Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:05

Судандын 30 жыл башкарган президенти кетти


Судандын борбору Хартумдагы нааразылык акциясынын катышуучулары. 11-апрель, 2019-жыл.
Судандын борбору Хартумдагы нааразылык акциясынын катышуучулары. 11-апрель, 2019-жыл.

Суданда президент Омар ал-Башир кызматтан кетип, бийликке аскердик кеңештин келиши талкууланып жатканы кабарланды. Президент кандай негизде бийликтен кеткени азырынча белгисиз.

Судандын борбору Хартумда 11-апрелде миңдеген кишилер көчөгө чыгып, президент Омар ал-Баширге каршы чакырык таштап, ыр-бий менен анын кызматтан кетишин майрамдашты.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин алдында алты күндөн бери акция өткөрүп жаткандар «Биз уттук, ал жеңилди!», «Жеңиш биз тарапта!» деп кыйкырып жатышты.

Элдин мындай маанайынын алдында Судандын Түндүк Дарфур аймагынын өндүрүш жана экономикалык ресурстар министри Адел Махжуб Хуссейн Дубайдагы «Ал-Хадат» каналына ушу тушта убактылуу бийлик мамлекеттик башкаруунун жол-жоболорун кеңешип жатканын айткан. Анын маалыматына караганда, негизинен бийлике аскердик кеңештин келиши тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Судандагы булактар бул маалыматты ырастап, бийликтен четтеген Башир президенттик резиденцияда катуу кайтарууда экенин билдиришти.

Армиянын жетекчилиги Хартумдагы маанилүү объектилерге аскерлер жайгаштырылганын жакын арада жарыялай турганын Судандын мамлекеттик телеканалы бейшембиде кабарлады.

«Судан телеберүүсүнүн көрүүчүлөрү, куралдуу күчтөр жакын арада маанилүү билдирүү жасашат. Экрандан алыстабагыла. Көрүүчүлөр, армия маанилүү билдирүү жасайт», - деп айтылды мамлекеттик телеканалдын маалыматында.

Бул кабардан улам өлкөдө бийликти армия жетекчилиги колго алганы кабарланууда.

«Ал-Арабия» телекомпаниясы Башир кызматтан кеткенден кийин анын бир нече санаалашы, жетекчилер камакка алынганын билдирди. Бирок бул маалыматтын чын-төгүнү бышыктала элек.

1989-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке келген президент Омар ал-Баширге каршы демонстрациялар былтыр декабрда башталган. Алгач ага өлкөдө азык-түлүктүн кымбатташы, накталай акчанын жетишсиздиги түрткү болуп, кийинчерээк президенттик башкарууга каршы ураандар чакырылып, демонстранттар анын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Каршылык акциялары акыркы алты күндөн бери Хартумда Коргоо министрлигинин алдында өтүп жаткан.

Дүйшөмбүдө миңдеген митингчилерди таратуу учурунда кагылыш чыгып, бир нече киши, анын ичинде жоокерлер өлгөнү кабарланды.

Эл аралык кылмыш соту Баширдин өзүнө Дарфур аймагындагы кыргынга байланыштуу издөө жарыялаган. Ал коюлган кинени моюнга алган эмес.

Буга чейин «орусиялык жалданма аскерлер Суданда бийликке каршы нааразылык акцияларын басууга катышат» деген маалыматтар чыгып, аны Кремль четке каккан. Ошол эле кезде Москва өлкөдө орусиялык жалданма аскерлер бар экенин ырастаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG