Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Даңгара - Тажикстандын жаңы борбору болобу?


Даңгара Нооруз майрамы учурунда, 2010-жыл
Даңгара Нооруз майрамы учурунда, 2010-жыл

Тажикстандын түштүгүндө Даңгара деген чакан шаарча бар экенин көпчүлүк эл билбесе деле керек. Арийне, 20 миңдей киши жашаган бул жер өлкөнүн борбор калаасы болуп калышы ажеп эмес.

Мындай имиштерге жакында ал жерде ири эл аралык аэропорттун курула башташы жем таштады. Баса, сөз болгон Даңгара - президент Эмомали Рахмон туулуп өскөн жер.

Баш калаа Дүйшөмбүдөн 150 километрдей алыс жайгашкан Даңгара Куляб жана Хатлон аймактары кесилишкен жерде орун алган. Жакындан бери жаңы эл аралык аэропорт үчүн аянтчаны даярдоо үчүн шаарды кесип өткөн ири темир жолду башка жакка буруу иши кызый баштады. Мындан улам жергиликтүү тургундар арасында борбор калаа Даңгарага көчөт экен деген айың кеп тарады.

Даңгарада Нооруз майрамы
Даңгарада Нооруз майрамы
Анын үстүнө жакындан бери өкмөт 20 миңдей жашоочусу бар шаарчага инвестиция сала баштады. Атап айтканда, жолдор толугу менен түзөлүп-жаңыланып, чоң-чоң курулуштар күч алды.

Даңгаралыктардын айтымында, соңку 10 жылдан бери жакын жердеги айыл-кыштактарда жашаган үй-бүлөлөрдү шаарчага көчүрүү жараяны жүрүп жатат.

Даңгараны ордо калаага айлантуу долбоору жергиликтүү элди кубандырбай койбойт. Саид Акбар аттуу такси айдоочусу географиялык жактан алганда, тоолуу Дүйшөмбүгө караганда Даңгара борбор шаар үчүн ыңгайлуураак деп эсептейт: “Даңгара дөңсөлөрдө эмес, түз өрөөндө орун алган, калаанын өсүшү үчүн жетиштүү жер бар”.

Бирок шаардын расмий өкүлдөрү элдин бүйүрүн кызыткан суроого жооп берүүгө шашылбайт. Даңгаранын мэр орун басары Мухамедюсуф Шоев “Азаттыктын” кабарчысына бул маселе облус жана өлкө жетекчилигинин карамагында деп, “финансылык кыйынчылыктар бар, бирок алар чечилет. Качан болсо да бул жерге жаңы аэропорт салынат”, - деп чектелди.

Бир кездери президент алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборун жетектеп келген депутат Сухроб Шарипов борборду Дүйшөмбүдөн Даңгарага көчүрүү демилгесин колдоорун айтат.

Дүйшөмбү шаары
Дүйшөмбү шаары
Албетте мындай долбоорду жактырбаган же ага каршы болгондор да четинен жолугат. Алардын бири журналист Бурхон Сафари Даңгараны баш калаага айлантуу үчүн ири каражат зарыл болоорун белгилейт:

“Балким, географиялык жактан алганда, бул туура идея. Даңгара өлкөнүн чордонунда жайгашкан. Борбордун ошондой жерде орун алганы жакшы. Бирок Дүйшөмбү деле ыңгайлуу жерде турат. Анын үстүнө шаарда жаңы имараттар салынып жатат. Даңгарада ошондой инфраструктуранын пайда болушуна көзүм жетпейт. Ал жерде, жада калса, суу менен камсыздоо системасы жок”.

Башка аймактардын тургундары болсо ансыз да президент азыр деле кичи мекенине артыкчылык берип жатканын айтып, борборду ал жакка көчүрүү планын жердешчиликтин бир көрүнүшү катары баалашат.

Элди аралаган имиштер чын болуп чыкса, Тажикстан Казакстандын жолуна түшкөн болот. 1997-жылы Казакстандын борбору Алматыдан Астанага көчүрүлгөн. Тагыраак айтканда, Акмола шаарына көчүп, кийин анын аталышы Астана деп алмаштырылган. Ошондон бери катаң климаты менен өзгөчөлөнгөн түндүктөгү шаардын калкы дээрлик 3 эсеге өстү, чоң-чоң заманбап имараттар курулду.

XS
SM
MD
LG