Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

АКШ: 170 миллиондон ашуун киши ТикТоксуз калабы?


Бээжин АКШнын ТикТокко байланышкан мыйзам долбоорун сындады. Конгресстин Өкүлдөр палатасы 13-мартта өлкө аймагында кытайлык популярдуу тиркеменин ишин чектөөнү караган документти жактырган. АКШда кыска видеолорго адистешкен ТикТокту 170 миллиондон көп киши колдонот.

14-мартта Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин АКШ атаандаштыктын, эл аралык сооданын эрежелерин бузууда деп, улуттук коопсуздукка шылтоолоп, башка бир өлкөнүн компанияларын чектөө адилетсиз чечим экенин билдирди:

Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин. Архив
Кытай Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин. Архив

“Башкалардын жакшы нерселерин тартып алуу аракети – бандиттердин логикасы. Кошмо Штаттардын ТикТокко жасаган жоругу ал өлкө орноткон атаандаштык эрежелери дүйнөгө же аларга гана пайда алып келеби деген суроого жооп берди”.

Шаршембиде АКШнын Өкүлдөр палатасы өлкө аймагында кытайлык тиркеменин ишин чектөөнү караган мыйзам долбоорун жактырган.

Атап айтканда конгрессмендер кытайлык ByteDance компаниясы ТикТокту башка бирөөгө сатпаса, тиркемени америкалык Apple жана Google компанияларынын аянтчаларында сатууга тыюуну колдошту.

Мындай чектөөнү жактагандар ТикТок АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деп санашат. Алардын айтымында, Кытай өкмөтү атайын кызматтар тууралуу өз мыйзамдарын ByteDance компаниясына каршы пайдаланышы мүмкүн. Башкача айтканда, тиркемени колдонгон америкалык жарандардын жеке маалыматтарын талап кылат деп чочулашат.

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы добуш берүү. Вашингтон, 13-март, 2024-жыл
АКШнын Өкүлдөр палатасындагы добуш берүү. Вашингтон, 13-март, 2024-жыл

Мыйзам долбоору Сенаттан өтүп, президент кол койсо, ByteDance 5 айдын ичинде ТикТокту сатууга тийиш болот. CNN белгилегендей, андай болбосо, америкалык кардарлар тиркемени өз гажеттерине орното албай калат.

Айрым эксперттер башка социалдык медиа компаниялардан айырмаланып, ТикТок кардарлардын жеке маалыматын көбүрөөк чогултарына көңул бурушат. Андан тышкары америкалыктарды бөлүп-жарган маалыматтарды тарата алат, ТикТокко чыккан видеолор өспүрүмдөрдүн менталдык саламаттыгына зыян алып келет деген санааркоолор да айтылып жүрөт.

Ушу тапта АКШда бул тиркемени 170 миллиондон көп киши колдонот.

Бир катар булактар сөз болгон компаниянын Бээжин бийлиги, саясий цензура менен байланыштары жөнүндө айтып жүрүшөт. ByteDance Америкада жана башка өлкөлөрдө буга чейин иликтөөгө туш болгон.

ТикТоктун башчысы Шоу Цзы Чю өткөн жылы марттын аягында АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитетинде бир нече саат бою мыйзам чыгаруучулардын суроолоруна жооп берген.

ТикТок буга чейин өзүнүн айланасындагы мындай окуяларды “саясий театр” деп атап, АКШ Конгрессин америкалыктарды цензуралоого аракет көрүп жатат деп сындаган.

Ошондой эле ByteDance компаниясынын 60% эл аралык инвесторлорго таандык жана Кытай өкмөтү аларга таасир этепсин айтып келатат.

Кытай Кошмо Штаттар улуттук коопсуздук концепциясына ашыкча кооптонуп жатат деп айтып келет.

ТикТокту колдогон акция. Вашингтон, 12-март 2024-жыл
ТикТокту колдогон акция. Вашингтон, 12-март 2024-жыл

Кибер коопсуздук боюнча эксперттердин пикиринде, ТикТокко байланышкан коопсуздук маселелери тынчсыздандырганы менен, ошондой коркунуч бар деп так кесе айтуу азырынча мүмкүн эмес. АКШнын расмий адамдары Кытай өкмөтү америкалык кардарлардын жеке маалыматтарын топтогонун далилдеген эмес. Жаңы мыйзам долбоору андай иштин алдын алууну көздөйт.

Өкүлдөр палатасындагы добуш берүү алдында, 12-мартта Вашингтондо айрым мыйзам чыгаруучулар менен тиркеменин колдонуучулары нааразылыгын билдирип чыккан. Алардын бири Калифорния штатынан конгрессмен Роберт Гарсиа:

"ТикТокко тыюу салуу жарандардын өз пикирин эркин билдирүүнү чектөө гана эмес. Иш жүзүндө улуттук экономикага чоң залака тийгизип жатасыңар. Экономиканы алдыга жылдыруу үчүн ТикТокту колдонгон чакан бизнестин ээлери азыр ушул жерде турушат".

Долбоор жактырылгандан кийин да нааразылык тынчыган жок.

Буга чейин бир катар өлкөлөр, мекемелер тиркемени толугу менен же жарым -жартылай чектөө чечимин кабыл алышкан.

XS
SM
MD
LG