Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:52

Түркия: жаш энени колдогон мыйзам


Бала багуу.
Бала багуу.

Түрк өкмөтү 2016-жылы жаңы төрөгөн эненин ишке эрте чыгуусун колдогон мыйзам долбоорду сунуштаган. Ал долбоордо чоң эне, тай энелер неберелерин бакса, аларга айлык төлөнөрү каралган.

Үстүбүздөгү жылы бул долбоорду түрк өкмөтү бекитсе, анда небересин баккан чоң эне, тай энелер айына кеминде 100 доллардан айлык алышат. Бул мыйзам кабыл алынса, Түркияда бала баккан миңдеген мигрант кыз-келиндер жумушсуз калышы ыктымал.

Небере баккан чоң эне, тай энеге материалдык колдоо көргөзгөн мыйзам долбоорун Түркиянын Эмгек министрлиги жана Стамбул өнөр жай палатасы сунуштаган. Өкмөт бул долбоорду бекитсе, анда Стамбул жана Бурса шаарында пилоттук негизде 1000 чоң эне, тай энеге айлык төлөнө баштайт. Эгер алты айдын ичинде жыйынтыктар жакшы деп табылса, долбоор бүтүндөй Түркияга киргизилмекчи.

Чүрпөсү бар келиндерге тиешелүү болгон бул долбоор алардын иштөөсүнө дем берет деген ойдон улам иштелип чыккан. Жеке менчик фирмада менеджер болуп эмгектенген Зухал Йигит эки баланын энеси. Анын улуу кызы төрөлгөндө өз апасы каралашып, ал дароо эле жумушка чыгып алган. Эми алты айлык уулун бала кароочуга таштап, жумушка жаңы чыккан убагы. Зухалдын апасы эжесинин баласын дагы карагандыктан эки небереге жетишпей, ал бала кароочуга таштап жумушка чыкканга мажбур болгонун айтты:

- Апам балдарымды караса ага бала багуучуга берген акчаны бербестирмин. Бирок өкмөт неберелерин караган карыяларга кошумча акча төлөп берсе, материалдык тыгынчык болмок. Апамдын баскан- турганына, дары-дармегине акча жетип турса, жакшы эле болмок. Мен да жумуштан калбай, башка бирөөгө балдарымды караткандан көрө апама каратып жүрөгүм ток болуп иштейт элем.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Зухал Йигит муну менен катар улуулар балдарга жакшы тарбия берет дейт:

- Албетте, ата-энелер балдарын өздөрү чоңойткону жакшы. Бирок шарттар болбой жатса, айла жок бала багуучуга таштап жумушка чыгабыз. Жардамчыбыз балдарымды жакшы карайт, бирок, мисалы, апам караса, балдарыма жакшы тарбия берет эле деп ойлойм. Каада-салттарды, түрк коомунун баалуулуктарын үйрөтөт беле дейм. Негизинен неберелерге өзгөчө мээрим менен мамиле кылышат эмеспи.

Мыйзам долбоордун шарттары боюнча ымыркайдын энеси төрөгөнгө чейин кеминде бир жыл иштеши керек. Чоң эне же тай эне бага турган неберенин жашы үч жашка чейин болуусу зарыл. Чоң эне, тай эненин жашы 65 жаштан жогору болбошу керек.

Жогорудагы талаптарга жооп берген Шүкрие Деде пилоттук долбоорго арызын берген. Ал кызынын эки баласын карайт. Улуу небереси мектеп окуучусу, кенжеси жети айлык. Эгер арызы кабыл алынып калса, март айынан баштап 100 доллардын тегерегиндеги акча алып турат.

- Эгер материалдык абалым жетишерлик болсо, арыз бербейт элем. Азыр кимдин эле акчага муктаждыгы жок дейсиз? Бирок бул 100 долларды албай деле неберелеримди багып келдим да. Бул эми өкмөттүн аялдарга колдоосу деп ойлойм. Жаштар азыр иштеши керек. Ошону менен бирге балалуу да болушу керек. Азыр күүлүү-күчтүү болуп турганда ушинтип балдарыбызга көмөк кылбасак качан кылабыз? Кызым жумушунан угуптур бул мыйзам долбоорун, анан арыз жазып көрөлү дедик, балким бизге да берип калар.

Түркияда чет өлкөлүк багуучулар айына кеминде 500 доллар алышат. Аткарган ишине жараша 1500 доллар алгандар дагы бар. Жалпы Түркия боюнча бала жана оорулуу кары кишилерди карагандарга төлөнгөн акча жылына үч миллиард долларга жетери айтылат. ​

Мыйзамдын мигрант бала-багуучуларга таасири

Түркияда бала багып эмгектенген жүздөгөн кыргызстандык кыз-келиндер бар. Непадам жаңы мыйзам долбоору өтүп кетсе, мигрант кыз-келиндер жумушсуз калбайбы деген суроо туулат. Стамбул шаарында түрк үй-бүлөсүндө бала багып иштеген Перизаттын айтымында, чет өлкөлүк бала багуучулар негизинен колунда барлардын балдарын карашат:

- Акчалуулар бизди иштеткени алып жатышат да. Колунда жоктор балдарын же өздөрү карашат, же чоң ата-энелерине бактырышат деп ойлойм. Чет өлкөлүктөр көбүнчө ошол колунда барлардын үйүндө иштешет.

Түркия.
Түркия.

"Азаттык": Бул Түркиянын чоң шаарларында ушундай болуш керек. Сиз айылдарды да көрдүм дедиңиз, ал жакта деле иштеген энелер балдарын бала багуучуларга каратабы?

- Ооба, бул өнүккөн шаарларында эле ушундай. Байкашымча, көбүнчө түрктөр үч балалуу болушат экен айыл жерлеринде. Ал жакта деле неберелерине биздикиндей чоң ата, чоң апалары каралашат экен.

Түркияда ортоңку катмарды түзгөн калк негизинен чоң, өнүккөн шаарларда жашап эмгектенишет. Жаш үй-бүлөлөр балалуу болуу менен бирге карьераларын да уланткылары келет. Басымдуу бөлүгү үч жашка чейинки наристелерин бала багуучуларга каратышат. Эгер неберелерин баккан чоң эне, тай энелерди колдогон долбоор ийгиликтүү болсо, үстүбүздөгү жылдын сентябр айынан тарта жалпы өлкөгө таркайт.

Түркияда ар жылы орточо эсеп менен бир миллион үч жүз миңдей бала төрөлөт. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG