Айрым замандаштарыбыз “Кыргызстан” сөзүндөгү “-стан” компонентин жериген маанидеги пикирлерди жарыялап келишет. Бул саясий аталышты туюнтуп калган топоформант да бабалар мурасына жатат. Тарыхчынын блогу.
Эгемен Кыргызстанда көөнө жана жакынкы тарыхка карата жаңыча мамиле кылуу далаалаттары кээде аша чапкан пикирлер менен дагы коштолууда.
“Кыргыз тилдүү түрк элдери” деген – өзүн-өзү алдоо
Маселен, түрк тилдүү элдердин ынтымагына кедерги тийгизгиси келген орусиялык бир жоромолчунун жарамсыз оюн ээрчип, бардык түрк элдерин “кыргыз тилдүү элдер” деп атай баштайлы, деген чакан топ да чыкты.
Иш жүзүндө “түрк тилдүү” деген илимий термин алтай тилдүү элдер тобунун ичиндеги түрк тилдүү калктарга карата илимде шарттуу кабыл алынган жана эчак дүйнөлүк этнографиялык жана башка илимдерде таасын орун-очок алган термин.
Айрымдар б.з. VI кылымда гана Түрк каганаты пайда болгон, ал эми кыргыздар – бул каганатты түзгөн түрктөргө караганда алда канча байыркы эл болуп саналат, деген жүйөө келтиришет.
Алар бир нерсени эстен чыгарышат: байыркы доордо, б.з.ч. I миң жылдыкта деле кыргыздар жалпы түрк тилдүү калктардын арасында салыштырма аз сандуу эл болушкан. Көөнө кыргыздардын тарыхый коңшуларынын арасында хун / хунну, усун / үйсүн, динлин / түрүк, каңгүй / каңглы жана башка этнонимдер менен аталышкан жана замандаш болгон байыркы элдер бар болчу.
Демек, кыргыздарды б.з.ч. 201-жылы каратып алган хун элин жана кыргыздарга тарыхый коңшу болгон усундарды кантип “кыргыз тилдүү” деп атай алабыз?
Алар өздөрүн “кыргыз” деп аташкан эмес жана алардын мамлекеттери байыркы кыргыз мамлекетинен алда канча кубаттуу болгон.
VI кылымдын экинчи жарымындагы Улуу Түрк каганаты да Энесай Кыргыз каганатынан өтө кубаттуу болгон. Айрым доорлордо Энесай Кыргыз каганаты Улуу Түрк каганатына жана Экинчи Чыгыш Түрк каганаты, Орхондогу Уйгур каганаты сыяктуу мамлекеттерге саясий жактан көз каранды да болуп келген.
Азыркы фолк-хисторичи “патриоттор”, маселен, Евразиянын бири-биринен алыс турган чөлкөмдөрүндө өз мамлекеттерин кыргыздардан таптакыр өз алдынча негиздеген хазар, булгар, печенек, огуз, карлук, уйгур сыяктуу калктарды кайсы жүйөөгө негизденип “байыркы кыргыздардан таркалган элдер болчу” деп санап, бул ойду жалпы түрк калктарына таңуулай алышат?
Арыдан бери болуп, түрк калктары жараткан жалпы тарыхка калыс кароого милдеттүүбүз.
Политонимдеги “-стан” сөзү тууралуу
Этносторго байланыштуу, б.а. этногеографиялык саясий аталыш (политоним) да тарыхый жактан кылдат таразалоону талап кылат.
Бул жагдай – “Кыргызстан” политоними менен да толук байланыштуу.
Албетте, “-стан” (“-stan”) куранды мүчөсү түрк тилдүү жана индоевропа элдери тарабынан бир нече кылымдардан бери топоним жана политоним жаратуу үчүн колдонулуп келгендиги мектеп окуучуларына деле дайын нерсе.
Ар кыл жер (чөлкөм) жана өлкө аталышын жаратууда колдонулган ушул сөз түпкүлүгү индоевропалык (анын ичинде ирандык) сөз экендиги да жашыруун эмес.
Бирок “-стан” (ستان) сөзү индоирандык тилдерде “өлкө”, “чөлкөм”, “жерге” маанисин бергендиги үчүн эле аны чоочун сөз катары бүгүн ойгоно калып жеришке болобу?
Бул сөз аймакты да чагылдырган. Маселен, “Кабулистан” сөзү менен Кабул шаары жана анын айланасындагы чөлкөм аталганы белгилүү.
“Түркстан” деген чөлкөм аталышы менен азыркы постосветтик Борбордук Азияга, ШУАРдын орчун бөлүгүнө жана Түндүк Ооганстанга кирген ири аймак аталган.
Түндүк Кавказдагы “Дагстан” (орусча “Дагестан”) сөзү мурда чөлкөмдү билдирип келсе, эми Орусия Федерациясындагы жумурияттын аталышын билдирет. Бул федерацияда “Татарстан”, “Башкортостан” сыяктуу башка да жумурияттар бар.
Кыргызстандын “Кыргыз Республикасы” аталышындагы “республика” (“жумурият”) сөзү деле эне тилибиз үчүн төл сөз эмес.
1990- жана 1991-жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасы” политониминин (саясий аталышынын) кыскача түрү катары “Кыргызстан” сөзүн сунуштаган чакта бул саясий аталыштын буга чейинки тарыхый мурас катары маңызын да ылгай билген.
Азыркы тапта “Ташкен(т)”, Самаркан(д)”, “Өзгөн” (Өз+кент) шаар аталыштарынын “-кент” деген бөлүгү байыркы согду тилинен калгандыгын бардыгыбыз билебиз. Бирок бүгүн эч ким бул “-кент” курама сөзүн, ошондой эле шаар маданияты менен байланыштуу “шаар” (иранча “шахр” – “شهر”) сөзүн четке кагып жаткан жери жок.
Көчмөн түрк маданиятында саясий чордон болгон жерди “ордо” сөзү менен белгилешчү, жөн гана шаарды “балык” деп аташчу. Азыркы тапта Ташкенди эч ким Таш-Ордо же Таш-Балык деп кайра атайлы деп чыккан жок (баса, анын байыркы аталыштарынын бири “Чач” болгон).
Тээ 1990-жылдардын ичинде Анкара шаарында илимий сапарда жүргөнүмдө бир түркиялык замандашым мага кайрылып: “Сиздер “-стан” сөзүн өлкө аталышынан жоготпойсуздарбы? Бул – иран сөзү да!” – деп айтып калды.
Мен ага өзүмдүн каршы пикиримди билдирдим жана анын өлкөсүнүн аталышын чечмеледим.
“...Маселен, “Түркийа” (түркчө “Türkiye”) өлкө аталышын карап көрөлү. Андагы “түрк” сөзүнөн кийинки уланган “-иййа” (ىية) мүчөсү анатолиялык түрк туугандардын огуз жана башка түрк этносторунун тилинен эмес, арап тилинен алынган. Ал дагы адабият, маданият, диният, уруят (“хуррият) сөздөрүндөгү “-иййа” мүчөсү сыяктуу эле арап тилинен кирген.
Ушул “Түркийе” сөзүндөгү “-ийе” (“-иййа”) бөлүгүн алып салыңыздар, анан бизге кеңеш бериңиздер”, – деп азилдеп жооп кайтарганым эсимде.
Ал замандашым ойлонуп калды. Албетте, азыркы апта эч ким “Түркийе” сөзүндөгү “-ийе” мүчөсүн жоюу менен алектенбейт. Ал түгүл түркиялык расмий чөйрөлөр англисче тексттерде дагы “Türkiye” деп жаза башташты.
Ал эми “Кыргызстан” деген бабаларыбыз тарабынан эчак кабылданып калган политонимдин маанисине келсек, ал – жалпы кыргыз улуту байырлаган кеңири тарыхый мейкиндиктин чакан гана бөлүгүн аңдатат.
Бүгүнкү Кыргызстандан тышкары кыргыздар Кытайдын тарыхый Манжурия аймагында (Хэйлуңжаң вилайетинде), Шинжаң Уйгур автоном районунда (ШУАР), Ооганстандын Памиринде, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан, Казакстан, Орусия, Түркия, ж.б. өлкөлөрдө байырлашат.
Ал эми КЭРдин ШУАР аймагында Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу быйыл өзүнүн 70 жылдык мааракесин белгиледи. Бул автономияга кирбеген башка аймактарда да мусулман кыргыз айылдары бар. ШУАРдын түндүгүндөгү Тарбагатайда бутпарас кыргыздар байырлашат.
Башка чөлкөмдөрдөгү кыргыз топторунан айырмаланып, Ала-Тоодогу кыргыздар бүт дүйнө тааныган “Кыргызстан” деген аталыштагы эгемен мамлекетти түптөп алдык. Бул – ири саясий утуш, саясий жетишкендик!
“Манас” эпосунда кыргыз ханынын “курама жыйып журт кылдым” деген осуят сөзүнүн дагы бир мааниси – азыркы кыргыздын канында 40 уруунун гана эмес, андан тышкаркы этностордун өкүлдөрүнүн каны да бар экендигин чагылдырганында.
Бүгүнкү Өзбекстандын тарыхка карата орчун саясаты – бул ири өлкөдөгү бардык байыркы жана орто кылымдардагы этностордун азыркы өзбек улутунун чыңдалышына кошкон салымдарын четке какпаганында.
“Кыргызстан” аталышындагы “-стан” сөзү да ошондой орошон жана бай этностук тарыхты эскертип турат.
Кыргыз улутунун акырындап тамыр жайышында түрк жана монгол этносторунан тышкары согдактардын (согду элинин Теңир-Тоодогу түрктөшкөн бөлүгүнүн) жана башка элдердин да салымы бар.
Эл аралык соода жана дыйканчылык менен алектенген согдактар, сарттар, келгин кытаң (XII кылымда Чыгыш Азиядан Батышка үрккөн кидан, б.а. кара кытай) элинин өкүлдөрү, айрым кытайлыктар (ханзулар) жана башка далай элдер кыргыздарга жуурулушкандыгын “Манас” эпосунан, кыргыз санжырасынан жана башка булактардан деле үйрөнө алабыз.
Хан Манас кытайлык Алмамбет менен дос болгону, ага кыргыздар жар алып бергени, Манастын өзү Бухара ханынын кызына үйлөнгөндүгү – булар ушул саптардын ээси ойлоп тапкан нерселер эмес, эпос аркылуу байыркы ата-бабаларыбыз улут тарыхынын татаал экендигине ишаара кылып мурастаган этнографиялык маалыматтар.
Ошондуктан “-стан” сөзүнө да тарыхый жер-суу аталышынын башка тилден эчак өздөштүрүлгөн (көптөгөн кылымдар илгери кыргыздаштырылган), демек, азыркы кыргыз тилине эчак энчиленип калган термин катары сабаттуу жана урпактык ызаат менен мамиле кылышыбыз абзел.
XX кылымдын башында, 1924–36-жылдары, көрөгөч бабаларыбыз дал ушул “-стан” сөзү аркылуу советтик Кыргыз мамлекетин түптөшкөн жана анын жок дегенде советтик Баш мыйзамдын алкагындагы шарттуу эгемендигин камсыз кылышкан.
Жусуп Абдыракманов атабыз 1928-жылы “Кыргызстан – Борбордук Азиянын Швейцариясы боло алат” деп кыялданган. Ал эми Швейцариянын башкы өзгөчөлүгү – бийик тоо өрөөндөрүндө көп этностун биримдигинен ширелген демократиялуу мамлекет экендигинде.
1970-жылдардын башында Кубанычбек Нурбеков атабыз Кыргызстан Советтер Биримдигинен чыгып кетүүгө акылуу, деп укукчу илимпоз катары кийинки саясий кадамыбызды негиздеп жазган.
Ал эми 1991-жылы 31-августта дал ушул “-стан” сөзүн да колдонуу аркылуу эгемен Кыргыз Республикасынын кыскача аталышы сунушталганын жогоруда учкай эскердик.
Ошентип, корутундуласак, “Кыргызстан” сөзүнүн өзү дагы бабаларыбыз калтырган таберик политонимдик сөзгө эчак айланган.
Биз Кыргызстандын эгемендигин чыңдоону политонимдеги айрым терминдик өзгөчөлүктөргө курулай асылуу аркылуу эмес, көз карандысыз демократиялуу жумуриятыбыздын саясий, социалдык-экономикалык, маданий, илимий жана руханий өрүшүнө жаран жана адис катары салым кошуу аркылуу камсыз кылышыбыз зарыл.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине