Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:40

Ракканы ИМ тобунан бошотууга камылга башталды


Ракка
Ракка

“Ислам мамлекети” террористтик тобуна каршы АКШ жетектеген коалиция Сириянын Ракка шаарын бошотуу боюнча операцияны баштоого даярданууда.

Мындай билдирүү коалицияга кирген өлкөлөрдүн Париждеги жыйынында жасалды. Бул аралыкта Ирактын өкмөттүк аскерлери жана жергиликтүү күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү коалициянын абадан колдоосу астында Мосул шаарына кирүү аракетин улантууда.

Ракка - Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Евфрат дарыясынын боюндагы шаар. Аны адегенде өзүн “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деп атаган топ 2013-жылы басып алган эле.

Ал эми 2014-жылдын жайынан бери шаар кийин атын кыскартып, өзгөрткөн “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы де-факто борбору деп саналат.

Эми аны да бошотуу боюнча операцияны баштоого даярдык көрүлүп жатканы “Ислам мамлекети” тобун Ирактагы де-факто борбору - Мосулдан сүрүү боюнча чабуулдун тогузунчу күнүнө тушташ айтылды:

- Биз өнөктөштөрүбүз менен Ракканы курчоону баштоого негиз түзүүгө кириштик. Бул жерде жолугуп жатканыбыз - биз муну жасай турган жергиликтүү күчтөрдү түзүүгө жардам беребиз. Бул “Ислам мамлекети” тобун Ирак менен Сирияда талкалоо боюнча планыбыздын башкы максаты. Коалициядагы мамлекеттердин стратегиялык принциби - ушул ишти аткара ала турган жергиликтүү күчтөрдү аныктап, анан аларга мүмкүнчүлүк берүү. Анткени, “Ислам мамлекети” тобунун биротоло жана бекем жеңилиши сырттан келгендер тарабынан ишке ашпайт, - деди АКШ коргоо министри Эштон Картер Парижден.

Эштон Картер.
Эштон Картер.

Бирок, ал Ракканы бошотуу боюнча операциянын башталышы тууралуу конкреттүү мөөнөттү айткан жок.

Эл аралык коалициянын курамында ИМ тобунун Сириядагы турумдарына абадан сокку уруп келген өлкөлөрдүн бири - Франциянын президенти Франсуа Олланд мурдараак эгер Мосул шаары бошотулса, андан качкан жихадчылар кайра Сирияга чогулушу мүмкүндүгүн билдирген эле.

Олланд кечээ Парижден сүйлөгөн кезинде белгилегендей, Раккага Мосулду алар замат эле көңүл буруу керек:

- Террорчулардын белгилүү бир бөлүгү Раккага барары анык. “Даиштин” акыркы (Ирактагы) таянычы бошотулса, чынында мына ушундай эле болот. Биз операциянын кийинки баскычтары үчүн чогуу иштөөбүздүн зарылчылыгы мына ушунда жатат. “Даиш” бардык жерде талкаланып, тамыры кыркылганына ынануубуз керек. Анткени, “Даиштин” турумунун ар бир чыңдалган учуру, биздин өзүбүздүн коопсуздукка, кызыкчылыкка коркунуч жаратат.

Франсуа Олланд.
Франсуа Олланд.

Талдоочулардын пикиринде, Сириянын Ракка шаарын бошотуу Ирактын Мосул шаарына багытталган операциядан айырмаланат.

Мисалы, Иракта бул ирет кургактан жасалган чабуулга өкмөттүк аскерлер менен Күрт автономиясынын Пешмерга күчтөрү бирге тартылууда.

Ал эми Сирияда АКШ баштаган коалицияга кургактан өзүлөрү колдогон байистүү оппозициянын куралдуу топторуна жана жергиликтүү күрт кошуундарына таянууга туура келет.

Бирок, аймакта кызыкчылыгы бар жана АКШ баштаган коалицияга кирген Түркия Сириядагы күрт кошуундарын террористтик уюшмалар деп санайт.

Ракканын жанындагы уруштар.
Ракканын жанындагы уруштар.

Анкаранын Сирия аймагында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин чек арадан тазалоо деген өзүнчө операциясы ал жердеги күрт кошуундарына сокку уруу катары да кабыл алынган:

- Түркия менен биз максаттарыбыздын шайкештигине ынануубуз керек. Себеби, “Даишти” жеңүүдөгү кызыкчылыктарыбыз окшош. Максаттарыбыз шайкеш келиш үчүн өз аракеттерибизди координациялообуз абзел. Биз жана Түркия үчүн маанилүү маселелерди жана жалпы максаттарыбызды иш жүзүнө ашыруу жолдорун Брюсселдеги жыйында талкуулайбыз, - деди француз коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан.

Брюсселде шаршемби күнү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн Коргоо министрлеринин жыйыны өтүп жатат.

Бул аралыкта ИМ тобун Ирактын Мосул шаарынан сүрүү боюнча операция уланууда. Бүгүн чабуул башталганынын онунчу күнү. Ирактын экинчи ири шаарын көздөй өкмөттүк аскерлер жана күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү шаардын түндүк, чыгыш жана түштүк тарабынан жылып бара жатышат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG