Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:58

Москва Сирияга дагы болушту


Сириянын Хан-Шейхун шаарына коюлган химиялык чабуулда газга ууланган наристе. 4-апрель, 2017-жыл.
Сириянын Хан-Шейхун шаарына коюлган химиялык чабуулда газга ууланган наристе. 4-апрель, 2017-жыл.

Орусия Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы химиялык чабуул боюнча иликтөөнүн узартылышына вето койду. АКШ сунуш кылган бул резолюция долбооруна ылайык, Сириядагы химиялык чабуулдарга ким жоопкер экенин аныктоонун үстүндө иштеп жаткан топтун мандаты узартылмак.

Ушуну менен Орусия Сирияда жарандык согуш тутанган 2011-жылдан бери Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бул өлкөгө байланыштуу резолюцияларына онунчу ирет вето койду.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Москванын бул кадамын Сириянын жетекчилигин ачык коргоо катары баалады.

- Орусия бул иликтөөгө бөгөт коюуга далай жолу аракет кылган. Бирок бүгүн ал катуу сокку урду. Орусия кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болгон “БУУнун биргелешкен иликтөө механизмин” өлтүрдү. Мунун менен Москва ким чабуул койгонун аныктоого багытталган аракетибизди жокко чыгарды. Орусия мындай чабуулдардын алдын алуу аракеттерибизге жолтоо болду.

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли.
АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли.

​Ошентип Сириядагы химиялык чабуулдарды ким уюштурганын аныктоого багытталган “БУУнун биргелешкен иликтөө механизми” аттуу топтун мандаты 16-ноябрда аяктады. Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя болсо "бул боюнча бардык жоопкерчилик АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн моюнунда" деп билдирди:

- Америкалык долбоор бир тараптуу, тең салмак сакталбаган долбоор болуп калган. Талкуу жүрүп жаткан маалда эч өзгөртүлбөй, үстүртөн эле алымча-кошумчалар киргизилди. Америкалык кесиптештерге жана алардын реалдуулуктан алыс долбоорун колдогондорго эскерте кетсек, бардык жоопкерчилик силердин моюнуңарда.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя.
Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя.

​Франциянын элчиси Франсуа Делатр Орусиянын ветосун "химиялык куралдардын колдонулушуна тыюу салуу боюнча эл аралык аракеттерге каршы сокку" деп атады.

Коопсуздук кеңешинде Москва да Сириядагы иликтөө механизмин кайра кароо боюнча өз резолюция долбоорун сунуш кылып, аны Казакстан, Боливия, Кытай гана колдоду.

Бул кайчы добуш берүүдөн кийин Жапония мындан аркы сүйлөшүүлөргө убакыт бериш үчүн иликтөө мөөнөтүн дагы бир айга узартып турууну караган резолюция долбоорун сунуш кылды.

Бул убактылуу чара качан добушка салынары азырынча белгисиз.

Иликтөөчүлөр тобу өз ишин эки жыл мурда баштап, бир нече баяндамасын чыгарган. Алардын жыйынтыгында Сирия өкмөтү 2014- 2015-жылдары кеминде эки чабуулда хлор газын, быйыл апрелде Хан- Шейхун шаарындагы чабуулда зарин газын колдонду деген бүтүмдөрүн чыгарган. Орусия бул жыйынтыктарды жана иликтөө жеринде жасалбаганын кескин сынга алып келген. Сирия өкмөтү болсо химиялык курал колдонгону тууралуу дооматтарды такай четке кагып келет.

2017-жылдын апрель айында Сириянын Хан-Шейхун шаарына химиялык чабуул коюлуп, 90го жакын адам ууланып өлгөн. Батыш буга Сирия өкмөтүн, аларга көмөк көрсөтөт деп Орусияны айыптоодо. Дамаск менен Москва айыптарды четке кагып, уулуу газ Сирия өкмөтү куралдуу оппозициянын кампасын бомбалаганда чыкканын айтышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG