Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:39
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Орусиянын курама командасы өлкө туусу менен эмес, Улуттук олимпиада комитетинин символикасы менен чыкты. Анткени кызытма жаңжалынан кийин Спорттук арбитраждык сот Орусияга мамлекеттик символдорду колдонууга 2022-жылдын 16-декабрына чейин тыюу салган.

Олимп оюндарынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыкты. 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Борбор Азиядан 201 спортчу (Казакстан - 95, Өзбекстан - 71, Кыргызстан - 16, Тажикстан - 10, Түркмөнстан - 9) Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышууда. Алардын курамы тууралуу бул жерден таанышыңыз.

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миңге ылайыкташкан стадиондо ачылды. Бирок ага болгону 950 адам гана кирди, дүйнөлүк лидерлерден он бештей гана конок катышууда.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде жапон бийчилери башында сакура гүлүнүн элеси түшүрүлгөн түркүн-түс лазердик чагылдыруунун коштоосунда бийлеп, стадионду көрккө бөлөдү.

Анын башында дүйнөдө жүрүп жаткан ар кандай табийгый кубулуштар музыкалаштырылган театралдаштырылган оюн-зооктор аркылуу көрсөтүлдү.

Оюн-зооктордо эки жылдан бери дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин адамзатты чырмооктой орогон учуру дагы берилди. Анда бийчилер шоунун жүрүшүндө дүйнөнү каптаган илдеттин улам жөргөмүштүн желесиндей тарап, адамзаттын дем алуусун чектеген көрүнүшү музыканын коштоосунда көркөмдүк менен берди. Адамзаттын жашоо үчүн күрөшү, бири-бирине кам көргөн сезимдери бийчилердин шоусу аркылуу чагылдырылды.

Мындан кийин Жапониянын туусун көтөргөн бир түстө кийинген топ стадиондун ортосуна басып келип, тууну жапон куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнө тапшырды. Желек аскер адамдары тарабынан Жапониянын гимнинин коштоосунда жогору көтөрүлүп, флагштокко илинди.

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыкканына байланыштуу уюштуруу комитети көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Көпчүлүк чет элдик көрүүчүлөр Олимп оюндарынын ачылыш аземине киргизилбей турганы жарыяланган. Ошондуктан Олимп оюндарынын ачылыш аземи дээрлик бош турган чоң стадиондо өтүп жатат. Улуттук курама командалар салтанаттуу параддан өтүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG