Сириянын Тышкы иштер министрлиги бүгүн маалымдагандай, президент Башар Асад АКШ жана Орусия ортомчулук кылып жаткан макулдашууну кабыл алды. Бирок, эгер куралдуу топтор ок атышуу токтотулган мезгилди өз турумдарын чыңдоо үчүн пайдалана турган болсо, Дамасктагы режим элдешүү жараяны бузулду деп эсептейт.
Сириянын байистүү оппозициячыл топторунун негизгилери болсо эки күндөн бери Саудиянын борбору Эр-Риядда сүйлөшүү өткөрүп жаткан жеринен эл аралык аракеттерге оң жооп берүүнү макулдашканын айтышты.
Бирок оппозициячыл топтордун башын кошкон Жогорку сүйлөшүү комитети алар “ок атышууну шарт менен колдоп жатканын, бул өкмөттүк күчтөрдүн камалоолору алынып, жайкын тургундарга кол салуу токтотулуп, камактагылар бошотулуп, муктаждарга гуманитардык жардам жеткирилүүсү менен коштолуусу зарылдыгын белгиледи.
Обама менен Путиндин сүйлөшүүсү
Мунун алдында АКШ менен Орусиянын биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай, аскерий аракеттердин токтошу Сирия жаңжалынын макулдашылган келишимге берилгендигин билдирген жана анын шарттарын кабыл алган тараптарына гана тиешелүү болот.
Бирок бул эреже “Ислам мамлекети”, “ан-Нусра” тобу жана БУУнун Коопсуздук кеңеши террористтик деп тааныган башка уюмдарга карата жайылтылбайт. Башкача айтканда, аларга каршы соккулар буга чейинки эле калыбында улана берет.
Вашингтон менен Москванын планы президенттер Барак Обама менен Владимир Путиндин 22-февралдагы телефон сүйлөшүүсүндө талкууланды:
- Сүйлөшүү демилгеси Орусия тараптан чыкты. Бирок кызыгуу эки тараптан тең болгону талашсыз. Орусия Дамаск, Сириянын легитимдүү жетекчилиги менен зарыл ишти жүргүзөт. Кошмо Штаттар да өздөрүнүн союздаштары, алар колдогон топтор менен ушул эле ишти жасайт деп ойлойбуз. Америкалык тарап менен биргелешкен аракеттер Сириядагы кризистик кырдаалды радикалдуу түрдө өзгөртөт деген ишенимдемин. Көп жылга созулган кан төгүүнү жана кыянатчылыкты токтотуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк жаралды,- деди Путин телефон сүйлөшүүсүнөн кийинки атайын билдирүүсүндө.
Ал кошумчалагандай, америкалык тарап менен макулдашылган планга ылайык, аскерий аракеттер 27-февраль, түн ортосунан тарта токтошу керек. Ал эми 26-февралдын күн ортосунда чейин Сирияда өз ара каршылашкан топтор Орусияга же АКШга ок атышууну токтотууга даярдыгын кабарлоосу зарыл.
Орусиялык жана америкалык аскерий өкүлдөр ошондой топтор жайгашкан аймактарды картадан биргелешип аныкташат. Аларга каршы Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жана АКШ баштаган коалициянын операциялары өткөрүлбөйт.
Татаалдыгына карабай, биргелешкен планды ишке ашырууга аракеттенерин Ак үй да ырастады.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, эгер ок атышууну токтотуу боюнча план ишке ашса жана сакталса, бул кыянатчылыктардын басаңдоосуна гана алып келбестен, камалоодо калган райондорго өтө зарыл гуманитардык жардамды жеткирүү ишин кеңейтет, ошондой эле өкмөттү алмаштыруу боюнча саясий өткөөл жараянга салым кошот.
- Касташуунун баарын токтотуу бул биринчи эле кадам. Экинчиси - Сирияга узактан бери бышып жетилген саясий өзгөрүүлөрдү алып келүү боюнча азыркы дипломатиялык талкууларда саясий кадамды илгерилетүү болушу керек, -деди Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жош Эрнест.
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун АКШ менен Орусиянын планын “үмүттүн узактан бери күтүлгөн ишарасы” деп атады жана тараптардын баарын аны аткарууга үндөдү.
Британ тышкы иштер министри Филип Хэммонд жарашуу жараяны Дамасктагы режим жана анын колдоочулары “жүрүм-турумун олуттуу түрдө өзгөртсө” гана жүрө аларына көңүл бурду.
"Сириялык жарандарга жана байистүү оппозициячыл топторго сокку урууларын токтотуу менен өзгөчө Орусия бул макулдашууну сакташы керек",- деди британ тышкы саясий мекемесинин жетекчиси.
Планды Түркиянын бийликтери да кубаттап, вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш “Орусиянын аскерий учактары бейкүнөө адамдарды өлтүрбөй турганына” ишеним билдирди.
АКШ менен Орусиянын соңку жарыясына чейин дүйнө державалары 12-февралда Сирияда ок атышууну бир апта ичинде токтотуу үстүндө иштөөнү макулдашкан. Бирок бул орундалган эмес.
Эки күн мурда эле Дамаск менен Хомстогу бомба жардыруулардан 140тан ашуун киши мерт болду.
Өзү 2011-жылдын мартынан берки куралдуу жаңжалдан 250 миңден ашуун сириялыктын өмүр кыйылды. 11 миллиондой адам жер которууга мажбур болуп, алардын 4 миллиону качкын катары четке чыгып кетти.