Украинада кыйраган учактын талашы
Малайзия Аба жолдорунун М17 каттамындагы жүргүнчү учагынын кыйроосу эл аралык басма сөздө кеңири талкууланган тема болду. The New York Times гезитинде бул трагедия АКШ менен Европанын Орусияга карата саясатын курчутаары жарыяланды. Обаманын администрациясы Орусияга карата кошумча санкцияларды даярдоодо. Бирок Европа чиновниктери кандайдыр бир чара көрүү үчүн убакыт жана кылдат иликтөө керек дешип, Орусияга карата чукул чара көргөндөн оолак турушууда. Ошентсе да каза тапкан жүргүнчүлөрдүн басымдуусу голландиялыктар болгондуктан, Европа деле эртеби кечпи Орусияны айыптайт деп жазат басылма.
Британиянын The Guardian гезитине аналитик Дмитрий Тренин Малайзия учагынын атып түшүрүлүүсүн 1983-жылкы Кореянын KAL007 каттамы Сахалинден орустардын согуш учагы тарабынан атылуусуна окшоштурат. Путин болсо учакты кайсы тарап атканын эл аралык комиссия түзүлүп изилдеши керек дейт. Европа үчүн эми Украина 1990-жылдагы Балкандардан да коркунучтуу аймак болуп калды деп жазат гезит. Швейцариянын Tagesanzeiger басылмасында «Бул башаламандыкты дароо токтоткула!» деген макала чыгып, ракета кандай болгон күндө да Орусиянын же Украинанын аймагынан атылды. Украинанын чыгышындагы абал канчалык оор экенине бул трагедия күзгү болуп бере алат. Киев өзүнүн миллиондогон атуулдарын террорчу деп шек санап, өлкө чыгышын эч кандай чыгымдарды көзгө илбей кайтарып алгысы келет дейт макаланын автору Цита Аффетрангер.
Жампаоло Визетти аттуу Le Repubblica гезитинин журналисти Малайзия Аба Жолдору компаниясынын учагы дагы бир ирээт дүйнө көңүл борборуна айланып, эми бул жолу «каргашалуу компания» деген лакапты алары талашсыз деп жазат. Мындай кыйроо Куала-Лумпурдун экономикасына да терс таасирин тийгизет, ал эми Түштүк-Чыгыш Азиянын биржаларында абдан оор кырдаал түзүлөт деп жазды италиялык гезит.
Өр алган Түркмөнстан
The Diplomat аналитикалык басылмасы канчалык авторитардык бийликтин курчоосунда калса деле Түркмөнстан жүргүзүп жаткан жаӊы реформалары менен Борбор Азияда эӊ өнүккөн өлкөгө айланышы ыктымал деген макала чыгарды. Түркмөнстандын Борбор Азия «арстанына» айлануусу үчүн керектүү бардык ресурстары бар. Биринчиден, энергетика жаатында расмий Ашхабад мунай куурлары, электр энергиясы жана табигый газды заманбап иштетүүдө. Орусия менен Европага энергия саткан жалгыз Борбор Азия өлкөсү. Транспорт жана байланыш жаатында да Кытай менен кызматташып, түркмөн бийлиги Кавказ менен Европага кетчү соода жолунун дарбазасы болууга умтулууда. 2008-жылы жаӊы констутицияны кабыл алгандан бери түркмөн экономикасында атаандаштык түшүнүгү пайда болуп, Дүйнөлүк соода уюмуна кирди. Жакынкы 10-15 жылда бул өлкө аймактагы лидерликти өз колуна алары талашсыз деп жазат The Diplomat.
Германия компьютерден баш тартабы?
Германиянын коопсуздук кызматы кибер шпиондуктун айынан өтө маңыздуу делген документтерин мындан ары арип терүүчү машинкага жаздырмай болду деп кабарлайт The Independent гезити. Санариптик мейкиндик мындан ары кооптуу болбой калгандыктан жана АКШнын бир нече ирээт шпиондук кылуусунан кийин ушундай кадамга баруубуз ыктымал дейт Парламенттин мүчөсү Сенсбург. Өлкөдө айрым расмийлер чөнтөк телефондун ордуна добуштарды код менен берүүчү криптофондорду колдонуп жатканы да ачыкталды. Die Welt гезити кибер коопсуздукту талкуулаган жыйында Герман парламент мүчөлөрү чөнтөк телефондорун темир кутуга салышканын кабарлады.
China Daily гезити Кытайда үйлөнүү тойлор барган сайын кымбаттап, баш кошкон жубайлардын ата-энеси үчүн кыйынчылык жаралып жатканын жазды. Үлпөткө Ferrari, Bentley сыяктуу батыштын кымбат машинелери жалданып, 50 үстөлдөн кем эмес тасмал жайылат. Ар бир үстөлдүн баасы 10 миң юань же 1 601 доллар. Мындан тышкары кызын узатып жаткан тарап алтын азем буюмдар толтурулган сандык, үй эмеректери сыяктуу сеп бериши керек. Айрым учурда мындай септин баасы миллиондогон юанды чапчууда. Үлпөт тойлор Кытайда барган сайын акчаны чачкан иш чарага айланууда деп жазат China Daily.