Кыргыз бийлиги июнь айында экономикалык таасири олуттуу үч чечим кабыл алды. Мамлекеттик сатып алууларда тендер өткөрүү механизмин жоюп, жарандардын күмөндүү жолдор менен табылган активдерин легалдаштырууга киришти жана тышкы соодадагы статистикалык маалыматтарды жалпылап көрсөтүүгө өттү.
Өкмөт сатып алуу процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнүн айтса, эксперттер мыйзамдагы коррупциялык механизмдер сакталып калганына көңүл бурууда. “Мындай чечимдер мамлекеттик башкаруу менен экономиканын ачыктык маселесине доо кетирбейби?” деген суроо алдыга чыгып турат.
Тендер өткөрүү механизми жоюлду
Президент Садыр Жапаров 25-июлда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алып берген. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү механизми жокко чыгарылды.
Президенттин маалымат кызматы жазгандай, мыйзам “мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан”. Мындан улам “тендер” түшүнүгүн камтыган Жарандык кодекс менен Кылмыш-жаза кодекси баштаган дагы 13 мыйзам актысына өзгөртүүлөр киргизилет.
Демилгечилер сатып алуулар боюнча буга чейинки механизм мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна тоскоол болуп келгенин жүйө келтиришет.
Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде тендерди жоюу сатып алуу процедурасын ачык-айкын жана ыкчам кылгандан тышкары анын сапатын дагы жакшыртат деп ишендирет.
“Бүгүнкү күндө колду байлап турган ашыкча процедураларды чечтик. Эгерде мурда татаал курулуштарды же татаал жабдыктарды сатып алууда бир тендер өткөрдүк, экинчи сатып алуу процедурасын өткөрдүк, дагы бир тендер өткөрдүк, анан эч жок болсо, биз кайра-кайра тендер өткөрүп эле жүрүп атпайбызбы. Бүгүнкү күндө кандай? Мисалы, татаал мамлекеттик сатып алуу процедурасы боюнча конкурс жарыялап, эгерде ага келген жок болсо, шарттарын жеңилдетип туруп дагы бир жолу өткөрдүк, дагы келбеген болсо, анда сатып алуучу мамлекеттик орган түз булактан барып туруп эле өзү сатып ала турган процедурасын ишке ашырып коёт. Түз сатып алууларда, айталы, бир мекемеге бут кийим же автоунаа сатып ала турган болсок, ошого белгиленген квалификациялык талаптар иштелип чыгат. Ал сатып алуучу мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет, ал кайсы өндүрүүчүгө туура келсе, ошол өндүрүүчүдөн же атайын диллерден келишим түзүп түз сатып алганга мүмкүнчүлүк бар”.
Адатта ар бир бюджеттик мекемеде бир жылдык сатып алуу планы бекитилет. Эгерде жыл ичинде мекеменин мүмкүнчүлүктөрү же керектөөсү өзгөрүп кетсе, сатып алуу планына кандайдыр бир оңдоолорду киргизүү татаалдыгы келип чыккан. Календеров мындан улам жаңы мыйзамда “квалификациялоонун алдындагы жол-жоболор” деген кошумча процедура алынып салынганын белгиледи.
Мындан тышкары, аскердик техниканы жана курал-жарактарды тендерсиз алууга уруксат берген ченем камтылган. Баасы 50 миң сомдон ашпаган товарларды жана кызматтарды түз сатып алууга уруксат берилген.
Буга чейин мамлекеттик сатып алуу иштерин уюштурууда эки көйгөй көп кездешчү. Көпчүлүк учурда сатып алууга бөлүнгөн каражатты карасанатайлык менен атайын уурдап же кымырып алуу аракеттери катталчу. Андан тышкары, татаал бюрократиялык процедураларга чалынып, сатып алууларга каралган акчаны натуура пайдаланып алган учурлар да кездешчү. Календеров жаңы мыйзамда сатып алуу процедураларындагы татаалдыктар жоюлуп, жөндөн-жөн жоопкерчиликке тартылып калуу тобокелдиги азайганын айтат.
Эксперттик коомчулук сатып алуу процедураларын жөнөкөйлөтүү, тескерисинче, коррупциялык схемалардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүндүгүн болжоп жатышат.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамда коррупциянын жолун торогон өзгөрүүлөр аз экенин, бирок айрым коркунучтар пайда болгонун байкаган.
“Бул көбүнчө популисттик кадам. “Тендер аркылуу коррупция болуп жатат, ошондуктан тендерди жойдук” деп элдин оюн буруш үчүн жасалууда. Бирок мыйзамды тагыраак карасаң, маанилүү өзгөрүү деле болгон жок. Жөн гана “тендер” деген сөздү “сатып алуу” жана “сынак” деген сөздөргө алмаштыруу боюнча мыйзам экен. Менимче, бул баягы “Раим камалат!” дегендей эле куру сөз. Албетте, бул журналисттик иликтөөлөргө азырынча тоскоол болбойт. Бирок бир коркунуч бар, ушул мыйзамда мурун “мыйзамга өзөртүү киргизгенге мораторий” деген бир берене бар эле, бир жылда бир эле жолу өзгөртүү киргизгенге мүмкүнчүлүк бар болчу. Азыр ошону жойсо, бул мыйзамды каалагандай өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол бир аз коркунучтуу болуп жатат. Бизге эң чоң тоскоолдук мурунку мыйзам болду. Былтыр мамлекеттик ишканаларда тендерлер, сынактар, сатып алуулар жашыруун өтсүн деп мыйзам чыгарган. Ошол чоң тоскоол жаратты. Ошол эле “Кыргызтемиржолунда” эмне болуп атканын иликтей албай калдык. Коомчулук үчүн былтыркы мыйзам абдан чоң жоготуу болду деп эсептейм”.
“Мамлекетик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам 2022-жылы да өзгөртүлгөн. Анда мамлекеттин катышы бар акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканалар мыйзамдан өзүнчө чыгарылып, сатып алууларды өз алдынча жүргүзүү укугуна ээ болушкан. Иликтөөчүлөр ал ченемдин коркунучтуу экенин айтып чыгышкан. Дүйнөлүк банк быйыл ошол мыйзамга баалоо жүргүзүп, өкмөткө анын натыйжалуу болбогонун – коррупцияны жоюуга же сапаттуу товарларды сатып алууга жардам бербегенин белгилеген.
Күмөндүү активдерди легалдаштыруу процесси башталды
6-июнда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол коюлуп, 9-июндан баштап күчүнө кирген. Мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден тышкаркы жеке жактардын салык декларацияларын жок кылуу милдеттендирилген. Ошонун негизинде мамлекеттик салык кызматы 7-августка чейин жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык салык декларацияларын жок кылганы жатат.
Мыйзамда жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу кепилдиги каралган. Анын талаптарына ылайык, ишкердик жүргүзбөгөн, салык салынуучу кирешеси жок жарандардын, мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген жеке жактардын декларациялары жок кылынууга тийиш. Салык кызматы билдиргендей, учурда аларды жокко чыгаруу боюнча атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат.
Жаңы мыйзамдын нормалары 2023-жылдын 1-январына чейин пайда болгон активдерди – кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, акча каражаттарын легалдаштырууга багытталган. Мурун күмөндүү же мыйзамсыз жолдор менен табылып, өзүнө катталбай же ачыкка чыгарбай келген мүлктөрү бар болсо, баарын ачыкка чыгарып, 12 айдын ичинде ал активдерди өз ыктыяры менен декларациялашы зарыл. Ошол эле маалда, мыйзам талаптары инсандыкка жана жеке менчикке каршы жасалган кылмыштарга, ошондой эле улуттук, эл аралык издөөдөгү адамдардын тизмесиндегилер менен санкциялык тизмеде болгон адамдарга жайылтылбайт.
Ушул жумада Министрлер кабинети активдерди декларациялоонун бир барактан турган атайын формасын бекитти. Активдерди легалдаштыруу процессин уюштуруу иштери юстиция министрлигине жүктөлдү.
Маселен, кимдир бирөөнүн өзүнө катталбаган мүлкү болсо, ал киши мамлекеттик нотариалдык контораларга кайрылат. Нотариус кызматкери легалдаштыруу декларациясын толтуруп, “бул жаран легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты, өзүнүн мүлкүн легалдаштырды” деп каттоого алат. Бирок кандай мүлктөрүн легалдаштырганы так жазылбайт. Декларация бир гана нускада толтурулат жана ал жарандын өзүнүн колунда болот. Ошонун негизинде анын мүлктөрү легалдаштырылган болуп эсептелинет.
Алардын легалдаштырган активдери үчүн салык, бажы төлөмдөрү, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө каралган эмес. Мындан тышкары, аларга кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу боюнча мамлекеттик кепилдик берилет.
Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, активдерин легалдаштырган жактар бардык жоопкерчиликтен бошотулат. Бирок андан ары мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоого милдеттендирилет.
“Эгерде ал легалдаштыруу кампаниясынан өтсө, тийиштүү салыктарын төлөй баштаса, өзүнүн мүлкүнүн бардыгын өзүнө каттаса жана декларацияларын бере баштаса, анда ага эч кандай суроо жаралбайт. Эч кандай кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, “мурунку жылдары эмне үчүн декларация тапшырбай жүрдүң”, “эмнеге салыктарды төлөбөй жүрдүң” деген суроолор да жаралбайт. Нотариалдык конторалардын кызматкерлери легалдаштыруу кампаниясынан өткөн адамдардын атайын тизмесин сакташат. Бизде мамлекеттик органдарда өз ара маалыматтык тутум болот. Эгерде легалдаштырууга катышпай калса, бирок кандайдыр бир жагдай менен анын мүлкү бар экендиги аныкталып калса, башка мамлекеттик органдар аларды текшерүүгө алышы жана кылмыш жоопкерчилигине тартышы мүмкүн. Бирок салык кызматы бул жерде эң негизгиси салыктарын төлөтүүгө мажбурлайт, айып салат. Бул жерде биз салык мыйзамдарында каралган бардык чараларды көрөбүз”.
Салык кызматы буга чейин ар кандай себептер менен активдерин жаап-жашырып келгендер үчүн ачыкка чыгып, ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруу боюнча укуктук механизм түзүлүп жатканын белгилейт. Ачыкка чыккан мүлктөр менен кирешелер легалдуу экономикага жүгүртүүгө багытталат.
Легалдаштыруу декларациясына киргизилген кирешелер менен мүлктөрдүн жалпы баасы 100 млн сомго чейин болот. Андан ашса, декларант мамлекетке 1 млн сом декларациялык төлөм төгөт.
Эркин Сазыковдун айтымында, жарандар активдерин легалдаштыргандан кийин, аларга болгон бардык салыктык төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттүү болот. 2024-жылдан тартып 2023-жылдын жылдын жыйынтыгы боюнча декларацияны берүү милдети башталат. Мындайча айтканда, кийинки декларацияларында өзүнө катталган бардык мүлктөрдү көрсөтө баштайт. Декларациялардын формалары өзгөргөн жок.
Бул мыйзамдын кабыл алынышына Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү Дастан Бекешев акыр-аягына чейин каршы болуп келди. Ал мыйзамдын пайдасын көбүнчө бийлигинен пайдаланып мамлекеттик казынадан уурдаган чиновниктер көрөрүн айтат.
“Мүмкүн кээ бир бизнесмендерге жакшыдыр. Бирок ошол эле кезде терс жагы, мыйзамсыз байып кеткен чиновниктер ошону менен пайдаланат. Азыр “бул мыйзам боюнча ким легалдаштыруудан өтсө, алар келечекте бүт мүлкүн декларацияда көрсөтүшү керек болот, көрсөтпөсө анда бул мүлктү мыйзамсыз катары көрөбүз” деп айтып атышат. Ооба, мүмкүн кээ бир бизнесменге, дагы бир жолу айтайын, жакшыдыр. Бирок, ошол эле кезде мамлекеттик кызматта болгон киши, болгондо да саясий кызматта турган учурдан пайдаланып уурдап алган да. Биз көпчүлүк учурда тартиптүү жарандарды ойлобойбуз. Аларга жардам берели, алар мыйзамды сакташты, бузган жок деп ойлобойбуз да, “аларга кантип жакшылык кылсак” деп ууруларды ойлойбуз”.
Статистикалык маалыматтар жалпыланып жарыяланат
Улуттук статистика комитети май айынан тарта Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода статистикасынын деталдаштырылган маалыматын жарыялоону токтотту. Ага ылайык, статистикалык маалыматтар төрт орундуу коду менен жалпылаштырылган түрдө гана жарыяланат.
Кыргызстан буга чейин экспорттук жана импорттук статистикасында товардык номенклатура же товардын түрлөрүн эки түрдө жазып, аны төрт жана деталдаштырылган он орундуу коддор менен белгилечү. Бирок июнь айынан кийин жарыялаган маалыматтарда төрт орундуу код гана колдонулуп, товардын түрлөрү эмес, жалпы категориясы гана калды.
Улуттук статистика комитети өз чечимин маалымат берүүнү ыкчамдатуу аракети жана товардык номенклатуранын он орундуу белгисине суроо-талап азайганы менен түшүндүрдү.
“Тышкы жана өз ара соода боюнча статистикалык расмий маалыматты ыкчам берүү жана мөөнөтүн кыскартуу максатында ушул жылдын май айынан тарта “Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы” айлык бюллетенинин түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, ушул статистикалык маалыматты ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин товардык номенклатурасынын төрт сандуу деңгээлинде таркатуу чечими кабыл алынган. Бул статистикалык маалыматты колдонуучулар үчүн аны берүүнүн мөөнөтүн бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, товардык номенклатуранын 10 сандуу деңгээлиндеги деталдаштырылган көрсөткүчтөрүнө болгон суроо-талаптын жоктугу да ушундай чечимдин кабыл алынышына түрткү болду”.
Эл аралык OCCRP уюму (“Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө” борбору) “кыргыз бийлиги товар жүгүртүүдөгү статистикалык маалымат берүүнү өзгөртүү менен Орусияга жөнөтүлгөн санкциялык товарларды жашырып жатканын” жазып чыкты.
Иликтөөчүлөрдүн белгилешинче, эми экспорттун көрсөткүчтөрүн кылдат талдоо татаалдашып калгандыктан, "кара тизмеге" кирген товарды аныктоого болбойт.
Дастан Бекешев соңку эки жылда мамлекеттик сатып алууларда ачык-айкындуулук төмөндөп баратат деген пикирде. Мамлекеттик ишканалар менен акционердик коомдорду “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдан өзүнчө бөлүү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууда алгылыктуу натыйжа берген эмес. Бекешев маселе тендерде эмес, андагы ачык-айкындыктын жоктугунда экенин белгилейт.