Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Тигүү тармагындагы кризис: Өзбекстанга көчкөн цехтер


Кийим тигүү цехи.
Кийим тигүү цехи.

Тигүү тармагынын өкүлдөрү былтыртан бери ири буюртмалар башка жакка ооп кетип, бир катар кыйынчылыктар жаралганын билдиришүүдө.

Коңшу Өзбекстан менен Казакстан Евразия экономикалык биримдигинин жеңил өнөр жай рыногунда кыргыз тигүүчүлөрүнө күчтүү атаандаштык жаратууда. Тигүүчүлөр өкмөттүн экономикалык реформалары аларды катуу жүдөтүп жатканын айтса, эксперттер тармак өнүгүүнүн жаңы этабына өтүп баратканын белгилешүүдө.

Тигүү индустриясы кандай өзгөрүүлөргө муктаж болуп жана өкмөттүн чаралары заман талабына шайкеш келүүдөбү?

Бишкектеги кийим тигүү цехинин ээси Диля Дүйшөбаева 2023-жылга чейин тиккен пальтолорун Орусия, Өзбекстан, Казакстанга экспорттоп, жакшы киреше менен иштеп келген.

Бирок былтыртан бери Кыргызстандын тигүү тармагындагы ишкерлер демилгени коңшуларга алдырып баратканын айтууда:

“Азыр биздин базардан Өзбекстан албай калды. Себеби аларда мамлекет аябай колдоп, миңдеген орундуу фабрикаларды ачып жатат. Мен пальто тигем. Мурда пальто алып жүргөн кардар бар эле. Ал миң орундуу фабрика ачты дагы, ошого бизде иштеген технологду жакшы айлык коюп берип алып кетти. Бул бизден пальто албай калды деген сөз. Азыр Өзбекстан, Тажикстан келбей калды. Казакстан Кытайдан алууда. 1993-жылдан бери “Дордойду” өзүбүз түптөп келсек, азыр ишкерлердин нанын башка коңшулар алып кетип жатат. Себеби аларда ишкерге колдоо көбүрөөк болуп жатат. Бизде колдоо болбой жаткандай. Ишкерлер өзүбүз куруп, өзүбүз жасап, ушинтип эле иштеп жатабыз”.

Урмат Байматов аттуу ишкер дагы соңку кездери Өзбекстандын ишкерлери “Мадина” базарына келип “Өзбекстанга товарыңар менен келгиле, эки жыл бажы алымын, ижара акы, салык төлөбөйсүңөр” деп таттуу убадаларды берип, чакырып жатканын көргөнүн айтты.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жеңил өнөр жайында иштетилген чийки заттын 90% чукулу Кытайдан импорттолот. Соңку жылдары тигүү цехтерине Бангладеш, Пакистан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн арзан жумушчу күчүн алып келгендер көбөйгөн.

Деген менен, расмий статистика Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өрүшү жылдан-жылга кеңейип баратканын көрсөтөт. Маселен, 2023-жылы өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү мурдагы жылга караганда 62% өстү (2022-жылдагы өсүү 35% түзгөн болчу). Дээрлик 16,5 млрд сомдон турган жалпы көлөмдүн 80% жакынын кийим тигүү өндүрүшү түзөт.

“Мамлекеттик колдоого муктаж болуп турабыз”

Тигүү компанияларынын өкүлдөрү аларга мамлекеттин колдоосу жетишпей турганын айтууда. Маселен, ири буюртмаларды алып келүү үчүн ишкерлердин эл аралык көргөзмө-жармаңкелерге барып, катышуусуна шарт түзүү, логистика көйгөйүн чечүү, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү, каржылык жана материалдык колдоолорду көрсөтүү өңдүү чаралар зарыл болууда.

Green фабрикасынын жетекчиси Тилек Сапарбаев жакында тигүү индустриясына арналган тегерек үстөлгө катышып, көбүнчө Казакстанда жаралып жаткан логистикалык көйгөйлөрдү чечпесе, Кыргызстандын тигүүчүлөрү атаандаштыкка туруштук бере албай, ири буюртмалардан кур каларын белгиледи:

“Мына, 30 күндөн бери биздин жөнөткөн товарыбыз кетпей жатат. Аба ырайынан да болот, бирок ал 20% эле түзөт. Калган 80% Казакстан менен Орусиядагы бажы маселесине байланышкан. Эркечтамга сканер коридору коюлуп, жакшы болуп калды. Эмнеге биздин өкүлдөр Казакстанга барып “биз ушуну менен оокат кылып атабыз, кетип аткан товарды тоспогулачы” деп сүйлөшүп, ошондойдон коюп бербейт? Биз эптеп тигил жактан кардарларды таап, буюртма алабыз дагы, жөнөткөндө 10 күн деп келишимге жазабыз. Анан тигил жакта фуранын бир айыл эмес, бир шаар кезеги бар. Анан жеткенче кардарлар баш тартат. Бул маселени ким чечет? Биздин эле маселе эмес да, мамлекетке дагы зыян. Эгер биз анын буюртмасын убагында жеткизбесек, ал албетте логистикасы жакшы Өзбекстанга, Кытайга ооп кетет. Чоң бренддер Кыргызстандан кетип жатат. Биздин Green компаниясында эле үч-төрт кардар бар болчу, алар Кытайга, Өзбекстанга кетти. Эмне себептен? Кайра эле логистика, жумуш орундарына шарттар жоктугу себеп болууда”.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстандын тигүү индустриясынын товарларынын негизги бөлүгү Орусияга экспорттолот. Андан кийин Казакстан, Өзбекстан жана Беларус турат. Орусияга экспорт өзгөчө 2022-жылы көбөйгөн. Ал жылы санкциялардан улам эл аралык рыноктордон оолактап калган Орусияга кийим-кече экспорту төрт-беш эсеге көбөйгөн.

Бирок 2023-жылы Кыргызстандан трикотаж жана текстиль кийимдердин Орусияга экспорттолушу кескин азайып кетти.

“Казакстанда бизди тоноп жатса, өзүбүздө жеп жатат”

Өндүрүшчүлөрдүн маалыматтары боюнча, Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларын эл аралык базарларга алып чыгууда транспорттук логистикалык көйгөйлөр да кошул-ташыл болууда.

Логистикалык компаниялардын өкүлдөрү Казакстан аркылуу жүк ташып өтүүдө чек арачылар менен бажычыларынын мыйзамсыз, орой жана коррупциялык мамилелерине туш болуп жатышканын, мындай көрүнүштөр ташуунун чыгымын өстүргөнү аз келгенсип, товардын сапатын жана жеткирүү мөөнөтүн бузарын белгилешет. Алар Транспорт жана коммуникация министрлигиндеги шалаакы жана коррупциялык иштер кыргыз өндүрүшчүлөрү менен жеткирүүчүлөрүнүн атаандашуу жөндөмүнө олуттуу кедерги болуп жатканын билдиришүүдө.

Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлү Игорь Голубев Казакстан аркылуу жүк ташууда кыргыз айдоочуларына жасалган мамиле тууралуу айтып берди:

“Өзбекстан менен биздин ортобузда кандай айырма бар? Алар ЕАЭБ менен эркин соода аймагында иштешет. Товарды мыйзамдардын алкагында жана бажы конвенцияларына ылайык бажы алымысыз ташыйт, болгону салыгын төлөйт. Бардык процедуралар аркылуу өтөт, Казакстанда аларга тийбейт. Биздин Орусияга товар ташуубуз болсо ЕАЭБдин эрежелери менен жүрөт. ЕАЭБде болсо эреже деген такыр жок. Казакстандын аймагында 10-15 күндөп турабыз. Силердин аспиеттеп тизип жүктөгөн товарыңарды ал жакта бузуп-чачышат. Товардык көрүнүшүн талкалайт, чаң-баткак болот. Бул жеткирүүнүн мөөнөтү менен наркына олуттуу таасир этет. Орусияда дагы ушундай эле көрүнүш. Биз арга кеткенде өкмөткө Астрахань аркылуу барган жаңы каттамды өздөштүрүүнү сунуштап жатабыз. Кандай болсо да Казакстан аркылуу өтпөш үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу жүрүп, паром менен сүзүп барууга да даярбыз. Коңшубуз менен “достук” мамиле бизди кандай абалга чейин жеткиргенин түшүнгүлө. Казакстан менен болгон ишкер кеңеште “келгиле, жүк ташуунун агымын ар башка өткөрүү бекеттерине бөлүштүрөлү” деп айтсак, алардын элчиси ачык эле “анда тез бузулуучу товарлар бул жакка, эл керектөөчү товарлар (ЭКТ) тигил жакка өткүлө” деп айтты. Тез бузулуучу товарларды тоскоолдуксуз өткөргөнү менен, ЭКТ товарды өзгөчө көзөмөлдөгүсү келет”.

Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн тегерек үстөлгө катышып жаткан логистикалык компаниянын дагы бир өкүлү бир эле мамлекеттик мекемедеги коррупциялык иштердин кесепетине токтолду:

“Азыркы күндө биздин Транспорт министрлигинде “дозволдор” (чет мамлекетке жүк ташып кирүүгө уруксат кагазы) 1000 доллардан сатылып жатат. Бул жерде министрдин дагы, орун басарынын дагы, ошол жерде иштеген кишилердин дагы өзүнүн “кол бала” фирмалары бар. Ошол фирмалар аркылуу азыр “дозволдор” сатылып жатат. Бирок бул “дозволдор” кайсы жакка иштетилип жатканын эч ким билбейт. Мен силерге азыр статистика айтып берейин. 2021-22-23-жылдары жалгыз Түркияга 867 “дозвол” иштетилбей калган. Бирок алардын иштетилбей калганы боюнча Транспорт министрлигинен бир дагы өкүл жооп берген эмес. Бул биздин жүк ташуучулар 867 каттамды кыла албай калды дегенди билдирет. Жайдын күнү сезон маалында бир барак кагаз үчүн бири-бирибиз менен мушташып, айтпаган сөздү айтышып жатабыз. Тилекке каршы, жыл аягында келип ушундай болуп чыгууда. Ал статистика бизде дагы жок, Түркия тарабынан карасак, былтыркы жылдын эсебинен 209 жана 71 – жалпы 300гө жакын “дозвол” берилбей, ушунча каттам аткарылган жок”.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, жүк ташуулардын 80% ашууну автоунаа менен аткарылат. Дагы 18% темир жол менен жасалса, аба транспорту менен 1% жетпеген көлөмү ташылат.

Элчи: Казакстанга күнкор болбой, башка базарларга кетели

Өндүрүшчүлөр соңку эки жылдан бери жүрүп жаткан фискалдык реформалардагы татаалдыктар жеңил өнөр жай тармагынын мурункудай ийкемдүүлүгүн азайтып жатканын билдиришүүдө. Ишкерлерди электрондук эсеп фактурасы (ЭСФ) менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) көп түйшүккө салып, экспорт ишмердигинде көйгөй жаратууда. Бул арада коңшу Өзбекстан менен Казакстанда салык жана бажы мыйзамдары кыйла либералдашып, тигүү индустриясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, 2018-2019-жылдары тигүү тармагы боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Андан бери ички жана тышкы рыноктор боюнча изилдөө жасала элек.

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабеков тигүү тармагынын көп бөлүгү көмүскө иштегендиктен, сапаттуу талдоолорду жасоо жана иштиктүү программаларды аткаруу мүмкүн болбой жатканын айтууда:

“Сөз жүзүндө 200-300 миң жумуш орун бар экени айтылат. Тилекке каршы, 4 миңдей эле жумушчуга патент алып, камсыздандыруу полисин төлөшөт. Бизде тигүү тармагында расмий түрдө 4 миң эле жумушчу иштеп жаткандай. Андыктан көпчүлүгү көмүскөдө экенин эске алганда, объективдүү жана сапаттуу талдоо жүргүзүү өтө татаал. Расмий түрдө 4 миң эле жумушчу менен кантип документ даярдап, өлкө жетекчилигине алып барабыз? Ошондуктан азыр тигүү тармагы дагы көмүскөдөн чыга турган учур келди. Биз аларды колдоого алууга даярбыз. Бирок жагдайды туура баалоо үчүн реалдуу маалыматтар керек. Өзбекстанда тигүү тармагына кызуу колдоо көрсөтүлүп жатканын угуп жатабыз. Биз дагы изилдей баштадык”.

Депутат Султанбай Айжигитов ар түрдүү иш-чараларда ишкерлер жон териси менен тартып жаткан көйгөйлөрүн козгосо, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү “силердин кебиңерге макул эмеспиз, биз тигил-бул иштерди аткарып жатабыз” деген форматта баарлашкандыктан, алака барып-келип туңгуюкка кептелип келатканын айтууда.

Депутат Элдар Абакиров Экономика жана коммерция министрлиги тез арада Кыргызстандын ички жана тышкы рынокторун комплекстүү анализдеп, ата мекендик ишкерлерге жакшы шарттарды түзүү жолдорун иштеп чыгышы зарылдыгын белгилейт.

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева кийим-кече продукцияларын экспорттоодо Казакстанга көз каранды болбой, башка базарларды издөө зарылдыгын белгиледи. Ал альтернативдүү вариант катары Кытай менен Европа багытын сунуштады:

“Биз азыр Казакстандан көз каранды болбоо үчүн Кытай багыты боюнча катуу иштеп жатабыз. Буюрса, айыл чарба өндүрүмү боюнча Казакстандан ушул күздөн баштап 30%, кийинки жылы 70% көз каранды болбой калабыз. Кытайга киргизебиз. Ал эми тигүү тармагы боюнча “Дордойду” бондулук аймак кылууну сунуштайт элем. Экинчиден, салык боюнча программалык камсыздоо иштеп чыгуу керек. Анда иштеген оператордун айлыгын “Дордойдун” жетекчилиги төлөсүн. Тигүүчүлөр эсепчи жалдап отурбашы керек. Үчүнчүдөн, ырас, биз Орусияга өзүбүздүн товарларыбызды өткөрө албай, казактарга күнүбүз түшүп жатабы, анда биз мындай күнкордуктан кетишибиз керек. Өзбекстан сыяктуу эле башка базарларга кетүү кажет. Бул үчүн бондулук аймакта лаборатория куруп, тигүүчүлөргө тастыктама алууга көмөктөшүү зарыл. Буга, албетте, убакыт керек. Тигүүчүлөр тастыктама алгандан кийин, биз Кытайга барып бизнес-форумдарды өткөрүп, аларга “мен тигүү өндүрүшчүсүмүн, менде тастыктама бар, силер биз менен бирге жип-шууңарды Made in Kyrgyzstan бренди менен Европага жөнөтсөңөр болот” деп айта алабыз. Анын үстүнө, бизде ВСП+ программасы бар, ал боюнча биздин текстиль товарларды Европага бажы алымысыз киргизсек болот. Келгиле, силер менен чогуу башка сатуу базарларын издейли. Эмне үчүн Орусияга байланып калдык, эмне үчүн “казактар өткөрбөй жатат” деп жалдырап отурушубуз керек? Келгиле, мындай күнкордуктан чыгалы”.

“Кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат”

Тигүүчү ишкерлердин коңгуроо какканына карабай, статистикалык маалыматтар Кыргызстандын кийим-кечек базарларындагы сооданын жүрүшү өсүү темпинен жазбай баратканын көрсөтөт. 2023-жылы кийим-кече жана аралаш базарлардагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 250 млрд сомдой болду. Бул 2022-жылга караганда 23,5%, ал эми беш жыл мурдагы (2019-ж) көрсөткүчкө караганда 74,5% өскөнүн билдирет.

Эксперттер Кыргызстандын экономикасы, башка экономикалардай эле орус армиясынын Украинага кол салышы, пандемия сыяктуу глобалдык окуяларга байланыштуу кризистик кырдаалды башынан кечирип жатканына көңүл бурушат. Мындай жагдайды алар убактылуу турбуленттүүлүк деп аташат. Эл аралык логистикалык чынжырчалардын бузулушу, валюталардын курсунун секириктери жана буюртмачылардын азайышы көп ишканаларды кудуретсиз абалга кептеди.

“Мода жана текстиль” ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов учурдагы кырдаалды башка тарабынан караганда кризис эмес, трансформация деп атоо туура болот деп эсептейт. Ал Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын экспорту буга чейин 80-90% Орусияга байланыштуу болуп келсе, эми эл аралык базарларды диверсификациялоо зарылчылыгы турганын айтууда. Ал эми Өзбекстан менен олуттуу атаандаштык жок экенин белгиледи:

“Өзбекстан көбүнчө пахтадан өндүрүлгөн кездемелер (трикотаж) менен иштешет. Трикотаждык өндүрүш боюнча аябай күчтүү. Өзбекстан трикотажда күчтүү болсо, биз текстилде күчтүүбүз. Себеби биздин Кытай менен мамилебиз жакшы. Кытайдан дүң сатып алуулар көп болот. Бирок акыркы жылдары Кытайга жолдорун ачып, ал жактан ишкерлерди киргизип, ошол багыт өнүгүп баштагандан бери Өзбекстанда деле чакан цехтер, чакан ишканалар ачыла баштады. Мурдагыдай чоң фабрикалар эмес, азыр чакан ишканалар ачылгандыктан, алар деле биз иштеген багытта атаандаштык кыла баштады. Ошондуктан биздин ишкерлер деле Өзбекстандан атаандаштык сезилип жатканын айтып жатышат. Бирок башка артыкчылыктарын деле караш керек. Биздин күчтүү жагыбыз – биз бат модель өзгөртө алабыз, ишкерлерибиз креативдүү, жаңы шарттарга бат ыңгайлашат. Мен соода жана бизнес жагынан Өзбекстан менен көп алака кылам. Бирок ал жерде деле экономика либералдашып, орто-чакан бизнес өнүгүп, биз иштеп жаткан багытка киришип жатат”.

Эксперт замандын талабы Орусияны эле карап отурбай, глобалдык чакырыктардын алкагында улуттук бренддерди өнүктүрүп, алар аркылуу Европа, Арабия, Түндүк жана Түштүк Америка, Түштүк-Чыгыш Азия багыттарындагы базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн колдон кетирбөөнү сунуштайт. Маселен, кыргызстандык CoolBro's компаниясы Toolor деген жаңы бренд түптөп, сапаттуу курткаларын Орусиянын жана КМШнын соода борборлорунда жакшы баада сатып жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жеңил өнөр жайы - соңку жылдары эң бат өнүгүп жаткан тармактардын бири. Ар кандай эсептер боюнча, тармакта 250 миңден 300 миңге чейин адам жумуш оруну менен камсыздалган. Ошол эле маалда тигүү тармагынын көп бөлүгү көмүскө формада иштегендиктен, реалдуу көлөмүн баалоо кыйын.

XS
SM
MD
LG