1969-жылы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы малчылар менен жетим-жесирлердин балдары окуган жатак мектепте өрт чыгып, анын кесепетинен 39 бала күйүп кеткен. Кайгылуу окуяны эскерген иш-чара аймакта 4-февралда өттү.
Таластын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Киров интернатында болгон каргашалуу окуяны эскерүүгө жакындарын жоготкондор, окуяга күбө болгондор, жалпысынан 100дөй киши чогулду. Бул жерге чогулгандардын жүзүнөн 1969-жылдын кыш мезгилиндеги кырсыктын кара тагы өчө элек экени байкалып турду.
Алыскы аймактагы чабандар менен жетим-жесирлердин балдары окуган мектеп-интернатта мындан туура 50 жыл мурун өрт чыгып, тилсиз жоо 39 баланын өмүрүн алып кеткен. Өрткө туш болгон жүздөн ашык баланын кээси жанын өз алдынча куткарууга үлгүрсө, айрымдарын ошол күнү күзөттө турган эки тарбиячы сактап калган. Алардын бири Жайнакүл Сымырбаева окуяны мындайча эскерди:
- Ошол убакта жаңы эле 10-классты бүткөм, 18 жашта болчумун. Окууга өтпөй калып, эжем тарбиячы катары жумушка киргизип койгон. Биринчи класстын окуучуларына тарбиячы элем. Жалпысынан алты ай иштедим. Ошол күнү күзөттө элем. Өрттүн баарын көрдүм. Мага ал күндү эстеген сайын кыйын болот. Аяк-башы 20дан ашык кызды чыгардым. Андан кийин үчүнчү кабаттагы жетинчи класстын жети эркек баласын айнектен чыгардым. Кыздарды кийинтем деп жатып өзүмдүн бир тууган инимди куткара албай калбадымбы...
Аман калган окуучулардын арасында 62 жаштагы Ажыбек Айылчиев да болгон. Ал кездеги 5-класстын окуучусу тилсиз жоонун айынан бир тууган инисинен айрылган. Маектешим каргашалуу кырсыкты көз жашка муунуп эскерип жатты:
- 1969-жылдын 4-февралы жуманын экинчи күнү болчу. Өзүм адабиятка кызыгып жүрчүмүн, китепканада бир саат отуруп, эки китепти көтөрүп алып сыртка чыктым. Жатар убакта дааратканага баратсам 2-класста окуган иним мени жалдырап тиктеп туруптур. Көзү мончоктой тимеле. Мен: «Эмне болду, бир жериң ооруп турабы?» десем: «Жок байке, кете бериңиз» деп койду. Биз саат 10до укташыбыз керек эле. Ар ким өз бөлмөсүнө кетти. Ошондо «мейли иним, эртең жолугабыз» дебей кетип калыптырмын.
Айылчиевдин айтымында, түтүн болжол менен түнкү саат 12лерде каптай баштаган.
- «Өрт башталды» дегенде мен иниме жүгүрдүм. Эшикти ачканда эле кара түтүн каптап, кире албай койдук. Мен жыгылып калдым. Дем ала албай калгандыктан үчүнчү кабаттын айнегине чыга салып отурдум. Бир маалда күп деп кулап түшкөнүмдү билем. Бир убакта карасам көп адамдар мени шейшепке салып сыртта көтөрүп бараткан экен. «Чыныбек калды, Чыны калды!» деп кыйкыра бердим. Калганын билбейм.
Ошентип Чыныбек Айылчиев менен кошо дагы 38 бала бир заматта күлгө айланган. 1959-жылы ачылган мектеп-интернат сегиз жылдык билим берчү. Бир класста 20нын тегерегинде, жалпысынан 200дөй бала тарбияланып жаткан.
Райондун борборунан үч чакырым жерде жайгашкан Киров интернатынын үч кабаттуу жатаканасы бир сааттын ичинде толугу менен күйүп кеткен. Бирок кырсыктын себеби эмгиче так аныкталган эмес. Каргашага байланыштуу түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, аймактагы таанымал журналист Мүнүр Мамбеталиев түкшүмөл ойлорго түрткөн жагдайлар көп болгонун белгиледи:
- «Атайылап өрттөндү» деген да имиш болгон. Бирок жыйынтык чыкпай калган. Мектептин директору Абилдаев менен интернаттын күзөтчүсү түрмөгө кесилген. Өрткө эмне себеп болгонун ушул кезге чейин эч ким билбейт. Шылтоолор көп болгон. Текшерилип жатты, бирок жыйынтыгы чыкпай калган.
Каргашалуу окуяга быйыл 50 жыл болду. Бул өрт Кыргызстандын тарыхындагы 39 бейкүнөө баланын өмүрүн алган эң каргашалуу кырсык катары катталып калды.
Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров окуядан аман калгандардын демилгеси менен өткөрүлгөн «Интернат 1969» аттуу иш-чарада каза тапкандарга эстелик орнотуу жөнүндө чечим кабыл алынганын «Азаттыкка» билдирди. Эстелик үчүн жакын арада жер тилкеси бөлүнүп берилет.