Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:46

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Ататүрк аба майданы оор аскерий техниканын курчоосунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Бишкектеги "Манас" аба майданында Стамбулга рейсин күтүп отургандардын арасында Түркиядагы соңку окуялардан кабардар болбогондор бар экенин "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Бирок көбү каттоодон өтүп жатат. Айрымдары рейс болсо да учпай эле коюуну ойлонуп жатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: Өнүгүп жаткан окуялардын чоо-жайы такталмайынча этият болуу керектигин жакшы түшүнүп турабыз. Биздин бардык мекендештерге үйлөрүнөн чыкпай, жагдай белгилүү болгончо отура турууну сунуштайбыз.

Режеп Тайып Эрдоган Скайп аркылуу байланышка чыгып, элге кайрылды.
Режеп Тайып Эрдоган Скайп аркылуу байланышка чыгып, элге кайрылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG