Jyrgal Amanova: Кээ бир маалымат булактарында ТРТ каналынан аба ырайы тууралуу маалымат гана кетип жатат деген калп. Ал каналда берүүлөр адаттагыдай эле чыгууда.
Atlas Jet авиакомпаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгү: Түркиядагы аэропорттор ачык, каттоо улана берет. Жабык болсо, биз да каттоону токтотмокпуз.
Reuters: Парламенттин жанында танктан ок атылды. Стамбул аэропортунда атышуу угулуп жатканы кабарланууда.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: Түркиядагы окуялар мыйзам чегинде чечилиши керек. Булак: Dogan Haber Agency