Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн шайлоодон кийинки саясий абал тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Субаналиев менен маектештик.
Анын пикиринде, элдин ишенимин кайтаруу үчүн бийлик адилет чечимдерди чыгарып, күч колдонуудан, саясий оюндардан оолак болушу керек.
- Өмүрбек мырза, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын бир бөлүгү, талапкерлер "шайлоо жыйынтыгына ишеним кетти, кайра шайлоо өтүшү керек", "БШК, Министрлер кабинети, отставкага кетиши, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек" деген өңдүү талаптарды коюп жатышат. Бул талаптар канчалык жүйөлүү?
- Азыр эң чоң саясий окуя ушул болуп турат. Элдин бардыгы эмне болот, кандай бүтөт деп көз салууда. Аткаминерлер ар башка жооп берип, элди чаташтырышты. Бул шайлоого катышкан саясий партияларга өздөрүнүн, шайлоочуларынын укуктарын коргоп чыкканга шылтоо болуп калды. Эл түшүнбөй калды. Ошон үчүн азыр алар дагы, бийлик дагы оюндагысын бербей жатат.
-Кандай чечилиши керек?
-Адилеттүү, мыйзам чегинде чечмейинче жагдай жакшы жагына бурулбайт. Анткени, эл саясатташкан бизде. Кээ бир талаптарды аткарып, сотко байланышкан маселелерди тез чечиш керек. Шайлоочулардын болгону 33% пайызы болсо, эмнеге жыйынтыкты ылдам чыгарбай жатат? Буга адилет жообун бериш керек. Анан, БШКнын отставкасы деген өңдүү талаптарды коюп атышпайбы. БШК азыр шайлоону аягына чыгармайынча кете албайт да. Бирок, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек.
-Мисалы, БШК механикалык ката кетти деп, аргументтерин келтирип жатат. Сизди ишендирип жатабы?
-Көп катмар буга ишенбейт. Себеби буга чейин эле БШКга ишенбей келишкен. Чын эле отставкага кетмейинче ишеним болбойт. Бирок, качан кетет, ал башка маселе.
- Кайра шайлоого же кайра добуш берүүгө негиз барбы?
- Өткөн жылкы шайлоого биз да катышып, утушка жеткенбиз. Бирок, эл чыкканда юрдикалык жактан эч нерсе түшүндүрбөй эле шайлоону жокко чыгарып койгон. Ал саясий чечим болгон. Бүгүн дагы булар юридикалык чечимди чыгарбай, созуп атышат. Техникалык катабы же андай эмеспи, кырдаалды курчутуп койгону үчүн булар жооп бериши керек.
- Ошол эле учурда БШК менен саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бейөкмөт уюмдар уюштурган жыйында саясий диалог маселеси да көтөрүлдү. Саясий диалог зарылбы бүгүн?
- Негизи саясий диалог аркылуу чечсе жакшы болмок. Себеби, бул кырдаал жазга чейин барып калса, андан да оорлошуп кетет. Ошон үчүн тезирээк чечиш керек. Анткени, партиялар эле эмес, бир мандаттуу округдагылар да соттошуп жатпайбы. Массалык башаламандыкка да кетип калышы ыктымал.
-“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Бул факт азыркы кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?
- Бул жаман көрүнүш. Анткени, кандай болгон учурда да Текебаев саясатчы. Тез аранын ичинде элге чоо-жайын түшүндүрүш керек. Анткени, бул үчүнчү тараптын чагымы болуп калышы ыктымал. “Текебаевге бийлик кол салды” деп, кырдаалды курчутуп коюшу ыктымал.
-Мындай кырдаалда президент кандай аракеттерди көрүшү керек?
- 2005, 2010, 2010-жылдардагы тажрыйба көрсөтүп келатат, президентке айланасындагылар туура эмес маалымат берет. Ал диалогго эмес, конфронтацияга алып келип коюп атпайбы. Ошон үчүн диалогду туу катары кармап, күч менен басабыз дегенден алыс болуш керек. Президент адилет, мыйзам жолунда болуп, тегерегиндеги өзүнө саясий упай топтогусу келген, партияларын күчөтөбүз деген саясий оюнчуларды укпай, эл тарапта болушу зарыл.