28-июлда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токиого Олимпиада оюндарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, мелдештерге Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы катышат. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев спортчуларды коштоп кетти.
1-августта Айпери Медет кызы, 2- августта Мээрим Жуманазарова, жана 3-август күнү Айсулуу Тыныбекова күрөшөт.
Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Буга чейин мамлекет Олимп оюндарында алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом, күмүш медалга 7 миллион сом, коло медалга ээ болсо 5 миллион сом сый акы берерин убада кылган.
Кечээ күнү грек-рим күрөшү боюнча олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды.
Биринчилерден болуп 1-августта саат 8:00дө 60 кг салмака чейинкилер арасында Жоламан Шаршенбеков мелдешке чыгат. 2-августта 77 жана 97 кг салмака чейинкилер арасында Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков күрөшөт.
3-август саат 8:00 до, 87 кг салмака чейин Атабек Азизбеков бетешке чыкмакчы.
Команда | Алтын | Күмүш | Коло | Баары |
1. Жапония | 11 | 4 | 5 | 20 |
2. АКШ | 10 | 10 | 9 | 29 |
3. Кытай | 10 | 5 | 8 | 23 |
4. Орусиянын Олимпиада комитети | 7 | 8 | 4 | 19 |
5. Австралия | 6 | 1 | 8 | 15 |
Команда | Алтын | Күмүш | Коло | Баары |
26. Өзбекстан | 1 | 1 | ||
41. Түркмөнстан | 1 | 1 | ||
49. Казакстан | 3 | 3 | ||
Кыргызстан | ||||
Тажикстан |
Түркмөнстандык оор атлет Полина Гурьева Токиодогу Олимп оюндарынын жүрүшүндө күмүш медалга ээ болду. Бул көз карандысыз Түркмөнстандын тарыхындагы алгачкы олимпиадалык медал болуп калды.
Полина Гурьева оор атлеттер арасындагы 59 килограммдык салмактагылардын мелдешинде 217 кг салмактагы штанганы көтөрдү.
Алтын медалды тайвандык спортчу Куо Син-Чжунь алды. Ал эми коло медалды болсо Жапониядан Микико Андо тагынды.
Буга чейин Түркмөнстандын курама командасы өткөн отуз жыл аралыгында болуп өткөн Олимп оюндарында бир дагы жолу медал алган эмес эле.
Бул жолу Түркмөнстандын спортчуларын президенттин уулу, вице-премьер Сердар Бердымухамедов баштап барды. Олимпиадага Түркмөнстандан тогуз спортчу катышууда.
Олимп оюндарынын үчүнчү күнү Жапониянын спортчулары 8 алтын медал утуп, алдыга чыкты. Беттештин кызыктуу ирмемдерин сүрөт баяндан көрүңүздөр.