Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Сирияда коопсуздук зоналары түзүлөт


Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 4-майда Астанада өттү.
Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 4-майда Астанада өттү.

Сирия боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасында ага ортомчулук кылган Орусия, Түркия, Иран 4-майда коопсуздук зоналарын түзүүгө чакырган меморандумга кол коюшту. Ал эми БУУ, АКШ Астанада кол коюлган меморандумга этият мамилесин билдиришти.

Астанада жетишилген макулдашуу боюнча быйыл 4-июнга карата коопсуздук зоналары Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрүндө түзүлүшү керек.

Меморандумда белгиленгендей, бул аймактарда ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынып, гуманитардык жардам тез жеткирилүүсүнө, качкындардын кайтуусуна шарт түзүлүүсү зарыл.

Казакстандын баш калаасы Астанада өткөн Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасына катышкан Улуттар уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура коопсуздук зоналары боюнча макулдашуунун кабыл алынышын көптү үмүттөндүргөн кадам катары баалады.

- Бүгүн биз Сириядагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган, көп нерседен үмүттөндүргөн, маанилүү жана туура кадамга күбө болдук деген ойдомун.

Меморандумда коопсуздук зоналарынын үстүнөн бардык учууларга тыюу салынары белгиленип турганы менен, Орусиянын сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү, дипломат Александр Лаврентьев 5-майда өткөргөн маалымат жыйында коопсуздук тилкелери АКШ учактары үчүн жабык болорун баса белгиледи.

Буга чейин АКШ менен Орусия Сирияда ар бири өз алдынча жүргүзүп келген аба соккулары пикир келишпестиктерди жараткан. Москванын демилгеси менен кол коюлган бул макулдашууга, дегеле сүйлөшүүлөргө Ирандын аралашуусуна Сириянын куралдуу оппозициясы каршы чыгышты. Атүгүл алардын айрым өкүлдөрү жыйындан чыгып да кетишти. Орусиянын сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Лаврентьев оппозициянын бул кадамы Сириядагы окуялардын өнүгүшүнө таасир тийгизбейт деп ишенет.

- Менимче, бул кадам алардын дипломатияда тажрыйбасы жана сабырдуулугу жок экенин көрсөттү. Биз Сирия оппозициясынын айрым өкүлдөрүнүн кыжырын келгенин сезип турабыз, бирок бир гана алардыкы эмес, Сириянын өкмөттүк делегациясынын да кыжырына тийген нерселер болду. Бул нерсе Сириядагы окуялардын мындан аркы өнүгүшүнө таасирин тийгизбейт деген ойдомун.

Кошмо Штаттар бул макулдашууга этияттык менен карашып, алар Сириядагы зомбулукту токтотууга чыныгы өбөлгө боло турган бардык аракеттерди колдошорун билдирди.

“АКШ Сирияда кыянатчылыктарды чындап басаңдатуучу, гуманитардык жардам тоскоолдуксуз келишине жол ачуучу, күчтү “Ислам мамлекети” жана башка террордук топторду жеңүүгө буруучу жана жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга шарт түзүүчү кандай гана аракет болбосун баарын колдойт" - деген Мамдепартаменттин билдирүүсү менен мекеменин маалымат катчысы Хизер Наут тааныштырды.

Ошону менен катар ал "Биз Астанадагы макулдашуу боюнча жана ага Ирандын катышып жатышына тынчсыздануу билдирип келебиз. Ирандын Сириядагы аракеттери зомбулукту күчөтүп, жардам берген жок",-деп кошумчалады.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш да Сирия боюнча меморандумду этияттык менен кабыл алды. Анын өкүлү Стефан Дуярик баш катчы Сириядагы кыянатчылыктарды басаңдатууну көздөгөн коопсуздук зоналарын түзүүнү кубаттарын, бирок анын жыйынтыгы сириялыктардын жашоосун жакшырта алар-албасы маанилүү деп санарын 4-майда билдирди.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасы ушул жылдын июль айына белгиленгенин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов айтты.

- 2017-жылдын июль айында биз Астанада жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрүүнү чечтик жана анын алдында, эки апта мурда Анкарада эксперттердин чогулушун өткөрөлү деп макулдаштык.

Сирияда 2011-жылдан бери уланып жаткан согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды. Куралдуу жаңжалда Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асадды, ал эми Түркия менен Кошмо Штаттар өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жаткан байистүү оппозиция топторун колдоп келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG