Ишкерлердин белгилешинче, бул социалдык тармак товар сатууда, бизнести жарнамалоодо жакшы аянтча болгон.
ТикТок ошондой эле айрым кыргыз жаштарын дүйнөлүк атактуулукка жеткирип, киреше табууга жол көрсөткөнү айтылып жатат.
Кыргызстандагы интернет провайдерлер 18-апрелдин таңында ТикТок платформасын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин тапшырмасы менен бөгөттөдү. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аталган министрликке кат жолдогону себеп болгон. Катта ТикТоктун кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган.
ТикТокту ишкерликке колдонгондордун бири Айзат Шаршенбек кызы. Ал "Дордой" базарында сатылган кийим-кечелерди ушул платформа аркылуу жарнамалап кардар таап келген.
"Базарга өзүм барып, модель катары кийимдерди кийип видео тартып, аны ТикТокко жүктөйм. Аз эле убакыт ичинде жеке кат куржунума кардарлар жаза баштайт. Алардын көбү Новосибирск, Москва, Санкт-Петербург шаарларынан. Бул мен үчүн абдан ыңгайлуу. Себеби, кардардын өлчөмүн билип, кайсы өңдү каалап жатканын такташып алып карго кызматы аркылуу жөнөтөм. Андан сырткары ошол эле ТикТок аркылуу онлайн сооданы үйрөнөт элем деген кыз-келиндерге сабак өтөм. Айтор, менин бир айлык кирешем 100 миң сомдон кем болбойт. Ошол эле кезде ТикТоктогу баракчамды алдыга жылдырууга, эл көп көрүшү үчүн катталуучуларды топтоого акча төлөбөйм. Азыр Вотсапта мендей сатуучулар "эми кандай кылабыз, кантип иштейбиз" деп күрү-күү түшүп жатат. Инстаграмга көчөлү десек анын алгоритми такыр ашка, ал жерде акча төлөп, катталуучу топтоо зарыл. Айтор биз азыр кыйын абалда турабыз. Жайкы сезон келатканда ТикТокту зыян деп жаап коюшту, бизге эми ким иш ордун берет?".
Кыска видеолорду көрүүгө ылайыкташкан бул сервис Бээжиндеги ByteDance компаниясына таандык. Ал 2016-жылы ишин баштап, 2018-жылы эл аралык деңгээлге чыга баштаган.
ТикТокто 152 миңден ашык катталуучусу бар фудблогер Азиза Бердибаева эми башка платформаларга көчүүгө туура келерин айтууда.
"Блогерлер катары биз менен диалог болуп, атайын бир анализ деле жүргөн жок. Мурда журналистика тармагында иштегем, мамлекеттик органдарда байланыш номерлерим бар. Тилекке каршы, ТикТоктун контентин жакшыртуу, элге кереги тийген видеолорду тартуу жөнүндө бир да жолу жолугуу болгон эмес. Билим, туризм, тамак жасоо, тил үйрөтүү, тиги же бул кесиптин сырларын ачып берүү ж.б. сонун темалар айтылып жаткан. ТикТок Кыргызстанда эми гана көтөрүлүп, бир жакшы жыйынтыктар чыга баштаган эле".
Бул сервисти Кыргызстанда канча киши колдонору жана андан канча пайда табары тууралуу атайын жүргүзүлгөн статистика жок. Бирок аталган платформа аркылуу жарнама, аткарып жаткан ишиң тууралуу блогдорду чыгаруу, соода-сатык жүргүзүү акысыз болчу.
Ишкер Данияр Аманалиев ички рынокту тейлегендерге ТикТоктун жабылышы анчейин таасир этпейт, бирок тышкы рынокко ылайыкташып алгандарга бул чоң сокку болот деп эсептейт.
"Алсак, Арген Сигма деген ат менен белгилүү кыргызстандык жигит аз убакыттан кийин YouTube каналындагы видеолору үчүн бул платформанын алмаз баскычын алат. Арген социалдык тармактарды колдонуу аркылуу дүйнөлүк деңгээлдеги атактуулукка жеткен адамдардын катарында турат. Ал Италиянын футбол клубу менен коллаборация тартып, Хаби Вейм менен эмгек жараткан. Ал буга ошол эле ТикТок, Инстаграм же Ютуб жок болсо жетмек эмес. Ошондуктан биз бир тармакты жабуу башкалар үчүн коркунуч жаратарын түшүнүшүбүз керек. Анткени ошол эле логиканы колдонуп, Инстаграм жана Ютубду да жаап салышы ыктымал. Биз кайда баратабыз деген суроо жаралат. Тагыраагы, ички рынокто бир эле социалдык тармак жабылды деп кабыл алсак, тышкы рынокто иштегендерге чоң тоскоолдук жаралды, алар адаттагыдан аз каражат таап калат. Ата-энелер тилекке каршы балдары үчүн жоопкерчилик алгысы келбей жатат. Алар балдарынын терс жолго түшкөнүн жаңы чыккан технологиялардан көрүп, социалдык тармактарды күнөөлөшөт. Бирок баланын бакубат жашоосу үчүн биринчи кезекте өзүбүз - ата-энелер жоопкер экенибизди түшүнүүгө убакыт келди. Биз гана аларга үлгү боло алабыз жана жашоодо туура багыт берип, уул-кыздарыбыздын ар бир кылганы үчүн жоопкер болушубуз керек".
Экономист Эмил Үмөталиев платформанын Кыргызстанда бөгөттөлүшү ишкердин ишин токтотпойт деп эсептейт. Бирок кыргыз бийлиги акысыз мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонууга тоскоолдук жаратып жатат деген пикирде.
"Бардыгы салыштырмалуу, жаңы шарттарга караганда ишкер артка кетиши мүмкүн. Атаандаштыктан да башка ишкерлер арасында уттуруп жибериши ыктымал. Албетте ошондой эле ишкерлик кылган чөйрөдөн да көз карандуулук бар. Мисалы, ошол эле Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстанда ТикТок кандай иштеп жатат? Эгерде бул өлкөлөрдөгү майда жана чакан ишкерлердин азыркы абалы биздикине салыштырмалуу жакшы эмес, бирок ТикТокко киргенге, ал платформада өз товарын жарнамалоого алы жетип турса, анда алар атаандаштык жагынан чоң эле утушка ээ. Азыркы тапта Борбор Азия боюнча Өзбекстанда да ТикТокко чектөө бар. Ошондуктан бул өлкөлөрдө интернет аркылуу акча тапкандардын саны кыйла кыскарышы ыктымал. ТикТок берген мүмкүнчүлүктөрдү кеңири колдонуп, андан кийин өз убагында так аныкталган чектөөлөрдү киргизүү оң болмок. Бул биринчи кезекте карапайым жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Эгер мындай тенденция токтобой улана берсе, анда биз ишкерликтин бутун буугандай кете беребиз".
2016-жылы Кытайда чыккан тиркеме 2023-жылы 11 миллиард доллардай киреше тапкан. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 4,6 миллиард доллар болгон. ТикТоктун өкүлчүлүктөрү Лос-Анжелес, Нью-Йорк, Лондон, Париж, Москва, Берлин, Дубай, Мумбай, Жакарта, Сеул жана Токиодо бар.
Кыргызстанда былтыр 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме анда платформа балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырлыгын билдирген. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн да кошумчалаган.
Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны "сөз эркиндигин чектөө" катары баалагандар болгон.