29-октябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерген “Аттарын кайтаруу” акциясы өттү.
“Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштурган иш-чара катаал доордун курмандыгы болуп, ысымдары тарых бетинен чийилип калган адамдарды кайра тактоону көздөйт.