Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Булутка азгырылган бала


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Курманалы Сапарбаев айыл турмушун, элеттиктердин адеп-ыймандык проблемаларын көркөм иликтөөгө кызыкдар сүрөткер.

Кийинки кездери ал кыргыз элинин өткөнүнө кайрылып, биртоп чыгармаларын жарыялады. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жазуучунун “Кайтуу” деген баянын чогуу окуйбуз.

Саратандагы ылай жол

“Кайтуу” аңгемеси кайгы артынан кайгы баскан абышканын арманы, күйүткө батып келаткан карыны чочулаткан катаал суроо тууралуу.

Чал жалгыз уулунан калган эки небересин фермадагы келинине учураштырып келгени жолго чыккан. Уйкуга карамыккан балдары кеч ойгонуп, минтип күн ысып кеткенде ылаалап келатышат.

Үчөөнүн минген эшеги саратанда жолду арбыта албай, айла жок кыбырайт. Бара турган жери Кара-Сай деген жер, колхоздун уй фермасында бул балдардын апасы саанчы. Келини балдарын сагынып калганын айттырып жиберген экен, Сонун менен Авазды алып кайнатасы келаткан чагы эле. Абышканы ойлонткон жолдун алыстыгы, күндүн ысыктыгы эмес, жакында көргөн жаман түшү эле, ошо кара жолтой түшү оюнан кетпей кыжалат. “Түшүң түлкүнүкү” деп көргөнүн ичине катып, унутуп койгусу келген. Бирок унута албады. Мына эми кыр жол менен үч чакырым жолду ысыкта басып, апасын сагынган неберелерин фермага жеткиргенче оор ойлор аны кыйноодо. Чаң жолду агынды суу басып ысыкка кошул-ташыл болуп аябай жүдөштү.

“Сарыккан суулар жолдун көп жерин каптап, көлдөтүп кеткен. Эшек кепичи булганып кала тургансып, сууга түшпөй, четтеги кургак жерди качырат. Көлдөгөн жерге келгенде буттарын майдалатып, алдастап, сууну жыттап, келтектин күчү менен аяр кирет да чыгарда бар күчүн үрөп алдастайт. Кээ жерде тизесине чейин баткакка батып кетет. Апсаматтын коргонуна жеткичекти эшек чарчап бүттү. Мында кара суудагы кечүүнүн жанында оргуп чыккан башат бар. Айылдагылар мурда дайыма андан суу алып турушчу. Кудук казылганы каттагандар азайды. Башаттын көзү бүтүп баратат. Өйдө-төмөн өткөндө чал башаттын үстүндө ойногон акыр-чикирлерди алып ыргытып көзүн ачып кете турган”.

Бул ирет да булак жанына токтоп, чал башатты тазалады. Согушта курман болгон жалгыз уулунун арбагына атап куран окуп, эшегине минип неберелерин алып жолун улады.

Кужурашкан кичинекей балдар урушуп, кайра жарашып, алардын кылыгына ыраазы абышка мээ кайнаткан ысыкка кайыл. Чалдын эсине көңүлүн кайт кылган жаман түшү келип, дагы ойго чөмүлдү. Бул ой дегениң адамды тушап алат экен го. Түшү чынында эле жаман түш болчу.

“Таң таштарда ал булуттуу талаада кой жайып жүргөн болот. Койлор булуттарды аралап жеп жүрүшөт. Дүйнө күлгүнүнөн жанат. Бир маалда асман-жер кесилишкен тилкеден кара куюн көтөрүлүп, “ай” дегиче болбой эмелеки энесине эркелеп турган козуну тегереткен боюнча алып кетет. Энесинин эмчегинен сүт дирилдеп агып, талаа менен чуркаган боюнча жетпей, булутка аралаша көздөн кайым болот. Кыйкырып ойгонсо жаздыкка көз жашы таамп калыптыр. Чал кыйлага чочуркап уктабай, түшүн жамандыкка жоруду. Анан “кандай эле ушундай болсун, түш азыткы” деп жатып алган. Ал азыр да ошентти”.

Чалды кыйнаган ошол түш ысык жолдо да улам эсине түшүп, ансыз да кайгыдан жүдөгөн абышканы кыйнап келет. Жалгыз уулу кан кечип согуштан кайтпай калды. Андан калган эки туягын аман-эсен бой жеткирсе чалдын арманы азаят беле?! Жаш балдардын атасынын көңүлүн эзген оор ойлору менен иши эмне, тезирээк апасына жетсек дешип кобурашып атасын алаксытышат.

Ысыкка карабай фермага жетишти акыры. Кайнатасы алдында ийменген келини эгер келишпесе эки-үч күндөн кийин өзү бара турганын айтып, сагынычын жашырган жок. Ушу балдарым деп таң атпай туруп керелден кечке колхоз уйларын саап, ага кошуп уйдун жампасынан тезек жаап, тириликтин камы менен алек болуп келатпайбы.

“Ушундай күрүгүү менен чатырга киришти. Чал эшегин отко койгону кетти. Сагын кемегедеги чокко бастекти коё коюп, балдары менен кужурашып кирди. Ал аңгыча коңшу саанчы Алмагүл келди да айылдагылардын аманчылыгын сураштыра баштады. Анан унчукпай калган Аваздын ак жүзүн, алууга жаңы келген кара чачын, бөжөктүкүндөй бакырайган көзүн, жүзүнө бөтөнчө эп келип турган кырдач мурдун өтө жактыруу менен карап чыкты. “Айланайын бешенеси жарык бала болот экен, - деди ал. – Кап Рысбүбүнүн майга кетип калганын карачы, болбосо экөө ойнойт эле”.

Ал Сагын экөө Аваз менен Рысбүбүнү бири-бирине ыйгарышып, бул ойлорун чалды-кемпирге билдире алышпай жүргөн эле”.

Фермага келгендин эртеси балдар балапан кармаганы бир чакырым алыстыктагы жарды көздөй жөнөштү. Айылдык балдар көбүнесе чөкө таандын же бактектин балапанын багышып, аны кийин үйрөтүп алганды жакшы көрүшөт го. Ал ирет балдар балапанга жетишкен жок. Эки-үч уядан кийин бирөөнөн жыландарды көрүшүп бийик жарларга жакын жолобой калышты. Чогулган мадырабаштар ырдашып, убакыт өткөрүп жатышты. Алардын бөлүнүп өзүнчө отурган Аваздын оюна аз илгерээк атасына булутка киринсем таптаза болуп калат элем деген балалык кыялы түштү. Булутка киринген адам кирдебейт тура. Бирок ага атасы ишенбей аңчылыкка барган тоодо булут аралаганын, бирок андан денеси агарбаганын айтты.

“Адамдын кирин кетире турган аккан суу. Илгери биз кийикке чыкканда тоодо чөгүп жаткан ак булуттарды аралап көргөнбүз. Мынакей этим агарбай ошол бойдон”, - деди атасы. Атасына Аваз ишенбей кала берген. Ак булутка жуунуп чыккан адам сулуу, апакай болот, дайым эле суу деп жүрбөй, бир жолу булутка киринип алса өмүр бою таптаза бойдон жүрө бербейби. Булутту эңсеген баланы суу алып кетери анда кимдин оюна келиптир.

Жолдогу кырсык

Келгендин эртеси чал эки небересин алып айлына кайтуунун камына киришти. Келини бир карын май берди, мөөн толтура куюлган майын көтөрүп Алмагүл келди. Абышка саанчыларды коон бакчага чакырды. Алмагүл “барабыз, барганда да чоң иш менен барабыз” деп сырдуу жылмайды. Абышка ал келиндин кебине маани бербей, балдарын алып жолго чыкты. Кетиште кыска жолго салышып, беде аңыздын жанынан аккан сайды кечип, кыр жолго салышты. Ошол жайында бары-жогу билинбеген кичине сайдын ортосундагы суу топтолчу ноот – ооттун жанындагы жалгыз түп талдын алдында чал намаз окуганы токтоду. Ысыктан тажаган Аваз чечинип сууга кирди, жээкте калган карындашы анын суу бойлоп басышын суранды.

“Ал колун өйдө көтөрүп илгери басты. Суу белинен келди. Баса берди. Суу мойнуна, анан ээгине чыкты. Аваз шабага жакын калды. Ал дагы бир кадам шилтер менен ылдый кетти. Сонун ана чыгат, мына чыгат деп бир топко турду. Анан эсине жаман нерсе түшүп, чымын-куюн болуп жүгүрүп чалга барды.

- Ата, Аваз суудан чыкпай жатат.

- Эмне дейт! - деди чал намазын буза.

- Аваз оотко кирип кетти.

- Таш оозуңа!

Чал жүгүргөн бойдон оотко келди.

- Каерде?

- Минеерде.

Сонун шабанын түбүн көрсөттү. Чал кийими менен сууга кирип, илгерилеп, Аваздын денеси бутуна урунганда чумуп, көтөрүп чыкты. Кийиминен сарыккан суу шорголоп, аларды саздагы жайнамазга чейин ээрчип келди. Аваз сулк жатат. Денеси, өзгөчө жүзү бозоруп, кейпинен кеткен. Чачына балыр туруп калыптыр. Оң жак капталы, чыканагы кара балчык. Оозу-мурдунан суу кетти”.

Ушундай да болобу. Намаз окуп аткан чал энтиге чуркап келген небересинен суук кабарды угуп баласын көтөрүп чыкты. Кечигип калган экен. Чалды баарынан да келининин “Ата сизге ишенгендеги күн ушубу?” деп буркураганы сай-сөөгүн сыздатты. Ушундай да калыссыздык болобу? Чал ойноп турган чырактай баласынан ажырап калганына ишенбей, кудурети күчтүү Жараткан аны албай жалгызынан калган туягын ээрчитип кеткенине түшүнбөй койду.

Баарынан да анын заманасын куурулткан нерсе ушу кезде өлгүсү келсе да өлө албастыгы болду. Андайдан шек-шыбаа болсо эч ойлонбой макул болмок. Суу алып кеткен баласын таптаза жууп, тирүү баладай эшекке мингизип, бекем кармап, келини эшекти жетелеп, Сонуну артынан ээрчип, айла жок айылды көздөй келатканда канча кирди-чыкты ойлор келди. Аваздын сөөгүн алып келе жатканда жадынан биротоло чыкпай калган түшүнүн ырас чыкканына ишенип-ишенбей, опасыз дүйнөнүн кара чырагы көңүлүн наштар менен кескендей бу жарыкчылыктан аны биротоло чийип салгандай көңүлү калып, заманасы куурулуп, ичи өрт болуп келатты.

Курманалы Сапарбаев согуштан кийинки оор жылдардагы катаал турмуштун драмасын эч жымсалдабай, жасап-түзөбөй тартып берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG