Акыркы кезде Кыргызстанда волейбол ойногон кыз-келиндердин катары калыңдап баратат. Спорттун бул түрү ар кайсы кесиптин ээси болгон ондогон аялдын башын бир залга бириктирди. "Азаттык" волейбол ойноого дилгир, жумушка, оюнга, машыгууга убакыт тапкан айымдар тууралуу баяндайт.
55 жаштагы Максаткан Жайчибекова Чүйдүн Новопокровка айылында жашайт. Ал жумасына үч жолу 10-15 чакырым алыс жерден машыгуу үчүн Бишкекке келет. Жолдун алыстыгы анын волейбол ойногусу келген каалоосуна жолтоо боло алган жок.
"Бизде шейшемби, бейшемби күндөрү машыгуу болот. Ошого убактымды бир апта мурда бөлүштүрүп, ушул күндөрү жасай турган ишимди эртелеп бүтүрөм. Каалоо болсо жолдун алыстыгы деле билинбейт. Эки саатта жетем, келатканда кечки саат 8-9 болуп калат, ал кезде маршруткалар токтойт. Болбой эле такси менен келем. Болгону неберелеримдин сабагына жардам бергенге бир аз кечигем, ал күнү келиниме табыштайм. Бир мүнөз, акылдуу келиним бар".
Биздин каарман Медициналык окуу жайды, кийин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, спорт мектебинде баскетболдон машыктыруучу болуп иштеген. Көптүн бири катары союз тарагандан кийин соода-сатыкка өтүп, бир топ жыл машыгууга, өзүнө көңүл бурууга чолосу тийбей калганын айтып отурду.
"Балдарды окутуп, үйлөп-жайлагандан кийин сооданы да унуттук. Эми минтип бала багуучу болуп калдык (күлүп). Бир-эки мектеп "дене тарбия сабагынан мугалим бол" деп чакырышты. Неберелериме каралашып, окутушум керек".
"Анча-мынча фитнеске барып жүрдүм. Эч көңүлүмө толбойт, такыр тойбойм. Бир нерсе эле жетишпегендей болот. Анан тааныш кыздар аркылуу бир жылдан бери волейболго бара баштадым. Ортодо 25 жыл ойнобой калдым. Ага карабай өздөштүрүп кеттим. Издегенимди волейболдон таптым".
"Топ - бул кумар да, мен оюнга киргенде өзүмдү 18 жаштагыдай элестетип ойнойм. Кээ бирлери "койчу ай, картайганда да топ ойнойсуңбу?" дешет. Кээ бирлери тескерисинче "биз дагы ойносок кана" деп суктанышат. Мен аларды дароо эле "баскыла, ойнобуз" деп үгүттөйм".
"Азыр балдарым өзү менен өзү болуп калды. Бир кыз, эки уулум бар. Бир уулум үй-бүлөсү менен Кытайда жашап, иштейт. "Волейболго кийгенге форма алыңыз" деп ошол жактан тыйын салышат. Өзүм 80ге чыкканга чейин ойнойм деп пландап жатам. Кудай канча жаш, канча мүмкүнчүлүк берсе ошончо ойнойт элем", - дейт Максаткан Жайчибекова.
"Азаттык" кепке тарткан кийинки каарманыбыз Азиза Адамова 53 жашта. Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенет. Ал ары оор, ары жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган 30 жылда мугалим да, окуучу да өзгөргөнүн белгиледи. Балдарга билим гана бербестен, мээрим төгүп эне болууга дагы туура келерине токтолду.
"Эгер адам өзүнүн кесибин сүйсө баары жеңил болот. Азыр мугалимге көп милдет жүктөлүп калды. Балдарды тарбиялоо мурдагыга караганда татаал, оор болуп баратат. Азыр ата-энелер жашоо-шартына байланыштуу акча таап, үй-бүлөнү багабыз деп балдарга азыраак көңүл бурулуп калды.
Балдарга деле кыйын. Ата-энесин көрбөй чоңоюп жатышат. Жадагалса балдарын туугандарына, кошуна-колоңуна таштап кеткен үй-бүлөлөр бар. Өтө кейиштүү. Ата-эненин мээримине эч нерсе жетпейт да. Ошол балдар мугалимдерди кучактап, мээрим күтөт. "Эже, сиз эле апам болуп калбаптырсыз" деген сөздөрдү укканда ыйлагың келет", - деди Адамова.
COVID -19 пандемиясы дарыгерлер менен мугалимдин коомдогу ролу зор экенин ачык көрсөттү. Азиза Адамова ушул оор учурду спорт менен жеңгенин белгиледи. Мектепте жумушун бүтүрүп, залга, машыгууга шашып жөнөйт.
"Өтө оор учурлар болду. Баарыбыз күчүбүздү жумшадык, кызыктырып онлайн сабактарды түзүп келдик. Мен өзүм бала кезимден спортко жакынмын, жаш кезимде спорттун көп түрүнө катышкам. Үч жылдан бери волейбол ойнойм. Эртеден кечке иштеп, чарчаганда залга барып эс алып, топ чаап, энергия топтоп келем. Эртеси жумушка кадимкидей жакшы эмоция менен келесиң".
Азиза Адамова волейболдо бардык позицияда мыкты ойногон оюнчулардын бири. Ал мыкты чабуулчу дагы, коргоочу дагы боло алат. Биз андан мыкты оюнчу болуунун сырын сурадык. Биздин каарман "Убагында машыгуу, оюнга ырааттуу катышуу жана спортко болгон сүйүү сен каалаган жыйынтыкты берет" деп эсептейт.
"Айылда, Баткенде кара жумушка алаксып жүрүп, спорт биз үчүн өтө баалуу болуп калса керек. Убагында тамеки, жүгөрү отоп, алма терип, картошка жыйнап жумуш такыр бүтчү эмес. Бир аз болсо да спорт менен машыгып, эс алганга зар болчубуз. Мектепте беш мүнөттүк танаписте чуркап барып топ чаап келчүбүз. Ошондуктан оюндун дагы кадырын билип, майын чыгарып ойнош керек деп калсак керек".
"Азаттыктын" волейболду сүйгөн кийинки каарманы - Нурила Ниязова 56 жашта. Ишкерлик, үйдөгү жумуш, карым-катыш менен кошо машыгууларды дагы калтырбаганга аракет кылат. Спортко атасы Энгельс Жээнбаевдин таасири менен келгенин, үй-бүлөсү, бир туугандары дагы волейболдун күйөрманы экенин айтууда. Өзү волейболду 6-классынан тартып ойной баштаган.
"Биздин атабыз 1966-жылдары кыргыз спортунда, волейбол боюнча алдыңкы оюнчулардын бири болгон. Спорт - бул тартип. Волейболду 6-классымдан тартып ойнойм. 1983-жылы Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайда окугам, ошол жерде дагы курама команданын мүчөсү болчумун. Союз маалында спортко профсоюздан атайын акча каралат эле. 30 сом стипендия алсам, спортчуларга 12 сом жардам катары берилчү. Көптөн бери ойнобой калдык эле, соңку беш-алты жылдан бери активдүү айымдар, спорт сүйүүчүлөр жакшы демилге көтөрүп, "Энелер лигасы" деп волейбол боюнча мелдештерди уюштуруп жатат".
"Топ ойногон кыз-келиндердин катары калыңдап, күйөрмандар көбөйдү. Азыр кыз-келиндерге эң сонун шарттар түзүлгөн. Биз мурда убактыбыз болсо да бара турган зал жок болчу".
Кыргызстанда акыркы кезде кыз-келиндер арасында воллейбол популярдуу болууда. Спорттун бул түрүн хобби катары ойногон кыз-келиндердин көбү үй-бүлө, жолдоштору колдоп, тылы бекем экенин белгилешет. Эң негизгиси ар бир аял өзүнө көңүл буруп, өзүнө жаккан ишти жасаганы рахат тартуулайт дейт биздин каарман. Ал азыр дагы ишин эртерээк бүтүрүп, кезектеги машыгуусуна шашып жөнөдү.
"Волейбол менин жашоомдогу эң жакшы учурларым десем болот. Топсуз өзүмдү жакшы элестете албайм. Бул кумар, ансыз жашоо болбой калат го. Экинчиден, бул командалык оюн болгон үчүн бири-бирине мамиле кылууну, улуу-кичүүнү сыйлап, урматтоону дагы үйрөтөт. Командада бир адам жетишпей калса оюн жакшы болбой калат. Ошондуктан баарын сыйлап кечикпей, убагында барганга аракет кыласың. Жеңишти дагы, жеңилүүнү дагы кыздар менен чогуу тартасың. Бул бир башкача сезим", - дейт Ниязова.
Акыркы кезде Кыргызстанда волейбол ойногон кыз-келиндердин катары калыңдап баратат. Спорттун бул түрү ар кайсы кесиптин ээлери болгон ондогон аялдын башын бир залга бириктирди.
Топту ойгелди чаппай техникасын кошо үйрөткөн машыктыруучу Нургүл Жунузалы кызы 10 жылга жакын убакыттан бери кыз-келиндер менен иштешип келет. Ал соңку 6-7 жыл аралыгында волейбол ойногон командалар дээрлик он эсе көбөйгөнүн билдирүүдө.
"Кыргызстанда топ оюндары буга чейин анча популярдуу эмес болду. Соңку 6-7 жылдан бери кыз-келиндердин волейболго, жалпы эле спортко кызыгуусу өстү. Спорт залдардын ачылып жатканы дагы буга түрткү болууда. Мындан жети жыл мурда үч команда менен баштаганбыз. Ошондо топ ойногон кыз-келиндерди көбөйтөбүз десе такыр ишенген эмесмин. Үй-бүлөлүү, өздөрү өтө жаш болбосо аларды кантип кызыктырабыз деп ойлодум эле. Бир жылдан кийин волейбол ойногон командалар 14кө жетти. Азыр Бишкек шаарында эле "Энелер лигасында" 60тай команда ойноп жатат".
Машыктыруучу кыз-келиндер арасындагы волейбол, эже-сиңдилерди топ ойноого үйрөтүүнүн өзгөчөлүктөрү туурасында да айтып берди.
"Эжелер волейболго келип баштагандан тартып күйөөлөрү дагы сүйүнө баштады. Тамаша-чыны аралаш "үйгө барсак тамак-аш даяр, бардык иш бүткөн, топко барам деп эрте даярданат" деп айтып калат. Спорт пандемияны дагы жеңип чыкты десек болот. Мен өзүм машыктырган эжекелер арасынан көрдүм, көбү ооруну жеңил өткөрүштү".
"Сен машыктыруучу эле эмес, психолог дагы болушуң керек. Кээде маанайы түшүп, кабагы бүркөлүп келген эжекелердин көңүлүн ачууга аракет кыласың", - дейт Нургүл Жунузалы кызы.
"Айрымдар күлүп-жайнап келген менен айтканыңды аткарбай, кежирленет. Аларга катуураак эскертүү жасаганга туура келет. Анткени машыгууга келгендердин көбү менден улуу, уул-кызы бар апалар. Бирок машыктырууга келгенде алдыга эч кимди салдырбайм. Көбү 35 жаштан жогорку айымдарды машыктырам. Эң улуусу 63 жашта. Басымдуу бөлүгү 40-55 жашка чейинкилер".
Машыктыруучулук Нургүл Жунузалы кызынын дагы кошумча жумушу. Ал Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде эмгектенет. Өзү дагы топ ойноп, ал жетектеген команда университеттер арасындагы мелдеште үчүнчү орунду алды.
Машыктыруучу катары өз алдынча изденип, кесиптештери менен тажрыйба алмашып, интернеттен жаңы ыкмаларды колдонууга аракет кылат.
"Мунун баары иштин жыйынтыгын чыгаруу үчүн", - дейт ал. Машыктыруучулукту атасынан үйрөнгөн экен.
Волейбол табыштырган достор жеңилин жерден, оорун колдон алууга даяр. Алар жаштарга үлгү болуп сергек жашоо образын жайылтып келет.