Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:00

Түркия: мөөнөтсүз шайлоого даярдык


Мерал Акшенер Стамбулдун Жогорку шайлоо кеңешинде. 4-май, 2018-жыл.
Мерал Акшенер Стамбулдун Жогорку шайлоо кеңешинде. 4-май, 2018-жыл.

Түркияда мөөнөтсүз президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Ал өзгөчө абалдын шартында өткөнү турат. Президент Режеп Тайып Эрдоган өзү шайлоо программасын жарыялап жатып, Анкара өлкөнүн коопсуздугу үчүн чек араларында жаңы аскердик операцияларды жүргүзө алаарына убада берди. Бул арада алдыдагы шайлоодо Эрдоганга чакырык таштай алчулардын да аты-жөнү белгилүү болду.

Бийликте турганына быйыл он алты жыл болгон, буга чейин бир нече шайлоодон өткөн Режеп Тайып Эрдоган жаңы программасын 6-майда Стамбулда, АК партиянын миңдеген жактоочуларынын алдында жарыялады:

- Түркия чек араны террорчул уюмдардан тазалаш үчүн “Евфрат калканы” менен “Зайтун бутагына” жаңы операцияларды кошо алат. Биз бул операцияар аркылуу түштүк чек арабыздагы террор коридорун талкаладык.

Президент Режеп Тайып Эрдоган АК партиянын Стамбулдагы курултайында.
Президент Режеп Тайып Эрдоган АК партиянын Стамбулдагы курултайында.

Түркиянын президенти “Евфрат калканы” жана “Зайтун бутагы” деп түрк армиясынын коңшу Сириянын аймагындагы аскердик операцияларын эске алып жатат.

“Ислам мамлекети” тобуна жана Сириядагы күрт согушкерлерине каршы багытталганы кабарланган "Евфрат калканы” операциясы сегиз айга созулуп, 2017-жылдын башында аяктаган.

Ал эми “Зайтун бутагы” операциясы акыркы үч айдан ашуун убакыттан бери жүрүп келатат.

Бул операциянын натыйжасында Түркия Сириянын Африн аймагынан жергиликтүү күрт кошуундарын сүрүп чыгарууга жетишти. Сириянын түндүгүндө “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө АКШнын негизги өнөктөшү болгон күрт кошуундарын (YPG) Анкара террордук топ деп эсептейт.

Талдоочулар Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоонун мерчемделгенден бир жыл эрте жарыяланышын бир чети Эрдогандын ушул аскердик операциядан кийин көтөрүлө түшкөн улутчулдук маанайды пайдалануу амалы катары да баалашат.

Шайлоо программасын жарыялап жатып экономикалык маселелерден Эрдоган насыялардын үстөгүн азайтууга, инфляцияны күчөтпөй кармап турууга, ошондой эле Анкаранын эски мүдөөсү болгон Евробиримдикке кошулуудан баш тартпоого да убада берди.

Өнөктүктүн башталышы менен президенттикке ат салышаарын жети саясатчы билдирди. Алардын үчөөнү парламенттеги партиялар көргөзсө, төртөө өз алдынча талапкерлер.

Түркиянын башкы оппозициялык уюму – Республикалык элдик партия президентикке таанымал депутаты Мухаррем Инжени аттандырууда:

Мухаррем Инже Республикалык-элдик партиянын жыйынында. Анкара, 4-май, 2018-жыл.
Мухаррем Инже Республикалык-элдик партиянын жыйынында. Анкара, 4-май, 2018-жыл.

- Шайлоо баннерлерин илиш үчүн он беш жашында көчөгө чыккан, Республикалык элдик-партиянын төш белгисин 39 жылдан бери тагынып жүргөн адам катары мен бейтарап президент болом. Төш белгимди силерге ишенип тапшырып турам, - деди башкы оппозициянын өкүлү жактоочуларына кайрылып.

Күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия (HDP) болсо президенттикке камактагы лидери Салахиддин Демирташты көргөздү.

2014-жылы президенттик шайлоодо үчүнчү орун алган Демирташ 2016-жылдын ноябрынан бери камакта отурат.

Салахиддин Демирташ. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Салахиддин Демирташ. 2015-жылы тартылган сүрөт.

Расмий Анкара Демирташтын партиясын да өлкөдө тыюу салынган Күрттөрдүн жумушчу партиясы ПКК менен байланышта деп эсептейт.

Бул жолу шайлоого өз алдынча талапкер катары аттангандардын арасында аял саясатчы да бар.

- Мен Жогорку шайлоо кеңешине 100 000 кол менен талапкер болуу арызын бердим. Кудай колдоп, биз муну ишке ашыра алсак, биз үчүн, биздин эл үчүн, Түркия үчүн жакшы болот, - деди 62 жаштагы Мерал Акшенер кабарчыларга.

Мурда Түркиянынички иштер министри, парламент төрагасынын орун басары болгон, Улуттук кыймыл партиясында турган Акшенер азыр “Жакшы партия” деген саясий уюмду жетектейт.

Өз алдынча талапкерлер 100 миң адамдын колун 9-майга чейин топтоп өткөрүшү керек.

АК партия курултайынын катышуучулары. Стамбул, 6-май, 2018-жыл.
АК партия курултайынын катышуучулары. Стамбул, 6-май, 2018-жыл.

Түркиядагы мөөнөтсүз шайлоо 24-июнга белгиленген. Андан кийин 2017-жылы апрелдеги референдумда Конституцияга киргизилген, президенттин ыйгарым укуктарын кыйла кеңейткен өзгөрүүлөр иштей баштайт.

Эрдоганды сындагандар эгер шайлоодо ал кайрадан жеңсе бир адамдын бийлиги азыркыдан да күчөй турганып эскертип жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG