Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

"Чоң жетинин" экономикаcы Жапонияда талкууланууда


Саммитке катышып жаткан лидерлер. 26-май, 2016-жыл.
Саммитке катышып жаткан лидерлер. 26-май, 2016-жыл.

Жапонияда бүгүн "Чоң жетинин" саммити өтүүдө. Глобалдык экономиканын чыңдала албай жатышы саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелердин бири. Бул жогорку жыйында экономиканын абалы, аны өнүктүрүүнүн жолдору талкууланат.

Бир катар факторлордон, анын ичинде өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү төмөндөөлөрдөн, мунай баасынын арзандашынан, сооданын алсырашынан улам глобалдык экономикада азырынча арасаттык өкүм сүрүүдө.

Жапониянын Тынч океан жээгиндеги Исэ-Симе деген улуттук паркына жыйналган "Чоң жетинин" өлкөлөрү жалпы экономикасынын акчалай көлөмү 77 триллион доллардан ашкан дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 50% жакынын берет. Андыктан, глобалдык экономикадагы оң же терс жылыштар аларга тикелей көз каранды.

Эл аралык валюта кору өткөн айда саммитти утурлай жарыялаган баяндамасында "Чоң жетинин" өлкөлөрү белгилеген быйылкы жана келерки жылга экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөлүк божомолун мурдагыдан төмөндөттү.

Батыш Европаны, Кошмо Штаттарды, Жапонияны чогуу алганда бир жылдык экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрү 2010-жылдан бери эки пайыздык чекке жете албай келе жатат.

Мындан улам экономикага дем берүү чаралары саммиттин башкы темасы болуп жатканы бекеринен эмес. Бирок бул үчүн кандай чаралар иштелип чыгыш керектиги боюнча "Чоң жетиге" кирген өлкөлөр ортосунда пикир келишпестиктер бар.

Мисалы, саммиттин конок ээси Жапония экономиканы каржылык стимулдаштыруу жолу менен жылдырууну жактайт:

- Жапония фискалдык стимулдаштыруу зарыл деп чакырып жатат. Бирок Германия сындуу айрым өлкөлөр каршы чыккандыктан, мындай макулдашууга жетишери арсар, - деди токиолук көз карандысыз талдоочу Итсуо Тошима Рейтердин кабарчысына.

"Чоң жетинин" өлкөлөрү экономиканы акыркы жылдары Улуттук банктардын жардамы, башкача айтканда, кредиттердин үстөк пайызын төмөн кармоо аркылуу колдоп келатышат.

Азыр Эл аралык валюта кору аларга экономиканын абалын чыңдоо үчүн изилдөөлөргө жана өнүгүүгө, жолдордун, көпүрөлөрдүн, башка инфрастуруктуранын курулушуна инвестиция салуу, адамдарды иштөөгө шыктандырбаган салык мыйзамдарын кайра жазууну сунуш кылууда.

Британ референдуму

"Чоң жетинин" бул саммити анын бир мүчөсү Британия да Евробиримдикте калуу же андан чыгуу маселеси боюнча референдум өтөр алдына туш келүүдө.

Британ референдумунун жыйынтыгы да глобалдык экономикага оң же терс таасир бере алуучу чара катары каралып жатат:

- Жүргүзүлгөн экономикалык анализдердин басымдуу бөлүгү Евробиримдиктен кетүү үчүн добуш берүүнүн куну узак мөөнөттөн алганда, атүгүл бул белгисиздик чечилгенден кийин деле абдан кымбатка турарын көргөзүүдө. Ал эми кыска мөөнөттөн алганда да рыноктон буга терс реакция жасоо тобокелчилиги абдан чоң. Британиянын дүйнөдө каржылык абалын эске алганда, мунун кесепеттери абдан жогору болушу мүмкүн,- деп билдирди Эл аралык валюта корунун төрайымы Кристин Лагард жакында Лондондо өткөн жыйында.

Салыктан качууну бөгөө

"Чоң жетинин" саммитинде экономикага байланыштуу башка маселелер, мисалы, салыктан качууга бөгөт коё турган чаралар да талкууланганы жатат:

- "Чоң жети" валюталык стабилдүүлүктүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгиледи. Биз ошондой эле салыкты ачык-айкын кылуунун маанисин да ырастадык. Биз ошондой эле арам акчаны адалдоого катышкандар жана алардын банк эсептери боюна маалыматтардын ачык-айкындуулуугун көтөрүүчү чаралар боюнча талкууну улантууну макулдаштык, - деди Жапониянын каржы министри Таро Асо саммитке даярдыкка арналган жыйындан соң.

"Чоң жетиге" АКШ, Британия, Германия, Жапония, Италия, Канада, Франция мүчө. Мурда бул катарга Орусия да кошулуп, "Чоң сегиз" деп аталчу. Бирок Крым аннексиясынан кийин Орусия катардан чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG