Кызды кыжалат кылган ойлор
Сүйүүнүн, айрыкча тун сүйүүнүн ырахаты менен кууралы жалгыз кыргыз эмес, жамы дүйнө адабиятынын эчен кылымдан бери эрикпей ачып келаткан “түгөнгүс” темасы.
Олжобай менен Кишимжан, Ромео менен Жульетта - санай берсе, чубай берсе аягы көрүнбөгөн армандуу тарых кадам сайын кезигет. Пенде баласынын бу жарыкчылыктагы жашоо-турмушуна жарык түс берген, жан маанайын көккө серпилтип же түпкүргө түшүрүп салчу улук сезимди даңазалабаган сүрөткерди табыш кыйын! Чыныгы көркөм дөөлөт пенде баласынын өзгөчө аздек сезимин чагылдыруудан көрүнөт.
Сүйүү деген сырдуу дүйнөнүн артында коркунуч, жек көрүү, өлүм, дагы башка толгон-токой тоскоолдуктар турат. Андай сезимге жеткенден да аны кемитпей, жоготпой сактап калуу кыйын. Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна чыккандан кайтып түшүү кыйын экенин альпинисттер журту жакшы билишет. Сүйүүгө жетүүдөн аны байкатпай колдон учуруп жиберүү оңой.
Абдыманап Көлбаевдин “Сүйүү менен коштошуу” аңгемеси мына ушул жөнүндө. Турмушка жаңыдан кадам таштап аткан, ичинде кылдай кири жок, таптаза кыздын опсуз оор соккуга туш келишин баяндаган армандуу тарых. Балапан кезден башталган тун сүйүүнү андай сезимдин барк-баасын түшүнбөгөн маңыроо бирөөнүн ойлонбой жасаган аракетинин аркасында улуу сезимдин кыйрашы тууралуу армандуу баян. Бири-бирине жете албай, аягы өкүткө айланып кеткен кайгылуу аңгеме. Бир караган адамга анда анчалык деле татаал окуя, катуу конфликт камтылбагандай сезилери бышык. Баары жөнөкөй, кадыресе турмуш көрүнүшү, айылдык эки жаштын арманы.
Аңгеме бойго жеткен кыздын дарыядан суу алууга келген учурун сүрөттөө аркылуу башталат. Күн сайын эки чаканы баканга илип, дарыяга суу алганы келген кыздын ою онго, санаасы санга бөлүнөт. Алыста аскердик милдетин өткөрүп аткан жигити келерге жакын убакыт жылбай, сагынычка толгон ой-сезими экөөнүн жолугушар учурун ийне-жибине дейре элестетип иет. Кыздын жалгыз ыры, жалгыз обону бар. Ошону кыңылдай ырдап, ошону менен убакыт кечирет. Эки жыл деген деле кыйла убакыт.
Тал-талдап өргөн чачыбыз,
Таалайлуу кыздар атыбыз.
Таңдагы булбул өңдөнүп да
Таңшып го ырдар чагыбыз.
Зыйнат дарыядан суу алып жатып, кулагына жеткен кымбат обондун кайрыгын угуп, үнсүз аккан агымды телмире тиктеп отуруп калды.
Ал алыста, алыста аскер мөөнөтүн өтөп жүргөн Акылбек жөнүндө, өзү жөнүндө ойго чөмүлдү.
Анда алар кичине эле. Мектепке жаңы барышкан. Зыйнат кыска чачына кызыл бантик тагынып, тактайларынын сыры жаркыраган класска атасы менен биринчи киргенде, чуулдап жаткан балдар жым-жырт боло түшкөн.
- Мынабу жер бошпу? – деген атасы астыда отурган чачы өскүлөң ак көйнөкчөн балага. Тиги бала сүрдөп кеткенинен тарткынчыктап жооп айта албай, кызара түшүп, зорго эриндерин кыбыраткан:
- Ооба.
- Ушул жерге отур, кызым.
Зыйнат барып тиги баланын жанына отурган. Ал баланын аты Акылбек экен…
Зыйнаттын жүрөгү түрсүлдөп согуп, ошол бир кезде калган элестерге жетине албай кетти. Кийин, кийин экинчи класста окуп жатышканда, ыр сабагы болгондо мугалим эже “Ким ырдайт?” десе:
- Мен! - деп Зыйнат доскага чыгып, ушул өзү билген ырды ырдап коё берген эле.
Зыйнат ошол курагына, ошол кездеги жоругуна азыр ыңгайсызданып, “шыңк” – этип күлүп койду. Андан бери канча убакыт өттү.”
Чыгарманын сюжеттик өнүгүшү мына ушинтип жөн-жай турмуштук көрүнүштөн башталат. Атасын ээрчий келген кыз, чурулдаган балдардын арасынан ак көйнөкчөн баланын жанында бир партага отуруп калуу, ыр сабагында эч кимден тартынбаган секелектин жалгыз ырын созолонтушу – мунун баары негизги кульминациялык чечилиштин даярдыгы. Аздек сезим ошентип балапан чакта, мектеп босогосун аттаган кезден башталып, жаңыдан бүр ачып, аз-аздан тамыр жаят тура. Тек курбулук мамиле-катыш кийин бийик сезимге өтүп кетери а кезде экөөнүн тең оюна келе элек.
"Сен мени күтөсүңбү?"
Балалыктан калган элес, мектеп босогосун аттаганда биринчи таанышкан классташы экөөнүн ортосунда билинер-билинбес байланыш пайда болуп, ал убакыт өткөн сайын жалбырак атып, гүлдөп кетери кимдин оюна келиптир? А көрсө турмушта ошондой да болот экен.
“Бир кездеги мектеп босогосун жаңы аттагандар онунчуну бүтүшкөнүнө эки жылдын жүзү болуп баратат. Окууга өткөндөрү окуп, көпчүлүгү өз айылында эмгектенип жатышат. Акылбек болсо аскерге кетип, мөөнөтүн өтөп келерине аз калган. Зыйнат аны менен акыркы жолугушканын эстеди.
- Сен мени күтөсүңбү? – деген Акылбек.
- Сөзсүз күтөм! Эки жыл бир паста эле өтөт да.
- Мен да ушинтип айтарыңды билгем, кымбатым! - Акылбек Зыйнатты имере тартып кучагына кысып, жүзүнөн сүйгөн. Акылбек тез бурулганда жээктеги кумдуу шагыл таш чууруп бир топко чейин сууга чулпулдап түшүп турган. Андан кийин:
- Мен сени жеткирип коёюн, - деген Акылбек эркелете саамайынан сылап.
- Мейли, - деген Зыйнат.
Анан алар отурган жеринен туруп, дарыя жээктеп, кыштакты көздөй жөнөшкөн. Көк майсаң чөп өскөн бийик жээкте кол кармаша чуркашып, бир топко чейин вальс бийлеп барышкан, анан Зыйнат бат чарчап калып, бийин токтотуп:
- Ух, чарчап калдым,- деген энтиге.
- Чарчап?! – Үнүн созо күлүп сүйлөгөн Акылбек Зыйнатты жерден жаш балача так көтөрүп, “кой” дегенине болбой бир топ жерге чейин алып барган…”
Мына ошол романтикалуу жолугушта Акылбек Зыйнатка саат белек кылган. “Мени унутпай, ушул саатты караган сайын эстей жүр!” деп бекем табыштаган. Кыздын “эки жыл тез эле өтөт, сөзсүз күтөм” дегени ал саатсыз деле ортолук мамиленин, ашыктык сезимдин бекемдигин ырастаган. Кыз жигиттин сөзүнө ишенип, эки жыл эч жакка чарпылбай жигитин күтөт. Мектептеги кездерин, бой жеткенден кийин ачыкка чыгып калган ашыктык сезимине кир жугузбай бекем сактайт. Бул анын сүйүүгө туруктуулугу, Акылбекке деген сезиминин тазалыгы болчу. Кызынын көңүлүн караган ата-энеси да жуучулардын бирине да макул болбой, баары Акылбектин гана келишин күтүп калышкан. Акыры ал күн да келди. Акылбектин келгенин Зыйнат апасынан угат. “Эми мага келет” деп күтө баштайт, бирок күтүү узакка созулат.
“Ооруп калдыбы? – деп да ойлоду кыз. - Анда менин үйдөн чыкпай отура бергеним туура болбой калат го? Бирок кыз башым менен каякка барам? Ал жакка эмне деп барам?” Кызда ансайын кооптонуу күч алды.
“Баса, ал келерине жарым жыл калганда эч кат жазбай калбады беле? Жок, жок, ал анте турган жан эмес, ишенбейм! Мен кандай сүйсөм ал да ошондой сүйөт!”
Арадан толук бир ай өтүп кетти. Кызынын өзгөрүп кеткенин байкаган апасы бир нерсеге шылтоолоп тиги өйүзгө, туугандарыныкына барып келүүгө жөнөдү. Апасы келгенче Зыйнаттын көңүлү бир ордунда турбай учкаяктап, санаасы санга бөлүндү. Апасы келгенден кийин да ага жеңилдик болгон жок. Апасы мындай деди:
- Акылбек ишке жаңы орношуп, совхоздо иштеп жатыптыр.
“Бул эмнеси, - деп ойлоду Зыйнат, - бул эмнеси?” Канчалык чымырканып, ийне-жибине чейин ойлонсо да бул суроого жооп таба албады”.
Тагдырдын мындай тамашасын Зыйнат күткөн эмес. Ал эч кылчактабай Акылбекке ишенип, эки жылдын тезирээк өтүшүн самап, жол карап күн өткөргөн. Мына эми жигити аскерден келгени ага келип учурашып койгонго да жарабады. Тынбай келген жуучуларды артка кайтарып кыз дагы эле үмүт үзбөй, жигитин "келет" деп жүргөндө “Акылбек үйлөнүптүр” деген кабар келди.
Эмне үчүн адамдар өзгөрүп кетишет?
Ушунча жыл күткөн үмүтү талкаланганына, чындап сүйгөн адамы таштап кеткенине намыстанган кыз күчүн ыйдан чыгарат.
“Ал биринчи класстан бери экөө бирге окуп, бир өсүп, чоңойгон, бир-бирине ушунчалык жакын көрүнүп калганын ойлоп, ошол кымбат баалуу учурдун сүрүлүшүп алыс кеткенине эми эч кандай мааниге ээ болбой калганына, Акылбектин өзгөргөнүнө ичи ачышып, өксүп-өксүп айласын таппай турду…
Арадан эки күн өтпөй Зыйнатка да жуучулар келип түшүп калды. Муну короодо жүрүп көргөн кыз:
“Эми эмне, өзүм сүйбөгөн, билбеген бирөөгө барамбы?”- деп ойлоду.
Бешим ченде суу алууга жөнөгөн Зыйнат бутунун башын тиктеп, коргошун ойлордон башын көтөрө албай, чакалары узун чөптөргө тийип кыңгыраганын да, батар күнгө карашып жамыраша чырылдап жатышкан чегирткелердин, саратандын үндөрүн да укпай, токойдон келаткан баданын уюлгуган чаңын да көрбөй, кете берди.
Кыз дарыянын жээгине барып, кадимкисиндей шуулдап агып жаткан суунун агымына карап туруп, ушул дарыянын жээгинде далай жолу Акылбек экөө отурганын эстеди.
“Дарыя өзгөрбөй эле агып жатат, эмне үчүн адамдар өзгөрүп кетишет – деп ойлоду кыз. - Баарынан ушул жаман тура көрсө”.
Акылбектин аскерден келерин күтүп, аны кантип тосуп аларын ойлоп, таттуу кыялдарга баткан кыздын маанайы чөгүп, ичтеги арманын агып жаткан суу менен бөлүшүп, турмуштун оор соккусунан ушинтип чыгат. Акылбектин эмнеликтен сүйгөн кызын таштап башка бирөөгө үйлөнүп кетишинин себеп-жөнү аңгемеде белгисиз калат. Автор үчүн эң башкысы - аскердеги жигитин чындап күтүп, сүйүү сезимин таза сактаган кыздын ички сырын көрсөтүү маанилүү. Мектептин биринчи классынан башталган ууз сезим турмуштун биринчи соккусуна туруштук бере албай урап түшөт. Балалык кездеги ынак мамилени, жаңыдан бөртүп келаткан тун сүйүүнү Зыйнат өтө эле идеалдаштырып, ага өзгөчө үмүт артып алганбы? Жерпайы бош алгачкы сүйүү мунарасы ошентип кулап түштү.
А бирок анын тазалыгы менен бийиктигин жетпей калган эки жаш өмүр бою эстеп, ичтен арман күү болуп өтөрү чыгарманын финалынан көрүнөт. Бир калыпта агып жаткан улуу дарыя багытын, агымын өзгөртпөй күн-түн, жай-кыш дебей толкуп-ташып сапарын улап атпайбы. Адамдар эмне үчүн андай эмес, тез эле өзгөрүлуп кетишет? Кызды ойлонткон, жообун таба албаган суроосу ушул. Зыйнат "бирин бири тааныбаган, билбеген, сүйбөгөн адамдар кантип баш кошуп, бирге түтүн булатышат" деп, турмуштун таң калыштуу табышмагына башын оорутат. Өкүнүчкө, анын аздек сезими арналган Акылбек чоң сүйүүгө татыксыз, турмушка жеңил караган өзүмчүл экен. Муну Зыйнат аябай эле кеч билди. Башта-кийин ысык сезимдин артында ушундай көңүл калуу бардыгын ал билчү эмес. Табышуунун артында айрылуу, сүйүүнүн артында жек көрүү жатарын аңдаган эмес экен. Турмуштун оор соккусу кыздын адамдарга карата мамилесин өзгөрттү. “Сүйүү менен коштошуунун” негизги сабагы ушул болду окшойт.
Кесиби боюнча дарыгер Абдыманап Көлбаев бир топ китептердин автору. Алардын арасында “Аска мизи” (1991), “Жашоо жөнүндө ыр” (1995), “Кыдыр жайчы” (2004) сындуу китептери бар.