүйө менен туткундалгандардын саны жүзгө чукулдайт.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG