Референдумду токтотуу аракети учурунда испан полициясы 1-октябрда шайлоо бекеттерине чогулган шайлоочулар менен кармашып, добушканалардан бюллетендерди тартып алганга чейин барды.
Автоном аймактын бийликтери шайлоочулар менен алардын жолун тороп-тоскон полиция күчтөрүнүн кагылыштарында жаракат алгандардын санын, жергиликтүү убакыт боюнча жекшемби күнү шайлоо бекеттери жабылышы керек болгон саат 20:00дөн кийин, 844 деп билдиришти.
Жергиликтүү El Periodico деген басылманын маалыматына караганда, Барселонанын борбордук бөлүгүндөгү кагылышуу учурунда полиция демонстранттарга каршы желим окторду да колдонгон.
- Испан өкмөтүнүн, полициясынын шайлоо үкөктөрүн, шайлоо бюллетендерин, шайлоо бекеттерин коргогон адамдарга каршы актоого болбой турган кыянатчылыктары Испаниянын тышкы кебете-кешпирин, шермендичиликти абдан жакшы сүрөттөп турат. Бул биздин эсибизде түбөлүккө калат, - деди Пучдемон 1-октябрда өзү добуш бергенден кийин кабарчыларга.
Испаниянын борбордук бийликтери референдум күнү жүздөгөн киши жаракат алганын ырастай элек. Ички иштер министрлигинин эсебинде, полициянын аракети менен 319 шайлоо бекети жабылды.
Каталон аймактык өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Жорди Турулдун ырастоосунда, 1-октябрдагы добуш берүү үчүн 2300дөй шайлоо бекетинин төрттөн үч бөлүгү ачылган.
Кагылыштарда 33 полиция офицери жарадар болуп, үч киши камакка алынган. Испан бийлиги күч түзүмдөрүнүн 1-октябрдагы аракетин толугу менен мыйзамдуу деп мүнөздөдү:
- Бул жерде референдум же буга окшогон нерсе болгон жок. Испан полициясы адилеттикти орнотуу боюнча буйрукту аткарды. Алар кесипкөйлүк менен аракеттенип, пропорционалдуу чара көрдү. Полициянын максаты адамдар эмес, шайлоо материалдары болду. Алар адам укуктарын жана эркиндиктерин ар убак коргойт, - деп белгиледи Мадриддеги басма сөз жыйынында премьер-министрдин орун басары Сорая Саэнсде Сантамариа.
Добуш берүүнү жеңилдетүү үчүн автономдук аймактын бийликтери шайлоочуларды бюллетенди үйлөрүнөн эле принтерден чыгарып, полиция тарабынан жабылбаган шайлоо бекеттердин кайсынысына болсун келип добуш берүүгө чакырышканга чейин барышты.
Анын алдында референдумдун жактоочулары полицияга тоскоолдук кылуу үчүн шайлоо бекеттери жайгашкан мектептерде балдары менен ойноп, ал жерлерде түнөп дагы чыгышкан.
Конституциялык кризис
1-октябрдагы референдум жана аны менен байланышкан окуялар Испаниядагы ондогон жылдар ичиндеги эң ири конституциялык жана саясий кризис катары каралып жатат.
Бул Каталониянын көз карандысыздык маселесинин күн тартибине биринчи эле ирет чыгышы эмес. Бирок азыркы референдум аймактык жана борбордук бийликтер ортосунда чыңалуу жана тирешүү жаратты.
Испан өкмөтү референдумду мыйзамсыз деп санагандыктан ага жол бербөөгө аракеттене турганын күн мурунтан эле билдирип, Каталония аймагына кошумча полиция күчтөрүн да алып келген эле.
Премьер -министр Мариана Ражой 1-октябрда Каталониядагы добуш берүүнүн жүрүшүн “демократиянын маңызын келекелөө”, “демократиялык коомго жана мыйзамга каршы стратегиянын бир көрүнүшү”деп баалады.
Референдумга Испаниянын Конституциялык соту дагы тыюу салган эле.
Жыйынтыгы сентябрдын башында жарыяланган сурамжылоолордун бири Каталония жашоочуларынын 41,1% көз карандысыздыкты жактарын, 49,9% буга каршы экенин көргөзгөн.
Анткен менен ал сурамжылоого тартылгандардын 70% референдум талаш маселени биротоло чечип, белгисиздикти жоюшун жакташкан.
Каталония бийликтери эгер референдум өтүп, анда “ооба” дегендер басымдуулук кылса, көз карандысыздыкты “48 саат ичинде жарыялоону” убада кылышкан.
Франция менен чектеш жана курамына Барселона шаары да кирген, өз салт-санаасы бар Каталония автономия макамы менен Испаниянын курамында 15-кылымдан бери турат. Аймакта азыр 7,5 миллион калк жашайт. Добуш берүүгө укуктуулардын саны 5,3 миллиондун тегерегинде.