Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

"Манас" аба майданында Бишкек-Стамбул багытындагы учактар жокко чыгарылбаганын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады.

Түркияда аскердик көтөрүлүш аракети жасалууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

CNNTurk: бийлик өкүлдөрү коомчулукка кайрылып, Адилет жана Өнүгүү, же АК партиясынын кеңселери жанына чогулуп, өкмөттү коргоп калууга үндөп жатышат. Байкоочулар Эрдоган телефондон болсо да байланышка чыгып телеканалдан кайрылганы -- аскер командирлеринин бийликти басып алуу планы ишке ашпай калышы мүмкүн дегенди билдирет деп эскертишүүдө.

Стамбул жана Анкара прокуратуралары бийликти басып алуу аракети боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу юстиция министри Бекир Боздаг билдиргенин түрк маалымат каражаттары билдирүүдө. Анда Боздаг бул төңкөрүштү баштагандарга каршы териштирүү жүрүп жатканын жана күч органдары керектүү чараларды көргөнүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG