Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Таразда Кыргызстандын эки жараны камакта жатат


Полиция Алматыдагы тополоң учурунда. Январь, 2022-жыл.
Полиция Алматыдагы тополоң учурунда. Январь, 2022-жыл.

10-февралда Кыргызстандын Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Казакстандын Тараз шаарында камакта жаткан кыргыз жарандарынан кабар алышты. Таразда эки кыргызстандык камакта экени белгилүү болду.

Колуна ок тийген Талгат

Кыргыз жараны Талгат Темиркан уулу коңшу Казакстандын Тараз шаарында убактылуу кармоочу жайда жатканына бир нече күн болду. Январдагы окуяларга катышкан деген шек менен аны казак полициясы кармап, кайра бошоткон. Бирок 28-январда Казакстандын Кылмыш кодексинин "жапырт тополоңго катышы бар" деген 272-беренеси менен кайра камакка алынган.

10-февралда Кыргызстандын Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Тараз шаарына барып, Казакстандын Адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен жолукту. Камакта жаткан кыргыз жарандарын кирип көрүп чыгышты.

Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбековдун айтымында, Талгат Темиркан уулунун адвокаты бар жана анын тополоңго тиешеси жоктугу боюнча далилдер табылган.

"Бул жигит окуя болгон жерде капыстан эле болуп калып, ок тийгени тууралуу маалымат алдык. 5-январдан 6-январга караган түнү колуна ок тийиптир. Ооруканада дарыланып, 14-январда үйүнө чыгып бара жаткан жеринен полиция кармап кетиптир. Ошол жерден ур-токмокко алышканын айтты. Андан кийин коменданттык сааттын эрежесин бузганы үчүн дагы беш сутка камалган. Акыркы ирет Талгатты 28-январда "жапырт тополоңго катышы бар" деген шек менен камашыптыр. Буга анын үйүнөн табылган ок себеп болгону айтылууда. Бирок, адвокат бул октордун Талгатка тиешеси жоктугу далилденгенин билдирди".

Азарбеков тергөөнүн жүрүшүндө Темиркан уулунун үйүнөн чыккан ок-дарыларда анын бармак изи жок экенин айтты. Ушундан улам Кыргызстандын укук коргоочулары Казакстандын прокуратура органдарына, Адам укугун коргоо боюнча өкүлүнө аны актап, бошотууну талап кылган кайрылуу беришкенин "Азаттыкка" билдирди.

Таразда камалгандардын Январь окуяларына тиешеси жок

Темиркан уулу Тараз шаарындагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турса, дагы бир кыргызстандык Руслан Иманкулов абакта. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев ал тууралуу мындай маалымат берди.

"Биринчи кармалган Руслан Иманкуловдун быйыл январь айында Казакстанда болгон жапырт тополоңго тиешеси жок. Былтыр чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. Азыркы тапта бир жараныбыз ушул январдагы окуяларга катышы бар деген шек менен кармалып жатат. Бул эки жараныбыздын баш коргоо чарасын өзгөртүү, адилет териштирүү жүргүзүү маселесин ушул жумада Казакстандын башкы прокурору менен жолугушууда көтөрөлү деп жатабыз. Тергөө иштерин дал ушул жолугушууда сүйлөшүп, андан ары алардын укугун коргоого байланыштуу иш-аракеттерди Ички иштер министрлиги менен чогуу аткарабыз", - деди элчи.

Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков Руслан Иманкуловду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча тийиштүү тараптар менен сүйлөшүү башталганын кабарлады.

10-февралда кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студент Сыймык Өмүрбек уулунун маселеси парламентте кайра көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бул боюнча бир ай мурда протоколдук тапшырма берилгенин, азыркыга чейин жыйынтык болбой жатканын эске салды:

“Бүгүн да протоколдук тапшырма берели. Ошол инибизди ата-энесинин колуна кайтарып, мамлекеттик деңгээлде чечип берсек болот эле”.

22 жаштагы Өмүрбек уулу 10-январда кармалган. Апасы Чынара Тамаева окуя Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган.

Кыйноого кабылган кыргызстандыктар

9-февралда Омбудсмендин жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолуккан.

Жолугушууда Ауганбаев Алматыда кармалып, кийин мекенине коё берилген Кыргызстандын жарандары Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтты. Рузахунов менен Сыдыков Январь окуяларына катышы бар деп кармалып, кыйноого кабылган. Алар Кыргызстанга кайтып келгенден бери дарыланууда.

Музыкант Рузахунов 10-февралда "Инстаграмдагы" баракчасына Казакстанда кармалган учурда кыйноого алынып, кабыргалары сынганын, видеодон айткан кайрылуусун күч менен жаттатып мажбурлашканын жазып чыкты.

"Жүздөгөн бейкүнөө кармалган адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттатып, камерага айттырган адамга ыраазычылык билдирем. Дарыгерлердин айтымында, сынган кабыргаларым сол жак өпкөмдү жабыркатыптыр. Дагы эки жолу чапса жүрөккө тиймек экен... Мунун баары Казакстандын күч түзүмдөрү бир да жолу биздин ким экенибизди текшерип койбогондон улам болду. Болбосо сурак учурунда мен белгилүү музыкант экенимди айтып, атымды тек гана интернеттен издеп көргүлө десем да угушпай, тилдеп, шылдыңдашты", - деп жазды ал.


Ал арада казак мажилисинде Январь окуялары учурунда кармалгандарды кыйноого алууга байланыштуу маселе көтөрүлдү. Казакстандын прокуратура органдарына "тергөөдө уруксат берилбеген ыкмаларды пайдалануу" тууралуу 250 арыз түшкөнүн башкы прокурордун орун басары Асет Шындалиев 9-февралда парламентте билдирген.

Казакстандагы Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча эл аралык бюронун директору, укук коргоочу Евгений Жовтис казакстандыктардын өзүнөн мыйзамсыз кармоолор боюнча арыздар көбөйүп жатканын, бирок аларга чет элдиктер азырынча кайрыла электигин маалымдады.

"Жүздөгөн же миңдеген чет элдиктер башаламандык учурунда кармалды деп айтсак чекилик болот. Чындыгында коңшу Тажикстан, Өзбекстан же Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу бизде так маалымат жок. Менин божомолумда ондогон чет элдик атуулдар кармалган болушу мүмкүн. Алардын өз адвокаттары болгондуктан, тополоңго канчалык тиешеси бар, кандай шартта кармалды, жабык жайларда укугу бузулуп жатабы же жокпу деген суроолорго биз жооп бере албайбыз. Себеби, алар Казакстандагы адам укугун коргогон уюмдарга кайрылышкан жок".

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин кыйноо учурларын териштирүүгө, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууга, активисттердин укуктарын сактоого, Январь окуяларын, анын ичинде полициянын ок чыгаруусун иликтөөгө эл аралык эксперттерди катыштырууга чакырган.

Казак бийлиги январдагы окуяларда ашыкча күч колдонулган болушу мүмкүн экенин моюнуна алып, кыйноолор жана негизсиз кармалгандар тууралуу фактыларды иликтөөгө даяр экенин билдирген.

3-февралда Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, "Казакстан негизсиз кармалгандар, кыйноого кабылгандар жана ашыкча күч колдонуу боюнча окуяларды айыптайт" деп жазылган. Арыздардын баарын тергөө органдары иликтеп жатканы белгиленет.

Ага чейин президент Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларын эл аралык деңгээлде иликтөө тууралуу талаптарга көнгөн эмес.

Январь окуяларынан кийин Токаев алгач ирет 29-январда улуттук "Хабар" агенттигине маек куруп, акыркы кандуу окуяларды "согушкерлердин кол салуусу" деп баалап, казак мамлекети аны өзү териштирип, иликтей алгыдай абалда экенине токтолгон.

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

"Эл аралык деңгээлде иликтөө талабына келсек, андайдын зарылчылыгы жок деп ойлойм. Өзүбүз эле изилдейбиз, бизде да чынчыл, бейтарап иликтөөчүлөр бар", - деди.

Токаев өлкөдөгү башаламандыктарга "бандиттер менен террорчуларды" күнөөлөп келет. Бирок буга байланыштуу кандайдыр бир далилдерди келтире элек.

Январдагы башаламандык кан төгүү менен коштолуп, расмий маалыматтарда 227 киши каза тапканы айтылып жүрөт. Бирок укук коргоочулар каза болгондор мындан көп экенин билдирип келишет.

Коңшу өлкөдөгү Январь окуяларында ал жакта иштеп жүргөн эки кыргыз жараны - Бактыяр Базарбаев менен Азис Мусаевдин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG