Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Абактагы төрт журналист үй камагына чыкты


Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков. 9-апрель, 2024-жыл.
Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу, Сайпидин Султаналиев жана Тыныстан Асыпбеков. 9-апрель, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Ушуну менен Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта калды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын билдиришинче, 9-апрелдеги журналисттердин соту тергөөнүн өтүнүчү менен өттү.

Ага чейин, 5-апрелде Бишкек шаардык соту “Арча Медиада” (мурдагы Next TV) иштеген журналист Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызын карап, аны 12-майга чейин абакта калтырган чечим чыгарган.

Сотто Султаналиевдин адвокаты саламаттыгына байланыштуу аны үй камагына чыгарууну соттон өтүнгөн. Жактоочу журналисттин кичинекей үч баласы бардыгын, анын бири оорукчан экенин, Султаналиев үйдө жалгыз багуучу экенин да белгилеген. Бирок сот бул жагдайларды эске алган эмес.

6-апрелде Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы тергөө абагында сабалганы маалым болгон.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 6-апрель күнү Бишкектеги №1 тергөө абагына барып журналистке жолуккан учурда Махабат Тажибек кызы ага абак кызматкерлери орой мамиле жасап, кол көтөргөнүн билдирген.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Кыргызстанда камакта жаткан журналисттердин дагы төртөөнүн үй камагына чыгарылышы тууралуу билдирүү жасап, кыргыз бийлигин 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды.

Журналисттерди коргоо комитети бийлик тергөө абагындагы дагы төрт журналистти бошотуп, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштешине мүмкүнчүлүк бериши керек экенин билдирди.

“Temirov Live менен байланышы бар дагы төрт журналисттин бошотулушу - туура кадам. Бирок Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерин одоно бузууну улантууда”, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия программасынын координатору Гүлноза Саид.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.


Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Март айында дүйнөдөгү бир катар маалымат каражаттары жана иликтөөчү журналисттер Бишкекте камакка алынган кесиптештерин бошотууга чакырган өнөктүк баштаган. Чехия, Словакия, Польша, Венгрия, Эстониядагы медиа кызматкерлердин видео кайрылуусун 11-мартта Братиславадагы Jána Kuciaka иликтөө борбору (ICJK) Фейсбукка жарыялап, ага бир катар өлкөлөрдөгү иликтөөчүлөр акцияга кошулган.

Алар Кыргызстанда акыркы жылдары сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканын айтып, муну орусиялык ыкмага теңешкен болчу.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) баш болгон бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди бошотууга чакырган.

Эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратканы белгиленгени менен кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маектеринин биринде камалган журналисттерди “адискөй эмес” деп сыпаттап, социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин” белгилеген. Анда өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдар сакталышы керектигин айткан.

"Биз сапаттуу иликтөөчү журналистиканы колдойбуз. Бирок көп учурда блогерлер “чымындан пил жасаган” фактыларды жайылтуу менен же коомчулукту манипуляция кылып, дүрбөлөңгө салуу менен алек. Алардын материалдары ойдон чыгарылган маалыматтар менен эмес, фактылар менен бекемделиши керек. Биз коомдо көп пикирдүүлүктү колдойбуз, бирок мамлекеттин жок болушуна, тагыраагы, жоопкерчилиги жок сөз эркиндигине каршыбыз. Биздин эркиндигибиз Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошу керек”, - деген Жапаров.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыктын" студиясындагы талкууда журналисттердин камалышын аларды ириде "тарбиялоо максаты" менен байланыштырган.

"Биздин жаш балдар, алар, албетте, душман эмес. Албетте, жаңылышкан. Алар "бала баладай, башы-көзү чарадай". Алардын эч кандай чыккынчылык, эч кандай маселеси жок. Аларды деле президентибиз болобу, органдарыбыз болобу, соттор болобу, түрмөгө чиритейин деген деле ою жок. Бул тарбиялык маселе. Аталык, агалык милдет бул - тарбия. Үй-бүлө башчы болобу, үй кожоюуну болобу, тартипке салып коюш керек. Тартиптүү эл кул болбойт. Ошондуктан тартип болушу керек. Бул камоо эмес, бул бардыгын ишке тартуу", - деген Байсалов.

Өкмөт өкүлүнүн бул билдирүүсү коомчулукта катуу сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG