Түркия АКШга каршы арыз менен кайрылганын ДСУ 20-августа ырастады.
Анкара бул эл аралык уюмга арыздануу аркылуу АКШны соода жана тарифтер боюнча 1994-жылы түзүлгөн жалпы келишимдин шарттарын бузганы үчүн айыптоодо.
Эми ДСУнун ички жоболоруна ылайык, НАТО боюнча өнөктөш болуп эсептелген бул эки өлкө талаш-тартышын алтымыш күн ичинде өз ара жөнгө салууга аракеттениши керек. Болбосо маселени кароо ДСУ аралашкан экинчи баскычка чыгат.
АКШга каршы арыз жиберилип жатканда президент Режеп Тайып Эрдоган ушул дүйшөмбү күнү Курман айтты утурлаган телекайрылуусунда өз өлкөсүндөгү валюталык кризисти Түркиянын экономикасына каршы “чабуулдун” натыйжасы катары сыпаттады:
- Бул жерде экономикабызга кол салуу менен желегибизге жана ишенимибизге кол салуунун ортосунда эч айырма жок. Мунун максаты окшош эле. Максат - Түркияны, түрк элин тизелетип, барымтага алуу. Түркияны террордук уюмдар, чыккынчы кылмышкерлер, миң түрлүү айла-амалдар менен жыга албагандар, бизди эми акча алмашуу курсу менен багындырабыз деп ойлоп жатышат. Алар жаңылышканын жакын арада эле түшүнүшөт. Кудай колдосо, биздин өлкөдө мунун баарын жеңгидей кубат жана жөндөм бар.
Президент Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсүнүн экономикасына “кол салуучу” катары конкреттүү түрдө кайсы бир өлкөнү же институтту атаган жок. Бирок ал мурдараак улуттук акчанын куну кеткени үчүн Батыштагы рейтинг агенттиктери менен финансисттерди жана “үстөк пайыздын сүрөөнчүлөрүн” күнөөлөгөн.
Түркияда лиранын куну кетишинин жаңы баскычы АКШ 10-августтан тартып бул өлкөдө өндүрүлгөн болотко 50%, алюминийге 20% кошумча бажы салыгын киргизгенден кийинки учурга туш келди.
Вашингтон өз кезегинде Түркияга каршы экономикалык санкцияларын расмий Анкара америкалык евангелист динаятчы Эндрю Брансонду бошотпой жатканына да байланыштырган. Эгер бир жарым жыл мурда Измир шаарында кармалып, азыр үй камагында олтурган Брансон сотто күнөөлүү деп табылса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Түркия тарап аны тыңчылык жана терроризм боюнча күнөөлөп, АКШдагы түрк диниятчысы, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхуллах Гүлен менен карым-катышта экенин билдирген.
Америкалык динаятчынын өзү жана АКШнын бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышкан.
Ал арада президент Дональд Трамп "Reuters" агенттиги менен 20-августта болгон интервьюсунда америкалык динаятчыны бошотуу маселесинде “эч кандай чегинүү" болбой тургандыгын, Түркия бул үчүн кандай талап койсо да Вашингтон ага көнбөй турганын белгиледи.
Трамптын айтымында, ал Израилдин камагындагы түркиялык жаранды бошотууга Тел-Авивди ынандырууга жардам бергенде, президент Режеп Тайып Эрдоган да пастор Эндрю Брансонду бошотот деп ойлогон. “Менимче, алар олуттуу ката кетирди”,- деди Трамп "Reuters" менен болгон маегинде.
Ал эми өткөн аптада Ак үй Түркияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар динаятчы бошотулган күндө деле алынбай турганын билдирген:
- Болотко киргизилген тарифтер пастор Брансон бошотулса эле алынбайт. Тарифттер - бул улуттук коопсуздук маселеси. Антсе да Түркияга каршы киргизилген экономикалык санкциялар пастор Брансон жана башкалар биздин көз карашыбыз боюнча адилетсиз кармалып жатканына байланыштуу. Албетте, биз Түркиядагы экономикалык кырдаалга, лиранын наркы кетип жатканына көз салуудабыз. Бирок Түркиянын экономикалык мүшкүлдөрү - АКШнын кайсыл бир аракетинин эмес, алар өзү түзгөн узак тенденциянын натыйжасы, - деген Ак үйдүн басма сөз өкүлү Сара Сандерс 15-августта.
Түркиянын камагында азыр АКШнын пастор Брансондон башка да ондон ашуун жараны, анын ичинде космос агенттиги НАСАнын түркиялык-америкалык окумуштуусу да бар.
Вашингтондун тариф боюнча чарасына жооп кылып Анкара да АКШ Түркияга саткан айрым товарларга , анын ичинде автоунааларга, алкоголго, тамекиге бажы салыгын көтөрөрүн жарыялаган.
АКШ Түркия үчүн төртүнчү ири соода өнөктөшү, ал эми Түркия - АКШ үчүн отуз ири соода өнөктөшүнүн катарына да кирбейт.
Өлкөнүн улуттук акчасы лира жыл башынан бери 40% наркын жоготту. Учурда бир доллар алты лирадан көбүрөөк бааланууда.