Абайдын уулу менен Стамбулда жашап жатканына үч жыл болду. Ал Кыргызстанда келинчеги менен ажырашкандан кийин уулун алып Түркияга иштегени келген. Уулунун билим алышына көп көңүл бурган ата баласын алгач Түркияга келгенде жеке менчик мектепке киргизген. Бирок менчик коллеждин лицензиясы жоктугунан улам уулун катардагы эле мамлекеттик мектепке которгон.
Абай уулунун Түркияда чет өлкөлүк экенине карабай жергиликтүү балдар-кыздар менен дос болуп, мыкты окуп жатканына бактылуу экенин жашырган жок:
Азыр уулум 6-класста окуйт. Мектепке өз каалоосу менен барат.
«Үч жыл мурун келгенде уулумду жеке менчик коллежге жаздыргам. Окуусу англисче болчу. Бирок ал коллеждин лицензиясы жок экенин билип, Стамбулдагы Харбийе мамлекеттик орто мектебине эле киргизип койдум. Азыр уулум 6-класста окуйт. Мектепке өз каалоосу менен барат. Окуганды жакшы көрөт, көнүп калды. Түрк достору көп. Түркиянын билим берүү системасы окуучулардын билим алышына өтө катуу басым жасайт экен. Бирок үй тапшырмалары аз. Кыргызстан менен салыштырмалуу Түркияда мугалимдер да сапаттуу окутат деп ойлойм».
Түркиянын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө жалпысынан беш миллионго жакын чет өлкөлүк окуучу мектепке барат. Алардын 3,5 миллиону сириялык качкындардын балдары.
Качкындардын балдары негизинен чоң шаарларда ата-энеси менен жашап, ошол аймактагы мектептерге барат. Анткени түрк мыйзамдарына ылайык Түркияга келген мектеп жашындагы чет өлкөлүк балдар ата-энесинин туруктуу жашоого уруксатынын негизинде виза алып, алар менен бир даректе жашоого милдеттүү.
Визасы жок чет өлкөлүк балдарды түрк мектептери «конок окуучу» деген макам менен окута бергени менен жалпы билим берүү системасына киргизишпейт.
Жаңылай Балтаева алты жылдан бери Анталия шаарында котормочу болуп эмгектенет. Ал өзү менен кошо мектеп курагындагы уулу менен кызын ала келген. Учурда кызы лицейдин акыркы классында, уулу 7-класстын окуучусу. Жаңылай балдары мектепке эч кандай тоскоолдуксуз эле киришкенин айтты:
«Уулум 5-классты бүтүп келген. Тестке киргизбей эле кабыл алышты. Кызым болсо лицейге келген. Ал атайын тесттен өтүп, үч ай «конок окуучу» болуп жүрдү. Анан расмий кабыл алынып, окуучунун номурун беришти. Азыр эми экөө тең окуучу. Түркияда мектептерде пара алып же «таанышы бар» деп карабай, бирдей мамиле кылышат».
Жаңылай ушул жайдан тартып Анталияда кыргыз мигранттарынын балдарын чогултуп түрк тилин үйрөтүү курсун уюштурган. Тажрыйбалуу эне жыл өткөн сайын кыргыз кыз-келиндер мектеп жашындагы балдарын кошо ала келип окутуп жатышканын белгиледи:
«Быйыл 13-14 баланы чогултуп жайы менен түрк тилин үйрөттүм. Алар бул жылы Анталияда окуй баштайт. Ошондой эле алардын ата-энелерине Түркияда мектепке орноштуруу иштери боюнча кеп-кеңештеримди бердим. Анталияда айрым райондук билим берүү башкармалыктары окуучулардын документтерин акысыз которуп, расмийлештирип берет. Балдарды бүтүрүп келген класстарына жараша бул башкармалыктар өздөрү бөлүштүрүп орноштурат. Бул биздин мигранттарга кыйла жардам берет».
Түркияда жалпы орто билим берүү түрк тилинде жүргүзүлөт. Билим берүү министрлиги бекиткен программага жараша мектептер 12 класс окутат. Окуучулар акыркы төрт жылда кесиптик лицейлерди тандай алат. Түркиянын чоң шаарларында чет тилде билим берген жеке менчик мектептер да бар.
Жаңыл Сатыбалдиева - үч баланын энеси. Жогорку билимди Түркиядан алган кыргыз келин жолдошу менен Стамбул шаарында отурукташып калган. Учурда уулу жана кызы түрк мектебинде окуйт. Балдарынын көп тилдүү билим алышына басым жасаган Жаңыл башында орус тилдүү бала бакчага берген.
«Уулум менен кызым азыр түрк мектебинде окуйт. Бирок Түркиядагы билим берүүдө бир кемчилик - балдарыбыздын кыргыз тилин, кирилл алфавитин толук үйрөнө албаганы деп ойлойм. Андыктан кызымды кичинесинде орус тилдүү бала бакчага бергем. Ал бала бакчанын акысы башка жергиликтүү бакчалардыкындай эле болчу».
Түркияда мектептерде окуу 9-сентябрда башталат. Буга чейин Түркиянын орто мектептеринде кышкы жана жайкы каникул гана болсо, жаңы токтомго ылайым 2019-2020-окуу жылында окуучулар төрт жолу каникулга чыгат.
Былтыр Түркияда 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын 30 миңден ашууну кыргызстандык жарандар. Кыргызстандан барган мигранттар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.