Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Барселона: он үч өмүрдү кыйган чабуул


Барселонадагы чабуулдан кийинки көрүнүш
Барселонадагы чабуулдан кийинки көрүнүш

Испаниянын Барселона шаарында 13 адамдын өмүрүн алган чабуулга "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчиликти алды. Бейшембидеги чабуулдан көп өтпөй Барселонанын түштүк тарабындагы Камбрилс шаарында теракт жасоону пландады делген беш адам атып өлтүрүлдү.

Миллиондогон туристтердин чордонуна айланган Испаниянын Каталония аймагынын борборунда бүгүн кооптонуу өкүм сүрүп турат.

Бейшембиде шаардын так ортосундагы туристтер көп топтолгон Рамбла көчөсүндө катуу ылдамдыктагы фургон жол четиндеги жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп, анын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Андан 13 киши каза таап, 100дөн ашууну жараат алды.

Мерт болгондор 24 өлкөнүн жараны экени, алардын арасында Франция, Германиядан тарта Пакистан, Филиппинге чейинки өлкөлөрдүн атуулдары бары аныкталды. Расмий өкүлдөр жабыркагандардын арасында абалы оор адамдар да бар экенин, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдиришти.

"Барселонадагы" автоунаа чабуулуна "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Полиция бул окуяны террорчул акт деп мүнөздөп, башка чабуулдар да пландалганын билдирди.

Каталон борборундагы кол салууну айрым күбөлөр мындайча сүрөттөп беришти:

"Башаламандык пайда болду. Полиция бизге ресторандарды жабууну буюрду. Эл дүрбөлөңгө түшүп, террасадагы адамдарды коопсуз жерге алып бардык. Кандай кылышты да билбей калат экенсиң. Адамдар чындап коркуп жатышты".

"Эл коркуп, туш тарапка качып жатты. Алардын беттери канап жатканын көрдүм. Коркунучтуу болду".

Барселонадагы чабуулдан кийинки көрүнүш
Барселонадагы чабуулдан кийинки көрүнүш

Барселонадагы чабуулдан көп өтпөй полиция Каталония аймагында дагы бир террордук чабуулдун алдын алды. Камбрилс шаарында жардыргыч заттар менен теракт жасоону пландаган деген шек менен беш адам атып өлтүрүлдү. Бул топ унаасы менен адамдарды сүзүүгө аракет кылган. Андан алты жөн-жай тургун жана бир полиция кызматкери жараат алды. Полиция Камбрилстеги бул окуя Барселонадагы чабуулга байланыштуу экенин билдирди.

Шаршембинин кечинде Барселонадан түштүктү көздөй 200 чакырым алыстыктагы Альканар шаарындагы бир үйдө жарылуу болуп, андан бир киши мерт болгон. Барселонадагы чабуулдан кийин полиция ал күнү үйдөгүлөр жардыргыч зат даярдап жаткан деген бүтүмүн жарыялады.

Учурда Испанияда шектүүлөрдү издөө боюнча ири масштабдагы рейд жүрүп жатат. Барселонадагы окуя боюнча 18-августта полиция үчүнчү шектүүнү кармады. Ага чейин 17-августта эки адам колго түшкөн. Алардын бири Мароккодон, экинчиси Испаниянын Африкадагы анклавы Мелилладан келгени аныкталды. Бирок булардын арасында Барселонадагы фургондун айдоочусу бар же жок экени так айтыла элек.

Камбрилстеги түнкү операция
Камбрилстеги түнкү операция

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой соңку чагымчыл кол салууну "жихадчылардын чабуулу" деп атап, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

- Бүтүндөй Испания дүйнөнүн башка шаарларындай эле жихадчыл террорчулардын чабуулуна кабылган Барселонага тилектеш экенин билдиргим келет. Барселонага кандай таасири болсо, бүтүндөй Испания да ошону сезип турат.

Испаниянын Каталония аймагындагы чабуулдарды дүйнөнүн бир катар лидерлери кескин айыптап, террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү чакырыктарын айтып чыгышты. Алардын арасында немис канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, британ премьер-министри Тереза Мэй да бар.

- Соңку чабуул - 2004-жылы Мадриддеги жардыруудан кийинки испан жергесинде болгон эң кандуу теракт. Бул окуя радикал ислам террорчулугу эң чоң коркунуч экенин көрсөтөт. Буга "ИМ" тобу жоопкерчилик алды. Буга ким жооптуу болсо да АКШ өнөктөштөрү менен бирге жооптууларды таап, жазалайт, - деди АКШнын вице-президенти Майк Пенс.

Барселонадагы Рамбла көчөсү
Барселонадагы Рамбла көчөсү

Бир жыл мурда Франциянын Ницца шаарында жүк ташуучу унаа Бастилия күнүн белгилөөгө чогулган адамдарды тебелетип кетип, андан 86 киши каза тапкан. Андан бери мындай унаа чабуулдары Европанын бир катар аймактарына тарады.

2016-жылдын 19-декабрында Германиянын баш калаасы Берлинде жүк ташуучу унаа жаңы жылдык жармаңкеге чогулган элге сүзүп кирип, бул окуя 12 кишинин өмүрүн алган. Британ баш калаасы Лондондо быйыл март жана июнь айларында эки автоунаа чабуулу болуп, андан баш-аягы кеминде 13 адам жан берген.

9-августта Парижде дагы бир автоунаа аскерлердин тобун тебелетип, андан алты киши жабыркаган эле. Мындан тышкары Европанын аймагында соңку эки жылда бир катар куралдуу кол салуулар, жардыруулар болду.

Барселонадагы теракттан 13 адам өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG