Түркиядагы президенттик шайлоонун тагдыры 28-майда, экинчи айлампада чечилгени калды. Жекшемби күнкү жарышта талапкерлердин бири да 50% ашык добуш ала алган жок.
Шайлоо 50 миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган зилзаладан көп өтпөй, өлкө экономикалык кыйын кезеңде турган маалда өттү. Эки аптадан кийин эксперттер тарыхый деп атаган шайлоодо азыркы мамлекет башчы, өлкөнү 20 жылдан бери бийлеп келаткан Режеп Тайып Эрдоган менен бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу беттешмекчи.
85 миллион калктуу Түркияда саясий белгисиздик дагы эки жума өкүм сүрчүдөй. Жекшембидеги президенттик шайлоодо бир да талапкер биринчи айлампада жеңиш үчүн жетиштүү добуш ала алган жок. Бюллетендердин дээрлик толук саналып бүткөндөн кийинки алдын ала жыйынтыктарга ылайык, мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоган 49,40% добуш менен биринчи орунда баратат. Анын башкы атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,98% алды. Бул күнү түрктөр парламенттин жаңы чыкырылышына өкүлдөрдү да тандашты.
Жогорку шайлоо кеңеши бюллетендер саналып бүткөндөн 3 күн ичинде акыркы жыйынтыкты жарыялоого тийиш. Шайлоочулардын маанайын аныктаган экзитполдор Түркияда уюштурулбайт.
Түркиядагы Чанкыры Каратекин университетинин Эл аралык укук факультетинин доценти, кыргызстандык Саадат Рустемова-Демиржи "Азаттыкка" курган маегинде, Түркиянын тарыхында шайлоочулардын жигердүү катышуусу рекорддук көрсөткүчкө жеткенин, ал эми экинчи айлампадагы жыйынтык шайлоочуларга эмес, саясатка байланыштуу болорун болжоп жатат.
- Талдоочулар өнөктүктү "кылымдын шайлоосу" деп айтууда. Бул ирет буга чейинки шайлоолордон эмнеси менен айырмаланды?
- Буга чейинки шайлоолордо бийликтеги АК партия дайыма озуп чыгып, биринчи айлампада эле баары белгилүү болуп калчу. Эми президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдогандын экинчи айлампага калгандыгы - көп нерседен кабар берет. Албетте, өлкөдөгү экономикалык абал жана инфляция шайлоодо өзүнүн таасирин тийгизди. Менимче, бул шайлоодо калк экиге бөлүндү: АК партияны колдогондор жана ага каршы чыккан оппозициячыл беш партияны жактагандар. Чоң атаандаштык болсо да бийликтеги АК партия (AKP) Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста 49% добуш алды. Бирок ушуну менен шайлоо бүткөн жок. 28-майда экинчи айлампада баары белгилүү болот.
- Учурда шайлоочулар арасында жалпы маанай кандай?
- Шайлоонун экинчи айлампага калышы элди ойлондуруп койду. Анткени экинчи айлампада шайлоону эл эмес, саясат белгилейт. Негизги эки талапкерге добушун бергендер кийинки шайлоодо деле ушундай чечим кылышат деп ойлойм. Ал эми үчүнчү талапкер Синан Оганга добуш бергендер эми кимди шайлары маанилүү.
- Ага добуш берген 5% шайлоочу экинчи айлампада кимди тандайт деп ойлойсуз?
- Жекшембиде Синан Оганга берилген 5% добуш кийинки айлампада кимдин президент болорун чечет. Буга чейин Огандын журналисттерге берген маектерин карай турган болсок, "эгер бийлик мени колдосо, мен да аны колдойм" деген. Бирок ал "мен муну менен президенттин жардамчысы макамын же министрликти талап кылам" деп айткан жери бар. Оган бийликке ушундай талаптарды койсо, алар аткарууга аргасыз деп ойлойм. Анткени Синан Оганды талапкер көрсөткөн "Зафер" партиясы жаш саясий партия. Ал ошондой эле бийликке терроризм менен күрөшүү жана өлкөдөгү сириялык, ооганстандык качкындарды чыгаруу сыяктуу талаптарды коет деп ойлойм. Менин жеке пикирим болсо, Синан Оган оппозициячыл блокко алтынчы партия болуп кошула албайт. Ал АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат.
- Экинчи айлампада шайлоочуларды эмне күтүшү мүмкүн?
- Шайлоочулардын дээрлик 90% добуш бергени айтылып жатат. Экинчи айлампада деле ушундай жигердүү катышуу катталат. Бул шайлоодо президент гана шайланбайт, элдин тагдыры чечилет. Анткени муну менен түркиялыктар "экономикалык кризисти чече турган, өзгөртө турган" мезгил келерин белгилеп жатышат. Шайлоочулардын саны көп болот. Ал эми Эрдоган биринчи турда озуп чыга албай, 49% добуш алып калганы да ага чоң сабак болду деп ойлойм. Андыктан 28-майдагы шайлоо чоң мааниге ээ.