Түрк дүйнөсү Айтматовдy окуйт
Түркияда жыл сайын декабрь айында туулган күнүн утурлай Чыңгыз Айматовдун чыгармачылыгын тааныткан жыйындар өтүп келатат. Быйылкы иш-чараны Стамбул мэриясы менен Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги биргелешип уюштурушту. Ага келген күйөрмандар атактуу жазуучусу Түркия калкына жетиштүү тааныштырыла элек деген ойлорун айтышты.