Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Түркия: мигранттардын башын кошкон кайрымдуулук


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркиядагы кыргыз мигранттар өз мекенинде аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жардам болсун деп кийилбеген кийимдерди жиберип туруу демилгесин көтөрүп чыгышты.

Азамат Абылгазы Түркияда төрт жылдан бери жашайт. Бул жылдар аралыгында бир канча шаарды көргөн Азамат учурда Стамбул шаарында чакан зергер буюмдарды саткан дүкөндө иштейт. Ал социалдык түйүндөрдүн жигердүү колдонуучусу катары ичиндеги ой-толгоосун өзүнө окшогон мигранттар менен бөлүшүп турат.

Кийилбей калган кийимдерди топтогон кутулар Азаматка кайрымдуулук демилгесин көтөрүүгө түрткү болгон. Азамат кыргыз мигранттардан топтогон кийимдерди Кыргызстандагы муктаж болгон кишилерге жеткирүүгө аракет кылып жүргөнүн айтты.

«Мурун мен Анкарада иштеп жүргөндө кыргыз эжелер менен «кийилбей калган кийимдер, бут кийимдер бар, ушуну Кыргызстанга кантип жөнөтсөк болот? Кайрымдуулук үчүн бир иш уюштурсакпы?» деп сүйлөшүп калчубуз. Акыр аягы "Фейсбукка" «Түркияда кийилбей калган кийимдерин чогултуп, муктаж болгондорго жеткирген кутулар бар» деп жаздым. Ошол замат мекендештерден колдоо таптым. Бир топ адам «биз деле Кыргызстанга жөнөтсөк болот» деп оюмду колдоп кетишти. Курман айт, жаңы жыл сыяктуу майрамдардын алдында Бишкектеги жана Чүй облусундагы карылар үйлөрүнө, майыптарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Түркиядан кийим-кечек жөнөтөлү деп жатабыз».

Азаматтын демилгесин колдогон ондогон кыргыз мигранттар топтоп жүргөн кийим-кечектерин Кыргызстандагы муктаж адамдарга жөнөтүүнүн жолдорун издей башташты. Негизги маселе - кийимдерди Стамбулдагы мигранттардан топтоп, жүктү Кыргызстанга жөнөтүү. Азамат Абылгазынын сунушун Кыргызстанга жүк жөнөткөн карго фирмалары да колдоп, акысыз жеткирип беришээрин айтышты.

Көп жылдан бери Стамбулда жашап жаткан Шахадат Азаматтын деилгесин соцтармактан окуп калып, аны менен байланышка чыккан. Шахадат анда балдардын эч кийилбеген 100 килограммга жакын кийими бар экенин, ошол жүктү Кыргызстанга жеткирип, муктаждарга бергиси келип жүргөнүн айтты.

«Менде жаңы кийимдер мүшөктө таңылып даяр турат. Баары жаңы. Өткөндө бирөө товарын дүңүнөн сата албай жатканда мен арзан алып, үйгө коюп койгом. Аны Кыргызстандагы багаар-көрөөрү жок балдарга жиберсем деп ойлонуп, ошонун жолун таппай отургам. Интернеттен биздин мигранттардын демилгесин окуп калып байланышка чыктым. Жүктүн жол киресин да төлөп берип, ушул кийимдер Кыргызстандагы муктаж болгондорго жетсе экен деп турам».

Акыркы жылдары Түркиянын ири шаарларында адамдар жыш жашаган аймактарда мобилдик кутулар коюла баштады. Каалоочулар бул кутуларга кийимдерди, китептерди, оюнчуктарды калтырып кете алат. Жергиликтүү бийлик муну менен кембагалдарга жардам берип, экинчи жагынан кийимди таштандыга ыргытпай, кайра иштетүүгө өттү. Түркиянын булуң-бурчунда уюштурулган бул мобилдик кутулар ай сайын миңдеген тонна кийим жыйнап кетет.

Кийимдерди топтогон куту. Стамбул шаары
Кийимдерди топтогон куту. Стамбул шаары

​Кыргызстанга кийим жөнөтүү ишин Анталия шаарындагы мигрант кыз-келиндер да колго алышты. Үшул жылдын кыш айларында Анталиядагы «Айымдар коомунун» мүчөлөрү Кыргызстандагы карылар үйүнө кийилбей калган жылуу кийимдер, байпактар салынган көлөмдүү жүктү жөнөтүшкөн.

Түркиянын кийимдеринин сапаты дурус экенин айткан коомдун жетекчиси Периза Асаналиева учурда чогулган жүктү жеткирүү маселе жаратып жатканын айтты.

«Биздин айрым кыз-келиндер колунда бар түрк үй-бүлөлөрдүн үйүндө жардамчы болуп иштешет. Алар кийилбей калган, бирок таза, сапаттуу кийимдерин сыртка чыгарып коюшат экен. Кыргыз кыз-келиндер «ошол кийимдерди Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөргө жеткирсек болот эле» деп сарсанаа болуп калчубуз. Биздин коомду билип калгандар мүшөктөп кийим алып келишип, бир бурчка чогулта баштаганбыз. Кышында карылар үйүнө деп жылуу кийимдерди, байпактарды жөнөткөнбүз. Өзгөчө Кыргызстанга кичинекей балдардын кийимдери көп керек экен. Азырынча жүгүбүз жыйналып турат, Анталиядан Бишкекке чейин жүктүн акчасын төлөп берген демөөрчүлөрдү издеп жүрөбүз. Таап калсак чоң соопчулук кылат элек».

Мекендештерине кайрымдуулук кылган мигранттар. Анталия шаары
Мекендештерине кайрымдуулук кылган мигранттар. Анталия шаары

Учурда Стамбулдан Бишкекке соодагерлердин дүң товарлары карго фирмалар менен учакта орточо эсеп менен бир килосу 4,5 доллар, унаа менен 1,7 доллардын тегерегинде эсептелет.

Түркияда 2018-жылы 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу шаарларда жашайт. Бул шаарларда ачылган кыргыз коомдору маданий жана кайрымдуулук иштерин уюштуруп турушат.

Негизинен кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү кыз-келиндер. Алар үй кызматында, кары кишилерди же бала карап иштешет. Дарыгер, мугалим жана инженер болуп иштеген кыргызстандыктар да аз эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG